Binance'ты баштагандар үчүн нускамасы

Binance'ты баштагандар үчүн нускамасы

Баштапкы
Жарыяланган Apr 5, 2021Жаңыртылган Aug 22, 2025
11m

Негизги жыйынтыктар

  • Binance дүйнө жүзү боюнча 200 000 000дон ашык колдонуучулар тарабынан ишенимге алынган. Бүгүн эле Binance менен аккаунт ачып, өсүп жаткан жамаатыбызга кошулуңуз. Инвестиция же соода кылууну бир нече мүнөт ичинде эле баштасаңыз болот.

  • Binance платформасын колдонуу үчүн аккаунтуңузду түзүңүз, өздүгүңүздү тастыктаңыз жана криптовалюта сатып алуу үчүн төлөм ыкмасын тандаңыз.

  • Binance аркылуу криптовалюта сатып алууну ар кандай жолдор менен жүргүзсөңүз болот: кредиттик/дебеттик карта, банк аркылуу которуу же P2P системасынын транзакциялары.

  • Binance аккаунтуңуздун коопсуздугун жогорулатуу үчүн күчтүү сырсөз колдонуңуз, эки этаптуу аутентификациясын иштетип, фишингге каршы код орнотууну унутпаңыз.

Киришүү 

Binance аккаунт сиздин блокчейн жана Web3 дүйнөсүнө кирүүңүздүн эшиги. Бул криптовалюта соода кылууну баштоо үчүн эң ылайыктуу жер. Бул колдонмодо Binance алмаштыруу менен кантип иштөөнү баштоону үйрөнөсүз. Аткара турган кадамдар жөнөкөй. Аккаунтуңузду ачыңыз, маалыматтарыңызды тастыктаңыз, төлөм ыкмасын тандаңыз жана криптовалюта активдериңизди алыңыз.

Binance аккаунтуңузду кантип түзсө болот

Биринчи bitcoin'ду же BNB сатып алаардан мурда, аккаунтуңузду ачууңуз керек.

1. Binance расмий баракчасына кириңиз жана башкы беттен же жогорку оң бурчтан [Катталуу] баскычын басыңыз.

2. Электрондук почта дарегиңизди жазыңыз жана коопсуз сырсөздү тандаңыз. Эгер кааласаңыз, электрондук почта эмес, телефон номери аркылуу да каттала аласыз.

3. Электрондук почтаңызга же телефон номериңизге келген 6 орундуу ырастоо кодун жазыңыз жана [Кийинки] баскычын басыңыз.

4. Кеминде 8 белгиден турган, 1 сан жана 1 баш тамгадан турган күчтүү сырсөз түзүңүз. Бул сырсөздү эч ким менен бөлүшпөңүз.

5. Ырастоодон өткөндөн кийин, сиздин Binance аккаунтуңуз толугу менен даяр болот. Эми сиз криптовалюта сатып алууга бир кадам жакындадыңыз – андыктан биринчи сатып алууңузду кантип тереңирээк карап көрөлү.

Binance'та криптовалюта кантип сатып алынат

Binance биржасында криптовалюта сатып алаардан мурун, Кардарды Таануу (KYC) деп аталган өздүгүн ырастоо процессин бүтүрүү зарыл. Кардарды таануу процесси – бул сиздин ким экениңизди тастыктап, биздин мыйзамдык талаптарына ылайык аракет кылуусуна жардам берет.

Өздүгүн ырастоо аяктагандан кийин, сиз криптовалютаны ар түрдүү ыкмалар менен сатып ала аласыз:.

1. Кредиттик/дебеттик карта: жаңы колдонуучулар үчүн эң жөнөкөй жана түз ыкма.

2. Фиат жана Спот капчыгына каражат салуу: банктык аккаунтуңуздан фиат валютасын которуп, ал акчаны алмаштыруу аркылуу колдонсоңуз болот.

3. Binance P2P системасы: Binance'тын P2P системасынын кызматы аркылуу башка колдонуучулардан түз криптовалюта сатып алыңыз.

Кредиттик же дебеттик карта менен криптовалюта сатып алуу

1. Жогорку менюдан [Криптовалюта сатып алуу] бөлүмүнө курсорду алып барып, андан кийин [Сатып алуу жана сатуу] тандаңыз.

2. Андан соң, төлөө үчүн колдоно турган фиат валютасын жана сатып алгыңыз келген коинди тандаңыз. [Жаңы картаны кошуу] баскычын басып, карта маалыматыңызды кошуңуз.

3. Картанын реквизиттерин киргизип, [Ырастоо] баскычын басыңыз. Эскертүү: сиз өз атыңызга катталган гана кредиттик же дебеттик картаны колдоно аласыз.

4. Буйрутма маалыматын дагы бир жолу текшериңиз. Валюта алмашуу курсу жана акы жөнүндө маалымат алуу үчүн үч чекит […] белгисин басыңыз.

5. Эгерде Колдонуунун шарттарына жана Купуялык саясаттарына макул болсоңуз, тиешелүү кутучаны белгилеңиз. Даяр болгондо, төлөмдү бүтүрүү үчүн [Ырастоо] баскычын басыңыз.

6. Процесс аяктаганда, сатып алган криптовалютаңыз Binance'тын Спот капчыгыңызга түшөт. Адатта, аккаунт ачуу жана ушул баскычка жетүү адатта 10 мүнөткө чейин убакытты алат.

Binance'та криптовалютаны кантип соода кылуу керек

Бир маалда, сиз криптовалюта менен соода кылгыңыз келиши мүмкүн. Эгерде салттуу соода кылуу интерфейсине көнө элек болсоңуз, Binance айландыргычы функциясын колдонууну сунуштайбыз. 

1. Binance'тын башкы бетинде [Соода кылуу] бөлүмүнө курсорду алып барып, [Айландыргыч жана Блок соода] бөлүмүн тандаңыз.

Айландыргыч куралы аркылуу сиз жөнөкөй интерфейс менен соода кылууну каалаган криптовалюта активдердин жуптугун тандай аласыз. Керек болсо, фиат валюталарын да колдонуп сатуу же сатып алуу жүргүзсөңүз болот. 

2. Жогорку талаадан алмаштыра турган коиндерди тандап, керектүү сумманы киргизиңиз. Астыңкы талаадан алуу же сатуу үчүн керектүү криптовалютаны же фиат валютаны тандаңыз. Эсиңизде болсун: демейки орнотуу [Базар] болуп саналат бул учурда сиз учурдагы базар баасы менен сатып аласыз ал баа спот баасы деп да аталат.

3. Тандооңузду ырастап, [Айландырууну алдын ала көрүү] баскычын баскандан кийин, жасай турган соода кылуунун жалпы маалыматы көрсөтүлөт.

Эгер алдын ала карап чыккан маалымат сизге туура келсе, буйрутманы ырастоо үчүн [Айландыруу] баскычын басыңыз.

4. Эгерде сиз белгиленген буйрутманы түзгүңүз келсе, жогорку менюдан [Чектөө] опциясын тандаңыз. Белгиленген буйрутма сиз белгиленген баа боюнча же андан жакшы шартта криптовалюта сатып алууга же сатууга мүмкүнчүлүк берген ыкма.

Бул мисалда, биз белгиленген буйрутманы түзүп жатабыз: 50 USDT суммасындагы BNB соода кылабыз, бирок BNB'нин баасы 610 USDT'ге түшкөндө гана.

Binance'тын Спот соода кылуу интерфейсин колдонуу

1. Жогорку менюдан [Соода кылуу] бөлүмүн табып, [Спот] баскычын басыңыз.

2. Андан соң, сиз Binance'тын Спот соода кылуу интерфейсин көрөсүз.

3. Сол жакта буйрутмалар китеби жайгашкан:

  • Сатуулардын (сатуучунун сунуш баасы) буйрутмалары кызыл түстө көрсөтүлөт.

  • Сатып алуулар (сатып алуучунун сунуш баасы) буйрутмалары жашыл түстө көрсөтүлөт.

4. Ортоңку бөлүгүндө тандалган соода кылуу жуптун интерактивдүү диаграммасы жайгашкан. Бул мисалда – BTC/USDT.

5. Оң жакта Binance'тын бардык жеткиликтүү соода кылуу жуптары камтылган соода кылуу жуптар тизмеси бар. Так бир соода кылуу жубун табуу үчүн издөө функциясын колдонсоңуз болот.

6. Соода кылуу диаграмманын ылдый жагында сатып алуу жана сатуу буйрутмаларын түзүү үчүн бөлүм бар. Эгер бул сиздин биринчи жолу болсо, Спот капчыгыңызга каражат кошушуңуз керек.

7. Мисалы, эгер сиз BTC сатып алуу үчүн USDT колдонуп жатсаңыз, алгач Спот капчыгыңызга USDT кошушуңуз керек. Капчыгыңызга каражат салуу үчүн [+] белгисин басып, өзгөчө төлөө ыкмасын тандаңыз.

BTC'ти USDT менен кантип сатып алууга болот

1. Баштоо үчүн буйрутма түрүн тандаңыз. Белгиленген буйрутма менен сиз белгилеген бааны коюшуңуз болот (мурдагы учурдагы баа болушу шарт эмес). Ал эми базар буйрутма сиздин учурдагы базар баасынын чегинде буйрутмаңызды мүмкүн болушунча тез аткарууга аракет кылат.

2. Эгер белгиленген буйрутманы колдонуп жатсаңыз, сумманы жана бааны белгилеп, [BTC сатып алуу] баскычын басыңыз.

3. Экрандын жогорку оң бурчунда сизге билдирүү келиши керек. Ачык белгиленген буйрутмалардын чегин соода кылуу интерфейсинин ылдый жагынан көзөмөлдөсөңүз болот.

4. Эгер BTC сиз белгилеген буйрутма баасына жетсе, буйрутмаңыз аткарылат.

BTC'ти USDT'ге кантип сатса болот

Сатуу буйрутмаларды түзүү процесси дээрлик бирдей. Бул мисалда биз базар буйрутманы колдонуп, BTC'ни USDT'ге кантип сатуу керектигин көрсөтөбүз.

1. Буйрутма түрүн тандаңыз, сумманы киргизип, [BTC сатуу] баскычын басыңыз.

2. Биз базар буйрутманы түзүп жатканыбыз үчүн, сатуу буйрутма дароо жайгаштырылат, эгер жетиштүү ликвиддүүлүк болсо, ал эң жакшы базар баасында дароо аткарылат.

Эгер сиз Спот соода кылуусуна толук ишенбесеңиз же Binance'тын Спот соода кылуу интерфейсин кантип колдонуу тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Binance'тын Спот соода кылуу жөнүндө нускаманы караңыз.

Binance'тын P2P системасы

Альтернативдүү түрдө, криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу үчүн Binance'тын P2P системасынын Соода аянтын колдоно аласыз. Binance'тын P2P системасы – бул тармактагы алдыңкы P2P платформа болуп, сатып алуучулар менен сатуучуларга эң жакшы бааны, төлөө ыкмасын жана соода кылуу өнөктөштөрүн тандап алууга мүмкүндүк берет, булардын бардыгы Binance'тын кепилдик кызматы тарабынан коопсуздукка алынып жатат.

Бул бөлүмдө биз Binance колдонмо аркылуу Binance'тын P2P системасын кантип колдонуу керектигин көрсөтөбүз. Веб версиясы боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн жана Binance'тын P2P системанын мүмкүнчүлүктөрүн Binance'тын P2P системасы деген эмне жана аны кантип колдонсо болот?

Binance'тын P2P системасын колдонуу – Binance'тын тиркемесинде

1. Мобилдик түзмөгүңүздө Binance колдонмосун ачыңыз жана [Соода кылуу] баскычын басыңыз.

Binance колдонмонун соода кылуу белгиси

2. Жогорку оң бурчтагы тандоого мүмкүн болгон опциялардын P2P системасынын Соода кылуу бөлүмүн тандаңыз.

Binance колдонмонун P2P системасы

3. Сизге ыңгайлуу болгон валютаны жана төлөм ыкмасын тандаңыз. Бул аккаунтка каражат кошуунун эң ыңгайлуу жана экономикалык жактан пайдалуу жолун табууга жардам берет.

binance колдонмонун P2P системасынын интерфейси

4. Транзакцияңызды бүтүрүү үчүн экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз. Улантуунун алдында бардык маалыматтарды тактап, соода кылуу өнөктөшүңүздү текшериңиз.

Binance'тын P2P системасы тууралуу кеңири маалымат жана колдонуу боюнча көрсөтмө алуу үчүн биздин Binance'тын P2P системасынын нускаманы караңыз.

Binance аккаунтуңузду кантип коопсуз кылууга болот

Күчтүү сырсөз колдонуу жана коопсуздук функцияларын жандыруу – каражатыңызды коопсуз сактоонун негизги ыкмасы. Коопсуздукту камсыздоону төмөнкү кадамдардан баштаңыз.

Күчтүү сырсөз колдонуп, аны үзгүлтүксүз өзгөртүңүз

Бул түшүндүрмөлөрдү талап кылбайт, көпчүлүк адамдар дагы эле өтө жеңил жана эсте сакталуучу сырсөздөрдү колдонушат. Сырсөзүңүздө сөзсүз түрдө баш жана кичине тамгалар, сандар жана белгилер аралаш болушу керек. Мындан тышкары, албетте сырсөзүңүздү эч ким менен бөлүшпөңүз жана коопсуз жерде сактаңыз.

Эки этаптуу аутентификация (2FA)

Биз каттоо аккаунтуңузга Эки этаптуу аутентификацияны (2FA) орнотууну катуу сунуштайбыз. Бул ыкма коопсуздуктун кошумча катмарын түзөт. Тактап айтканда хакерлер сырсөзүңүздү билип калса да, эсебиңизге кирүү үчүн алар сиздин физикалык 2FA түзмөгүңүзгө дагы ээ болушу керек.

Google Аутентификатор колдонмосу же СМС аркылуу ырастоо – баштоо үчүн мыкты ыкмалар. Биздин Binance'тын 2FA нускамасы бул процессти кеңири түшүндүрүп берет.

Binance'тын фишингге каршы кодун жандырыңыз

Эгер сиз Binance аккаунтуңузга фишингге каршы кодун кошсоңуз, Binance сизге жиберген ар бир электрондук каттын жогорку бөлүгүндө бул код көрсөтүлөт. Бул кодду сиз өз алдынча тандап, тамгалардан же сандардан түзсөңүз болот.

Мындай ыкма сизге электрондук каттын чын эле Binance тарабынан жиберилгендигин тактоого жардам берет. Башкача айтканда, бул фишинг чабуулдардын алдын алууга көмөктөшөт.

Аккаунтуңуздун коопсуздугу тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн Binance аккаунтуңузду 7 жөнөкөй кадам менен текшериңиз.

Жыйынтык ойлор

Binance аккаунтуңузду ачуу жана алгачкы соодаларды жүргүзүү – криптовалюта дүйнөсүнө биринчи кадам болот. Бирок бул дүйнө алмаштырууда бир гана сатып алуу жана сатуу менен чектелбейт. Эгер буга чейин соода кылуу интерфейсин көрбөсөңүз, ал башында бир аз татаал сезилиши мүмкүн. Ошондуктан Binance академиясы платформасында сизге ылайыкташтырылган соода кылуу макалалар жана нускамалар бар, алар аркылуу соода кылуу куралдарын колдонуп, өз соода кылуу стратегияңызды да түзө аласыз.

Андан ары окуу

Жоопкерчиликтен баш тартуу: MiCA талаптарына ылайык, уруксат берилбеген туруктуу коиндерге ЕЭА колдонуучулар үчүн белгилүү чектөөлөр коюлган. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн бул жерди басыңыз.

Жоопкерчиликтен баш тартуу: бул мазмун сизге «бар болгон абалында» гана жалпы маалымат жана билим берүү максатында сунушталат, жана анын тактыгы, же башка кандайдыр бир кепилдик бериле албайт. Каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек жана ал кандайдыр бир белгилеген үнөмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында да арналган эмес. Сиз өзүңүздүн абалыңызга ылайык тиешелүү кесиптик кеңешчилерден кеңеш алганыңыз маанилүү. Бул макалада айтылган продуктулар сиздин аймакта жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Эгер макала үчүнчү жактын катышуучусу тарабынан берилсе, анда ал пикирлер үчүнчү жакка таандык экенин жана ал пикирлердин ар дайым Binance академиясынын көз карашын чагылдырбашы мүмкүн экенин эске алыңыз. Толугураак маалымат алуу үчүн биздин жоопкерчиликтен баш тартуу тууралуу толук эскертмени окуп чыгыңыз. Санарип активдердин баасы туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын наркы төмөндөшү же жогорулашы ыктымал жана сиз салган сумманы кайра кайтарып албай калышыңыз мүмкүн. Инвестиция боюнча кабыл алган чечимдер үчүн толугу менен өзүңүз жооп бересиз жана Binance академиясы сиз тарткан жоготуулар үчүн жооптуу эмес. Бул материал каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек. Кененирээк маалымат үчүн биздин Колдонуунун шарттарын жана Тобокелчилик жөнүндө эскертүүнү окуп чыгыңыз.