Буйрутма китеби деген эмне жана ал кантип иштейт?

Буйрутма китеби деген эмне жана ал кантип иштейт?

Баштапкы
Жаңыртылган Jun 25, 2026
7m

Негизги жыйынтыктар

  • Буйрутма китептеринде сатып алуу жана сатуу боюнча учурдагы буйрутмалар(талап жана сунуштун баалары) көрсөтүлөт, бул рынокто ушул соода жубу боюнча сунуштун жана суроо-талаптын динамикасын көрүүгө мүмкүндүк берет.

  • Жогорку ликвиддүүлүгү бар базарларда буйрутма китептери дайыма жаңыртылат. Соода жасалганда тиешелүү буйрутма китептен алынып салынат, ошондуктан өтүнмө китеби рыноктун активдүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн динамикалык куралга айланат.

  • Буйрутма китептери потенциалдуу колдоо жана каршылык деңгээлдерин аныктоо үчүн, ошондой эле рыноктун тереңдигин талдоо үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Сатып алуу жана сатуу ордерлеринин топтолушу суроо-талап менен сунушту туура эмес түшүнүүгө алып келиши мүмкүн болгондуктан, базарды так талдоо үчүн буйрутма китептерин башка инструменттер менен бирге колдонуу керек.

  • Буйрутма китептеринде буйрутманын үч кеңири тараган түрү кездешет: базар буйрутмалары (мыкты жеткиликтүү баада тез арада аткаруу), чектөө буйрутмалары (көрсөтүлгөн баада гана аткаруу) жана стоп-буйрутмалары (баа чегине жеткенде сатып алууну же сатууну баштоо).

Binance Academy курстарынын баннери

Буйрутма китеби деген эмне?

Буйрутмалар китеби - акция, товар же криптовалюта сыяктуу белгилүү бир активди сатып алуу жана сатуу боюнча бардык учурдагы буйруктардын реалдуу убакыт режиминде жаңыртылуучу тизмеси. Ал сатып алуучулардын канча төлөөгө даяр экендигине (талап баасы) жана сатуучулардын канча сураганына (маалымат баасы) көз чаптырып, соодагерлерге базардагы суроо-талапты жана сунушту баалоого жардам берет. Буйрутма китептери борборлоштурулган биржаларда стандарттуу курал болуп саналат.

Буйрутма китеби кантип иштейт?

Ликвиддүүлүгү жогору базарларда буйрутма китептери реалдуу убакыт режиминде иштейт жана дайыма жаңыртылат. Жаңы сатып алуу же сатуу өтүнүчтөрү келип түшкөн сайын алар тизмеге кошулат. Соода-сатык жүргүзүлгөндө тиешелүү өтүнмөлөр буйртума китебинен өчүрүлөт. Негизинен, буйрутма китептери сатып алуучулар менен сатуучулар ортосундагы сүйлөшүүлөрдү чагылдыруучу ачык өтүнмөлөрдү көрсөтөт.

Эгер сиз сатып алуучу болсоңуз, сиздин буйрутмаңыз сиз төлөөгө даяр болгон максималдуу баага жараша кошулат. Эгер сиз сатуучу болсоңуз анда сиз кабыл алууга даяр болгон минималдуу баага ылайык кошулат.

Буйрутма китебинин негизги компоненттери

  • Сатып алуу буйрутмалары (сунуштар): Алар сатып алуучулардын канча төлөөгө даяр экендигин көрсөтөт. Адатта, алар тизмеленген сатып алуучунун сунуш баасынын төмөндөшүнүн тартибинде көрсөтүлөт.

  • Сатуу өтүнүчтөрү (сунуш баасы): Алар сатуучулардын өз активдери үчүн кандай баа алгысы келерин көрсөтөт.Алар тизмеленген эң төмөнкү баадан эң жогорку сатуучунун сунуш баасына чейин көрсөтүлгөн.

  • Баасы жана көлөмү: Ар бир буйрутма соодагер канча сумманы сатып алууну же сатууну каалаары жана баасы көрсөтүлөт.

  • Баалардын айырмасы: Бул эң жогорку суроо-талап баасы менен эң төмөнкү сунуштоо баасынын ортосундагы айырма, ошондой эле сатып алуу жана сатуу баасынын айырмасы. Кичине баалардын айырмасы адатта, рыноктун көбүрөөк ликвиддүү экендигин көрсөтөт.

  • Буйрутмаларды салыштыруу: Сатып алуу жана сатуу буйрутмалары дал келген учурда, шайкештирүү механизми сооданы ишке ашырат. Эгерде сатып алуучу сатуучу талап кылган бааны төлөөгө макул болсо же сатуучу сунушту кабыл алууга макул болсо, келишим түзүлгөн деп эсептелет.

Буйрутма китептерин көрүү: Тереңдиктин карталары

Көпчүлүк трейдерлер базардын тереңдигинин графиктерин колдонушат, алар буюрутма китептин визуалдык көргөзмөсү болуп саналат.Сүрөттө X огу боюнча баалардын деңгээлдери көрсөтүлөт, ал эми Y огу боюнча - ар бир баа боюнча сатып алуу жана сатуу буйрутмаларынын жалпы көлөмү.

Сиз эки сызык көрөсүз: бири сатып алуу сунуштары үчүн (сатып алуу буйруктары жашыл түстө көрсөтүлгөн) жана экинчиси сатуу сунуштары (сатуу буйруктары кызыл түстө белгиленген). Бул ийри сызыктарды талдоо менен, соодагерлер рыноктун кайсы багытта кыймылдашы мүмкүн экендиги жөнүндө түшүнүк ала алышат жана бааны белгилүү бир деңгээлден чыгууга тоскоолдук кыла турган "сатып алуу дубалдарын" же "сатуу дубалын" аныктай алышат.

Соодагерлер буйрутма китебин кантип колдонушат?

Буйрутмалар китеби ликвиддүүлүк жана базар тенденциялары жөнүндө түшүнүк бере алат. Колдонуунун кеңири тараган варианттарынын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • Колдоо жана каршылык деңгээлдерин аныктоо: Ири сатып алуу буйрутмалары (сатып алуу дубалы) белгилүү бир баада күчтүү колдоонун бар экендигин билдириши мүмкүн, ал эми ири сатуу буйрутмасы (сатуу дубалы), бул баада каршылыктын бар экендигин белгилеши мүмкүн.

  • Ликвиддүүлүктү талдоо: Көп сандаган тапшырмаларды камтыган кеңири буюрутма китептери сатып алууну же сатууну жеңилдетет, ошол эле учурда баанын өтө катуу өсүшүнө же төмөндөшүнө алып келбейт.

  • Базардын тереңдиги: Соодагерлер көбүнчө базардын жүрүшүн алдын алуу үчүн ар кандай бааларда аткарылышын күтүп жаткан буйрутмаларын санын талдоого алышат. Мисалы, кайсы бир баанын тегерегинде сатып алуу буйрутмаларынын топтолушу бул деңгээлдин колдоо катары иштешинин ыктымалдыгын жогорулатат.

Эскертүү: Буйрутмаларды жайгаштыруу жана өчүрүү оңой. Кээде "сатып алуу дубалдары" жана "сатуу дубалдары", суроо-талап менен сунушту туура эмес түшүнүү үчүн колдонулат. Соодагерлер буйрутмалар китебинин анализин башка техникалык көрсөткүчтөр жана шаймандар менен айкалыштырып, толукураак сүрөттү алуу максаттуу болушу мүмкүн.

Буйрутма китебиндеги буйрутмалардын түрлөрү

1. Базар буйрутмарлары: Бул буйрутмалар тез арада жеткиликтүү баада аткарылат. Мисалы, эгерде сатып алуучу базар буйрутмаларын берсе, анда ал буйрутма китептеги эң төмөнкү сатуучунун сунуш баасы менен салыштырылат.

2. Чектелген буйрутмалар: Чектелген буйрутма соодагерлерге алар сатып алууга же сатууга даяр болгон бааны көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буйрутма базар баасы соодагер тарабынан көрсөтүлгөн чектелген баага жеткенде гана аткарылат, бул аткаруу баасын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет, бирок бүтүм түзүлөрүнө кепилдик бербейт.

3. Стоп буйрутмалары: Булар активди сатып алуу же сатуу үчүн шарттуу ордерлер, алар анын баасы белгиленген деңгээлден жогору болгондо активдешет, бул базар же стоп-лимит буйрутмасынын аткарылышына алып келет. Стоп буйрутмалар көбүнчө баанын төмөндөшүнүн тобокелдигин башкаруу үчүн колдонулат.

Буйрутма китептери - финансы рынокторундагы суроо-талапты жана сунушту түшүнүү үчүн пайдалуу курал. Сиз акцияларды, товарларды же криптовалюталарды соодалайсызбы, буюртма китепти окуганды билүү сизге соода чечимдерин туура кабыл алууга жардам берет. Бирок, буйрутмалар тез арада түзүлүшү жана жок кылынышы мүмкүн болгондуктан, соодагерлер базар жөнүндө толук түшүнүк алуу үчүн буйрутмалар китебинин анализин башка техникалык көрсөткүчтөр менен айкалыштыруу сунушталат.

Binance'теги буйрутма китеби

Binance тиркемесинде буйрутмалар китеби соода кылуу графигинин астында жайгашкан жана төмөнкүдөй көрүнөт:

Binance колдонмосундагы буйрутма китеби

Binance сайтында сиз буйрутма китепчесин соода интерфейсинин сол же оң жагында таба аласыз (сол жагында - Спот соодасы жана Маржа; оң жагында - Фьючерстер үчүн). Ал төмөнкүдөй көрүнөт:

Binance веб-версиясындагы соода баракчасындагы

Көп берилүүчү суроолор

Криптовалюта соодасындагы буйрутма китеби деген эмне?

Криптовалюталык буйрутмалар китеби - бул биржадагы соода жуптары боюнча сатып алуу жана сатуу буйруктарынын реалдуу убакыт режиминде дайыма жаңыланып туруучу тизмеси. Анда суроо-талап баалары (сатып алуучулар канча төлөөгө даяр) жана сунуш баалары (соодагерлер канча алууну каалашат) көрсөтүлөт, бул трейдерлерге ликвиддүүлүктү жана баанын кыймылынын багытын баалоого жардам берет. Буйрутма китептери борборлоштурулган биржалардагы ордерлерди салыштыруу системаларынын негизги механизми болуп саналат.

Сатып алуу баасы менен сатуу баасынын айырмасы эмнеде?

Сунуш - бул сатып алуучунун актив үчүн төлөөгө даяр болгон максималдуу баасы. Суроо-талап - бул сатуучу макул болгон минималдуу баа. Бул эки баанын ортосундагы Сатып алуу жана сатуу баасынын айырмасын түзөт. Сурамдын баасы жана сунуштун баасы дал келгенде, соода түзүлөт.

Тереңдөө таблицасы деген эмне?

Базардын тереңдигинин графикасы буюрутма китептин визуалдык көргөзмөсү болуп саналат. Анда сатып алуу (жашыл түстө) жана сатуу (кызыл түстө), баанын деңгээлине жараша көрсөтүлөт. Графикада кескин секирүү түрүндө көрүнгөн буйруктардын чоң топтолуусу сатып алуунун "дубалын" же сатуунун "дубалын" көрсөтүшү мүмкүн, алар убактылуу колдоо же каршылык деңгээлдери катары иштеши мүмкүн.

Базар буйрутмасы менен чектелген буйрутмасынын айырмасы эмнеде?

Базар буйрутмасы буйрутмалар китебиндеги эң жакшы жеткиликтүү баада дароо аткарылат. Чектелген буйрутма гана актив сиз көрсөткөн баага жеткенде аткарылат. Базар буйрутмалары ылдамдыкты артык көрөт; чектүү буйрутмалар бааны көзөмөлдөөнү артык көрөт.

Буйрутма китептерин манипуляциялоого болобу?

Буйрутмалар китеби суроо-талап же сунуш жалган таасир калтыруу максатында ири сатып алуу же сатуу дубалдарын коюу сыяктуу тактикалар аркылуу убактылуу таасирленсе болот. Бул буйрутмалар каалаган баа кыймылы болгондо кээде тез эле жокко чыгарылат. Ошондуктан соодагерлерге буйрутмалар китебин талдоону башка техникалык куралдар менен айкалыштыруу сунушталат, аны жалгыз колдонбоого тийиш.

Кошумча адабияттар

Эскертуү: Маалымат маалыматтык жана/же билим берүү максатында гана жана эч кандай кепилдиктер же кепилдиктерге ээ эмес. Аны финансылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары карабоо керек, ошондой эле ал кандайдыр бир конкреттүү өнүмдү же кызматты сатып алууну сунуш кылуу үчүн арналган эмес. Консультация алуу үчүн тиешелүү кесиптик кеңешчилерге кайрылыңыз. Эгерде мазмун үчүнчү жак тарабынан берилген болсо, анда айтылган пикирлер ошол үчүнчү жактын көз карашы экенин жана ал сөзсүз түрдө Binance Academyдин көз карашын чагылдырбайт. Санариптик активдердин баасы өзгөрүлмө болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын наркы төмөндөп же өсүп кетиши мүмкүн жана сиз салган акчаны кайтарып албай калышыңыз мүмкүн. Сиз өз инвестициялык чечимдериңиз үчүн толугу менен жооптуусуз жана Binance Academy сиз тарткан кандайдыр бир жоготуулар үчүн жооп бербейт. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин Колдонуу шарттары, Коопсуздук эскертүүсү жанаBinance Academy шарттарынкараңыз.