Жоопкерчиликтен баш тартуу: Бул жердеги нерселер билим берүү максатында гана келтирилген. Бул жердеги товарлар менен кызматтар сиз жашаган аймакта болбошу мүмкүн.
Негизги жыйынтыктар
Binance алдын-ала соода аркылуу спот базарында расмий түрдө тизмеге киргизиле элек токендер менен соода кылып, кун мурунтан активдин баасын табып, соода стратегиясын иштеп чыга аласыз.
Алдын-ала соода кылууда кошумча акылар болбойт. Келишимдериңизден Binance спот соода кылуунун стандарттык акылары алынат.
Алдын-ала соода кылууда жаңы гана соода кылып баштаганда баалар өйдө-төмөн боло бергендиктен, бир топ опурталдыктар болушу мүмкүн. Күтүүсүз жоготуулар болбошу үчүн соода кылып жаткан токенди кылдат изилдеп чыгып, базардагы өзгөрүүлөрдөн көзүңүздү албашыңыз керек.
Binance алдын-ала соода деген эмне?
Binance алдын-ала соода аркылуу колдонуучулар токен тандап, алар Binance спот базарында расмий түрдө тизмеге киргизилгенге чейин соода кыла алышат. Токендер менен биринчилерден соода кылуу бир топ артыкчылыктарды берет: Binance колдонуучулардын баары тең токендерди күн мурунтан ала алышат (Ишке киргизүү чөлкөмүндө катышкандар гана эмес), стратегиялык жактан пайдалуу позицияларды ээлешет, колдонуучулар базар баасын күн мурунтан табып, кыйла пайдалуу позицияны ээлей алышат, ишке киргизүү чөлкөмү сыйлыктарын сата алышат, базар ачылганга чейин Ишке киргизүү чөлкөмү сыйлыктарын сатып жиберишсе болот.
Binance алдын-ала соодада соода кылгыңыз келбесе да, күн мурунтан соода кылуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, базардагы тенденцияларды байкап, токен баарына жеткиликтүү болгондо өзүн кандай көрсөтөрүн аныктай аласыз.
Binance алдын-ала соодада кантип колдонсо болот
1. Алгач, Binance эсебиңизге кирип, [Соода кылуу] бөлүмүнө өтүп, [Спот] дегенди тандаңыз.
2. Андан соң, жеткиликтүү токен активдердин жуптугун көрүү үчүн экраныңыздын оң тарабындагы [Алдын-ала соода] өтмөгүн табыңыз.
3. Binance алдын-ала соода платформасына биринчи жолу кирип жатсаңыз, Пайдалануу шарттарын окуп чыгып, кабыл алышыңыз керек.
4. Алдын-ала соода кылууда интерфейси Binance спот соода интерфейсинен дээрлик айырмаланбайт. Бирок Binance алдын-ала соодада ар бир активдердин жүптугу үчүн сатылып алына турган токендердин саны чектелүү болот. Экраныңыздын оң тарабынан учурдагы жана максималдуу ээликтеги активдериңизди карап көрсөңүз болот.
5. Алдын-ала соодада токендерди каалаганча сата бересиз. Канча токениңиз болсо, ошончо сата бересиз. Ушуну менен, базар расмий түрдө ачылганга чейин учурдагы пайдаңызды кулпулап коё аласыз.
6. Алдын-ала соода фазасы бүткөндөн кийин, токендер Binance спот базарына өткөрүлүп, ал жерден активдерди чыгарып алуу мүмкүн болуп, эсепти толуктап, өткөрүп жана кадимки спот соода кылууда колдонсо болот.
Binance алдын-ала сооданын артыкчылыктары
Токендерди күн мурунтан алуу: соодагерлер токендерди расмий түрдө тизмеленгенге чейин алышып, базардагы тенденцияларды башкалардан биринчи талдап, ошого жараша иш кыла алышат. Ушуну менен, соода жаатында кыйла пайдалуу позицияларды ээлешет.
Ликвиддүүлүк: Дүйнө жүзүндөгү эң ири криптовалюта алмаштыруу биржасы болгон Binance жогору ликвиддүүлүктү камсыз кылып, соодагерлерге транзакцияларды каалаган баада жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Кошумча комиссиялар алынбайт: Binance'та спот соода кылуу стандарттык акылардан тышкары башка комиссия алынбайт. Демек, жаңы токендерди кыйла жагымдуу бааларда алууга болот.
Ишке киргизүү чөлкөмүнө катышкандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк: Binance Ишке киргизүү чөлкөмүндө сыйлык алган колдонуучулар өз токендерин алдын-ала соода ачылары менен сатып жиберишсе болот. Натыйжада, базар расмий түрдө ачылганча мүмкүн болгон пайдасын коопсуздандыра алышат.
Binance алдын-ала соодадагы опурталдыктар
Токен расмий түрдө башталганга чейин соода кылуу жүргүзүлүп жаткандыктан, баалар адаттагыдан алдаганча туруксуз болушу мүмкүн. Демек, өзүңүз каалаган баада сатып алып же сата албайсыз. Андыктан ар дайым базарга көз салып, өзүңүзчө изилдей беришиңиз керек. Баса, аткарылбай калган алдын-ала соода буйрутмалары фаза бүтөрү менен жокко чыгарылат.
Андан калса, алдын-ала соодада баары эле соода кыла беришпейт. Ал географиялык жактан чектелип, аккаунттары ырасталган колдонуучулар гана катыша алышат. Демек, бардык талаптарга жооп бергениңизди текшерүү үчүн Binance'тын эрежелери менен таанышып чыгыңыз.
Кимдер катыша алышат?
Binance алдын-ала соода ар кимге эмес, Binance эсептери ырасталган, алдын-ала соода иштеген аймактардагы колдонуучулар катыша алышат! Алдын-ала соода катардагы колдонуучуларга да, негизги эсептердин ээлерине да (өркүндөгөн соодагерлерге) ачык. 2024-жылдын октябрь айынан баштап Binance алдын-ала соодасына субэсептер кире албай калган.
Жыйынтыктоочу ойлор
Binance алдын-ала соода – токен базарга расмий түрдө чыга электе соодагерлердин ишке жигердүү киришүү мүмкүнчүлүгү. Алдын-ала соода аркылуу базардагы кыймылды күн мурунтан аныктап, ар кандай соода кылуу стратегиялары менен ойноп көрсө болот. Криптовалютага байланыштуу бардык нерселер сыяктуу эле алдын-ала соодада да бир катар опурталдыктар бар. Баалар кескин түшүп же көтөрүлүп кетиши мүмкүн болгондуктан, кабыл алынып жаткан чечимдин бардык күңгөй-тескейлерин тыкыр ойлонуп алуу керек. Андыктан соодадагы токенди кылдат изилдеп, түшүнүп алганыңыз оң.
Кошумча окуу
Жоопкерчиликтен баш тартуу: Бул жердеги нерселер сизге маалымат жана билим берүү максатында гана эч кандай милдеттенмелерсиз же кепилдиктерсиз «кандай болсо ошондой» берилүүдө. Аларды каржы, юридикалык же башка кесипкөй кеңеш катары, ошондой эле белгилүү бир товарды же кызматты сатып алуу сунушу катары кабыл албаңыз. Андай кеңеш керек болсо, тийиштүү кесипкөй адистерге кайрылыңыз. Көңүл буруңуз: эгер макаланы үчүнчү жактагы автор жазган болсо, макаладагы көз-караштар ошол авторго гана таандык болуп, Binance академиясынын көз-караштарын чагылдырбайт. Кененирээк маалымат алгыңыз келсе, жоопкерчиликтен баш тартууну толугу менен бул жерден окуп чыксаңыз болот. Санарип активдеринин баалары тез-тез өзгөрүп турушу мүмкүн. Андыктан инвестицияларыңыздын наркы түшүп да, өсүп да кетиши мүмкүн болгондуктан, салган суммаңызды кайтара албай калышыңыз мүмкүн. Инвестициялоо чечимдериңизге өзүңүз гана жооптуу болуп, Binance академиясы мүмкүн болгон жоготууларыңызга жооп бербейт. Бул материалды каржы, юридикалык же кесипкөй кеңеш катары көрбөңүз. Кененирээк маалымат алгыңыз келсе, Пайдалануу шарттарыбызды жана Тобокелдик тууралуу эскертүүбүздү окуп чыгыңыз.