Binance соода ботторуна багытталган көрсөтмөңүз

Binance соода ботторуна багытталган көрсөтмөңүз

Баштапкы
Жарыяланган Jul 26, 2024Жаңыртылган Sep 10, 2024
8m

Негизги жыйынтыктар

  • Binance соода боттору колдонуучулар соода кылууну автоматташтырууга жана оптималдаштырууга арналган ар түрдүү куралдарды жана стратегияларды сунуш кылат.

  • Боттор соода кылууну жеңилдетиши мүмкүн, бирок алар менен да тобокелчилик байланыштуу. Аларды колдонгонго чейин өнүмдөр кандай иштей турганын так билип алыңыз. Көрсөткүчтөрүңүздү байкап туруу жана мезгил‑мезгили менен түзөтүүлөрдү киргизүү абдан маанилүү.

  • Бул көрсөтмөдө спот тор соода, фьючерс тор соода, арбитраж, тең салмактуулугун кайра сактоо, Спот үчүн доллардын наркын ортолоо жана автоматтык инвестиция сыяктуу популярдуу Binance соода боттору тууралуу жалпы маалымат берилген. Ошондой эле көрсөткүчтөрүңүздү жогорулатуу жана тобокелчиликти азайтуу боюнча кээ бир кеңештер да камтылган.

Киришүү

Криптовалюта соода кылуунун көп учурларында татаал жана убакытты көп талап кылган процесс болушу мүмкүн; ал көбүнчө базардагы тенденцияларды үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, тез чечим чыгарууну талап кылат. Ушуга байланыштуу Binance соода боттору колдонуучуларга өз соода кылуу стратегияларын автоматташтыруу жана оптималдаштырууга арналган ар тараптуу куралдарды сунуштайт. Бул макала эң көп колдонулган Binance соода ботторуна тиешелүү өнүмдөрдун жалпы сүрөттөмөсүн берет.

Binance соода боттору деген эмне?

Binance соода боттору тууралуу Binance алмаштыруу платформасында соода кылуу автоматташтырылган программалар катары түшүнсө болот. Бул боттор колдонуучулардын атынан алдын ала аныкталган ченөлчөмдөргө жана стратегияларга ылайык соода кылууну аткара алышат. Соода ботун колдонуунун негизги артыкчылыгы – ал 24/7 иштей алат жана кол менен мониторинг жүргүзүү менен кийлигишүүгө муктаждык да жок болуп калат.

Binance соода ботторунун артыкчылыктары

Binance соода боттору менен колдонуучулар төмөнкүлөрдү жасай алышат:

  • Соода кылуу стратегияларын автоматташтыруу.

  • Соода кылууну ыкчам жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу.

  • Базардын мүмкүнчүлүктөрүн 24/7 пайдалануу артыкчылыгы.

  • Эмоцияналдуу чечимдерди азайтуу.

Binance соода ботторуна кантип кирсе болот Соода боттору

1. Binance эсебиңизге кирип, [Соода кылуу] менюсуна өтүңүз жана [Соода боттору] бөлүмүнө өтүңүз.

2. Шарттарды кылдат окуп чыккандан кийин макул болсоңуз, тийиштүү белгини коюп, улантуу үчүн [Ырастоо] баскычын басыңыз.

3. Андан кийин Соода боттору конуу баракчасы көрүнүшү керек. Эгер [Азыр соода кылуу] баскычын чыкылдатсаңыз, соода кылуу баракчасына өтөсүз.

4. Баракчанын жогору жагында колдонула турган ар түрдөгү соода ботторун таба аласыз.

Binance соода ботторунун түрлөрү

Binance ар кандай соода кылуу стратегиялар жана колдонуу варианттары менен ар түрдүү соода кылуу бот өнүмдөрүн сунуштайт. Бул көрсөтмөдө биз эң көп колдонулган боттор менен стратегиялардын айрымдарын карайбыз, алар төмөнкүлөр:

  • спот тор соода

  • фьючерс тор соода

  • арбитраж Бот

  • Тең салмактуулугун кайра сактоо бот

  • Спот үчүн доллардын наркын ортолоо

  • Автоматтык инвестиция

спот тор соода

Спот тор соода боту алдын ала аныкталган баа диапазонунун ичинде арзан сатып алып, кымбат сатуу үчүн иштелип чыккан. Ал сиздин инвестицияңызды бир нече кичине буйрутмаларга бөлөт, арзан баада сатып алуу буйрутмаларын жана кымбат баада сатуу буйрутмаларын жайгаштырат. Бул ыкма соодагерлерге так баа өзгөрүүлөрүн алдын ала болжолдобой эле базардагы термелүүлөрдөн пайда табууга мүмкүндүк берет.

фьючерс тор соода

Аты айтып тургандай, фьючерс тор соода боту спот тор соода боту менен окшош, бирок ал фьючерс базарында иштеп жатат. Бул бот белгиленген баа диапазонунун ичинде сатып алуу жана сатуу буйрутмаларды жайгаштырып соода кылууну автоматтык түрдө иштетет. Негизги айырмачылык – фьючерс тор соода боту леверидж соода кылуу менен иштейт, бул болсо кирешелер менен тобокелчиликтерди тең эле күчөтүшү мүмкүн. Ал ошондой эле базалык активиңиз жок болсо да, баанын түшүшүнө божомол кылуу позицияларды ачууга мүмкүнчүлүк берет. 

Фьючерс тор соода боту жогорку тобокелчиликке даяр жана фьючерс соода кылуу боюнча тажрыйбасы бар соодагерлер үчүн ылайыктуу.

арбитраж Бот

Ошондой эле каржылоо ченинин арбитраж боту катары белгилүү болгон арбитраж боту колдонуучуларга ар кандай базарлардагы баа айырмачылыктарын изилдөөгө мүмкүндүк берген бот болуп саналат. Бул бот адатта түбөлүк фьючерс келишимдери менен алардын spot эквиваленттери ортосундагы арбитраж стратегиясын колдонот. 

Мисалы, каржылоо чени терс болгон учурда фьючерс боюнча BTC узак позицияны ачып, ошол эле учурда колдонуучу Binance'тын спот базарында эквиваленттүү суммасында BTC'ди сатуу үчүн арбитраж ботун программаласа болот. Ушундай жол менен алар фьючерс базарындагы позициясынан каржылоо акысын ала алышат жана ошол эле учурда спот буйрутмасы менен бааны өзгөртүү тобокелдиктен коргоону камсыздай алышат.

Жогорудагы мисал Reverse Carry стратегиясы деп аталат. Карама-каршы жагдайда, бул «Positive Carry» деп аталат (башкача айтканда, каражаттар оң баланста болсо, фьючерс базарында баанын түшүшүнө божомол позицияны ачып, ошол эле эквиваленттүү суммасын спот базарынан сатып алуу аркылуу базардын баанын өзгөрүшү мүмкүн тобокелдиктерге каршы камсызданса болот).

 

Каржылоо акысы менен тааныш эмес колдонуучулар үчүн – бул төлөмдөр түбөлүк фьючерс базарларында узак позициялуу актив ээлери жана Баанын түшүшүнө божомол кылуу позициясынын актив ээлери арасында жүргүзүлөт. Мындай төлөмдөр фьючерстердин баасы базалык активдин спот баасына шайкеш келишин камсыздайт.

Тең салмактуулугун кайра сактоо бот

Тең салмактуулугун кайра сактоо боту портфелиңиздеги активдердин үлүшүн белгилүү бир деңгээлде сактап туруу үчүн, ар бир активдин үлүшүн мезгил-мезгили менен түзөтүү аркылуу иштейт. Бул айрыкча, базардын термелүүлөрүнө карабастан портфели инвестициялык максаттарга шайкеш бойдон калууну каалаган узак позициялуу инвесторлор үчүн пайдалуу.

Мисалы, сиз BTC портфелиндеги үлүшүн дайыма 45% деңгээлде бөлүштүргүңүз келет деп элестетели. Эгер BTC'дин баасы өсүп, ал эми башка активдериңиздин баасы түшүп кетсе, анда BTC'нин үлүшү 45%дан жогору болуп калат. Мындай шартта үлүшүңүздүн кайра 45% максатына кайтып келишин камсыз кылуу үчүн тең салмактуулукту кайра сактоо боту автоматтык түрдө BTC'дин бир бөлүгү башка активдер менен соода кылдырат.

Спот үчүн доллардын наркын ортолоо

DCA доллардын наркын ортолоо дегенди билдирет. Бул маал-маалы менен актив сатып алуу аркылуу орточо бааны жакшыраак деңгээлге алып келүүгө багытталган стратегия. Спот үчүн доллардын наркын ортолоо ботун сатып алуу жана сатуу буйрумаларды убакыттын өтүшү менен жайылтуу үчүн колдонсоңуз болот, бул баанын өзгөрүш таасирин азайтат.

Мисалы, криптовалюта баасы төмөндөгөн сайын көбүрөөк криптовалюта сатып алуу максатында спот үчүн доллардын наркын ортолоо ботун колдонсоңуз болот, же баа жогорулаган сайын Ээликтеги активдериңиздин бир бөлүгүн акырындап сатсаңыз болот.

Автоматтык инвестиция

Автоматтык инвестиция бот дагы доллардын наркын ортолоо стратегиясына байланыштуу. Бул сизге убакыттын өтүшү менен криптовалютаны үзгүлтүксүз сатып алуу аркылуу топтоого жардам берет. Ал Спот үчүн доллардын наркын ортолоо бот менен окшош, бирок сатып алуу гана жүргүзөт жана узак мөөнөттүү инвестиция үчүн ылайыктуу. Сиз өзүңүздүн автоматтык инвестиция планыңызды түзүп, каалаган актив жана пландалган убакыт аралыгы менен ыңгайлаштыра аласыз.

Binance соода кылуу боттун соода аянты

Соода боттору конуу баракчасында Бот соода аянты бөлүмүн таба аласыз. Бул жерден колдонуучулар учурда колдонулуп жаткан боттун параметрлерин көчүрүп колдоно алышат жана Binance'тын спот жана фьючерс үчүн мыкты баалардын ортосундагы соода стратегиялар көрсөтүлөт. Сиз спот тор соода же фьючерс тор соода бөлүмдөрүнө өтүп, базар инвестициядан түшкөн киреше, инвестициядан түшкөн киреше жана аткаруу убактысы сыяктуу электөөлөр аркылуу опциондордун электөө ишин жүргүзсөңөр болот.

Стратегия Академия жана суроо-жооп бөлүмү

Ар түрдүү боттор жана стратегиялар тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн Соода боттору баракчанын Стратегия Академия жана суроо-жооп бөлүмүн караңыз.

Binance соода ботторду натыйжалуу колдонуу

Ботторду конфигурация кылганда этият болуңуз

Максималдуу көрсөткүчтөрүңүзгө жана минималдуу тобокелчиликке жетүү үчүн ботторду туура конфигурация кылуу маанилүү.  Төмөндө сиздин тажрыйбаңызды натыйжалуураак кылуу боюнча кээ бир кошумча кеңештер берилет:

  • Изилдөө жүргүзүңүз: Ишти аз көлөмдөн баштап, каражатыңызды тобокелге салуудан мурун өнүмдөрдү жакшы түшүнгөнүңүзгө ынаныңыз.

  • Так максаттарды коюңуз: соода кылуу максаттарыңызды мисалы, киреше максаттар жана алгылыктуу тобокелдик деңгээлдерин аныктаңыз.

  • Параметрлерди тууралоо: боттун параметрлерин сиздин соода кылуу стратегияңызга тууралаңыз. Мисалы, тор соода боту менен иштегенде, баа диапазону жана тор деңгээлдерин убакыттын өтүшү менен өзгөртүүгө туура келиши мүмкүн.

  • Тобокелчиликти башкарууну ишке ашыруу: инвестицияны коргоо жана пайда алуу үчүн стоп-лосс жана кирешени бекитүү буйрутмасын колдонуңуз. Жоготсоңуз болчу гана каражатты тобокелге салыңыз.

  • Көрсөткүчтөрүңүзгө мониторинг кылуу: боттун ишин үзгүлтүксүз мониторинг кылып, зарыл болсо жөндөөлөрдү өзгөртүңүз. Базар шарттарынын өзгөртүүсү пайда болушу мүмкүн, ошондуктан ыңгайлашууга даяр болуу маанилүү.

Өзүңүздүн көрсөткүчтөрүңүзгө мониторинг кылыңыз

Соода боттору сооданы автоматташтырып, убакытты үнөмдөөгө жардам берет. Аларды 24/7 көзөмөлдөп туруу талап кылынбайт, бирок стратегия иштеп жатканына ынануу үчүн бир азда болсо тактоо маанилүү.

  • Ишинин көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө: киреше жана чыгаша, соода кылуу, жыштыгы жана утуш пайызы сыяктуу боттун иш көрсөткүчтөрүн байкап туруңуз.

  • Кабардар болуңуз: Рынок жаңылыктарын жана соода кылуу стратегияңызга таасир этиши мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү билип туруңуз.

  • Орнотууларды тууралаңыз: базардын өзгөрүшүнө же жаңы түшүнүктөргө жараша параметрлерди өзгөртүүгө даяр болуңуз.

Жыйынтыктоочу ойлор

Binance соода боттору криптовалюта соода стратегияларын автоматташтырууда күчтүү куралдар болуп бере алат, алар базар мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жана тобокелчиликти натыйжалуу башкарууга жардам берет. Боттордун ар кандай түрлөрүн, алар кандай иштегенин жана туура конфигурациялоону түшүнүү аркылуу сиз алардын потенциалын толук пайдаланасыз жана соода кылуу тажрыйбаңызды жакшыртасыз. Ар дайым кабардар болуп туруңуз, көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөңүз жана коопсуздукту биринчи орунга коюңуз – жакшы натыйжага жетүү үчүн бул өтө маанилүү.

Андан ары окуу

Жоопкерчиликтен баш тартуу: бул мазмун сизге «бар болгон абалында» гана жалпы маалымат жана билим берүү максатында сунушталат, жана анын тактыгы, же башка кандайдыр бир кепилдик бериле албайт. Каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек жана ал кандайдыр бир белгилеген үнөмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында да арналган эмес. Сиз өзүңүздүн абалыңызга ылайык тиешелүү кесиптик кеңешчилерден кеңеш алганыңыз маанилүү. Бул макалада айтылган продуктулар сиздин аймакта жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Эгер макала үчүнчү жактын катышуучусу тарабынан берилсе, анда ал пикирлер үчүнчү жакка таандык экенин жана ал пикирлердин ар дайым Binance академиясынын көз карашын чагылдырбашы мүмкүн экенин эске алыңыз. Сураныч, толугураак маалымат алуу үчүн биздин жоопкерчиликтен баш тартуу тууралуу толук эскертмени бул жерден окуп чыгыңыз. Тобокелчилик жөнүндө эскертүүнүчыгыңыз. Санарип активдердин баасы туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын наркы төмөндөшү же жогорулашы ыктымал жана сиз салган сумманы кайра кайтарып албай калышыңыз мүмкүн. Инвестиция боюнча кабыл алган чечимдер үчүн толугу менен өзүңүз жооп бересиз жана Binance академиясы сиз тарткан жоготуулар үчүн жооптуу эмес. Бул материал каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек. Кененирээк маалымат үчүн биздин Колдонуу шарттарын жана Тобокелчилик жөнүндө эскертүүнү окуп чыгыңыз.