Крипто базарындагы каржылоо чендери деген эмне?

Крипто базарындагы каржылоо чендери деген эмне?

Орто
Жаңыртылган Jul 24, 2026
11m

Негизги тыянактар

  • Мөөнөтсүз фьючерс келишимдеринде каржылоо чендери узун жана кыска позиция ээлеринин ортосунда белгилүү бир убакыт аралыгында жүргүзүлүүчү төлөмдөр болуп саналат.

  • Каржылоо чендеринин жардамы менен мөөнөтсүз келишимдин баасы базалык активдин спот баасына жакын кармалат.

  • Каржылоо чени оң болсо, узун позиция ээлери кыска позиция ээлерине төлөм жүргүзөт. Каржылоо чени терс болсо, кыска позиция ээлери узун позиция ээлерине төлөм жүргүзөт.

  • Каржылоо чени пайыздык чен жана премиум индекси деген эки көрсөткүчтүн негизинде эсептелет. Мындан тышкары, ар бир эсептөө аралыгында ченди белгиленген чекте кармап туруу үчүн чектөө механизми колдонулат.

  • Binance Futures'те көпчүлүк келишимдер үчүн стандарттуу пайыздык чен күнүнө 0,03% түзөт, бирок айрым келишимдерде башка чендер колдонулат. Каржылоо төлөмдөрүнүн аралыгы да ар кандай болушу мүмкүн: стандарттуу аралык - ар сегиз саат сайын, бирок Binance 2025-жылы динамикалык жөндөөлөрдү киргизип, базардагы шарттарга жараша айрым келишимдер үчүн бул аралыкты төрт саатка же бир саатка чейин өзгөртө баштаган.

  • Крипто базарындагы каржылоо чендери салттуу каржыдагы фьючерстердин кармоо наркына окшош функцияны аткарат. Бирок каржылоо чендерин аныктоо жана төлөмдөрдү ким жүргүзөрү боюнча маанилүү айырмачылыктар бар.

Binance Academy курстарынын баннери

Киришүү

Крипто базарларында мөөнөтсүз фьючерстер менен соода кылсаңыз, каржылоо чендерине туш болосуз. Алар мөөнөтсүз келишимдердин иштешин камсыз кылган негизги механизмдердин бири болгону менен, жаңы соодагерлер аларды көп учурда туура түшүнө беришпейт.

Бул макалада каржылоо чендери эмне экенин, кантип эсептелерин жана соода кылууңузга кандай таасир этерин түшүндүрөбүз. Ошондой эле крипто базарындагы каржылоо чендерин салттуу каржыдагы окшош механизмдер менен салыштырып, бул түшүнүктүн ар кандай базарларда кандай колдонуларын карап чыгабыз. Муну түшүнүү позицияларды кылдат пландаштырууга жана күтүлбөгөн чыгымдардан сактанууга жардам берет.

Мөөнөтсүз фьючерс келишимдери деген эмне?

Каржылоо чендерин карап чыгуудан мурун, алар колдонулган өнүмдү түшүнүп алуу маанилүү. Мөөнөтсүз фьючерс келишимдери – соодагерлерге криптовалюта боюнча мөөнөтү бүтпөгөн узун же кыска позицияларды ачууга мүмкүндүк берген туунду өнүмдөрдүн бир түрү. Кадимки фьючерстерден айырмаланып, мөөнөтсүз позицияны каалаган убакытка чейин кармай аласыз.

Бул келишимдердин мөөнөтү бүтпөгөндүктөн, алардын баасын базалык активдин спот базарындагы баасына жакын кармап туруу үчүн атайын механизм керек. Бул милдетти каржылоо чендери аткарат.

Каржылоо чени деген эмне?

Каржылоо чени — мөөнөтсүз фьючерстер базарында соодагерлердин ортосунда белгилүү бир убакыт аралыгында жүргүзүлүүчү төлөм. Бул биржа алган комиссия эмес. Тескерисинче, бул сатып алуучулар (узун позиция ээлери) менен сатуучулардын (кыска позиция ээлери) ортосундагы төлөм.

Төлөмдүн багыты мөөнөтсүз келишимдин баасы базалык активдин спот баасынан жогору же төмөн экенине жараша болот. Эгер келишим спот баадан жогору соодаланса, каржылоо чени адатта оң болуп, узун позиция ээлери кыска позиция ээлерине төлөм жүргүзөт. Эгер келишим спот баадан төмөн соодаланса, каржылоо чени адатта терс болуп, кыска позиция ээлери узун позиция ээлерине төлөм жүргүзөт.

Бул төлөм механизми соодагерлерди фьючерстин баасын спот баага жакындаткан позицияларды ачууга түрткү берет. Натыйжада эки баа убакыттын өтүшү менен бири-бирине шайкеш сакталат.

Каржылоо чендери кантип эсептелет

Каржылоо чени эки негизги көрсөткүчтөн турат: пайыздык чен жана премиум индекси.

Пайыздык чен

Пайыздык чен базалык валюта (мисалы, BTC) менен котировка валютасын (мисалы, USD) карызга алуунун чыгымдарынын айырмасын чагылдырат. Binance Futures'те көпчүлүк USD-M келишимдери үчүн стандарттуу пайыздык чен күнүнө 0,03% түзөт жана бул чен каржылоо аралыктарына бөлүштүрүлөт.

ETH/BTC сыяктуу айрым келишимдерде пайыздык чендин курамдык бөлүгү 0% түзөт. Пайыздык чен базардагы шарттарга жараша өзгөрбөйт, аны биржа алдын ала белгилеп коёт.

Премиум индекси

Премиум индекси мөөнөтсүз келишимдин белгилөө баасы менен базалык активдин индекс баасынын айырмасын көрсөтөт. Келишим спот баадан жогору соодаланса, премиум оң болот. Ал эми спот баадан төмөн соодаланса, премиум терс болот.

Бул көрсөткүч базардагы шарттарга жараша өзгөрүп турат жана каржылоо ченинин өзгөрүшүнө негизги таасир этет. 2025-жылдын сентябрында Binance белгилөө баасын эсептөөдө колдонулган маалыматтарды жаңыртуу аралыгын 1 мүнөттөн 30 секундага кыскартты - мунун аркасында премиум индекси баанын реалдуу убакыттагы өзгөрүүлөрүнө тезирээк реакция кыла баштады.

Айкалыштырылган эсептөө

Жалпы каржылоо чени төмөнкү формула боюнча эсептелет:

Каржылоо чени = Премиум индекси + чектөө (Пайыздык чен - Премиум индекси, -0,05%, +0,05%)

Чектөө функциясы (же «басаңдаткыч») ар бир каржылоо аралыгында пайыздык чендин таасирин -0,05%дан +0,05%га чейин чектейт. Бул базар баасынын өзгөрүшү өтө туруксуз болгон же адаттан тыш шарттар түзүлгөн учурда каржылоо ченинин өтө жогорулап же төмөндөп кетишине жол бербейт. Акыркы каржылоо чени ар бир соодагердин позициясынын наркына колдонулуп, төлөнө турган каржылоо суммасын аныктайт.

Binance Futures'те ар бир келишим боюнча учурдагы каржылоо чени жана кийинки төлөмгө калган убакыт соода интерфейсинин жогору жагында көрсөтүлөт.

Каржылоо интервалдары

Binance Futures'теги стандарттуу каржылоо аралыгы ар сегиз саат сайын болуп, күнүнө үч жолу каржылоо төлөмү жүргүзүлөт. Бирок Binance 2025-жылдын сентябрында каржылоо аралыгын динамикалуу түрдө өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн киргизген. USD-M мөөнөтсүз келишимдеринде каржылоо ченинин абсолюттук мааниси катары менен 36 сааттык циклде 0,002%дан ашпаса, 37-циклде эсептешүү аралыгы кайра төрт саатка кыскарат.

Бул каржылоо чени узак убакыт бою төмөн болгон келишимдерде каржылоо төлөмдөрү тез-тез жүргүзүлүшү мүмкүн дегенди билдирет. Ар бир келишим боюнча так каржылоо аралыгын Binance Futures'тин соода кылуу интерфейсинен текшере аласыз. Каржылоо аралыгы базардагы шарттарга жараша автоматтык түрдө өзгөртүлөт.

Каржылоо чендери эмне үчүн маанилүү

Мөөнөтсүз фьючерстер базарында каржылоо чендери үч негизги милдетти аткарат. Биринчиден, мөөнөтсүз келишимдин баасын базалык активдин спот баасына жакын кармоого жардам берет. Экинчиден, соодагерлерди баалардын айырмасын азайта турган позицияларды ачууга шыктандырат. Үчүнчүдөн, каржылоо чени базардагы маанайды баалоого жардам берген көрсөткүч болуп саналат.

Каржылоо чени дайыма оң болуп турса, соодагерлердин көбү узун позицияларды ачып жатканын жана базарда өсүш күтүлүп жатканын билдириши мүмкүн. Ал эми чен дайыма терс болуп турса, тескерисинче, базарда төмөндөө күтүлүп жатканын көрсөтүшү мүмкүн. Соодагерлер базардагы жалпы абалды баалоо үчүн каржылоо чендерин баанын өзгөрүшү, соода көлөмү жана ачык пайыздар, сыяктуу башка көрсөткүчтөр менен бирге колдонушат. Бирок каржылоо ченине гана таянууга болбойт, анткени ал өз алдынча ишенимдүү көрсөткүч эмес жана тез өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Салттуу каржы тармагындагы каржылоо чендери

Каржылоо чени криптого гана тиешелүү эмес. Салттуу каржы тармагында да леверидж колдонулган позицияны белгилүү бир убакытка кармоо чыгымын эсептөө үчүн ушуга окшош механизмдер көптөн бери колдонулуп келет. Салттуу каржыдагы бул окшоштукту түшүнүү соодагерлерге криптодогу каржылоо чендеринин эмне үчүн колдонуларын жана алардын кандай айырмаланарын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.

Салттуу каржы тармагында фьючерстик же леверидж колдонулган позицияны кармоого кеткен чыгым соодагерлердин ортосунда өзүнчө төлөм катары алынбайт. Анын ордуна бул чыгым өнүмдүн баасына же шарттарына алдын ала камтылат. Бул жерде негизги түшүнүк — активди белгилүү бир убакытка кармап турууга кеткен чыгым.

Активди кармап туруу чыгымы

Салттуу фьючерстик келишимдерде активди кармап туруу чыгымы келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин базалык активди кармап турууга байланышкан бардык чыгымдарды камтыйт. Буга каржылоо чыгымдары (карызга алынган каражаттар үчүн төлөнгөн пайыздар), мунай же алтын сыяктуу физикалык товарларды сактоо жана камсыздандыруу чыгымдары, ошондой эле дивиденд сыяктуу таза чыгымды азайта турган кирешелер кирет.

Теориялык жактан алганда, фьючерстин баасы спот баага активди кармап туруу чыгымын кошуу менен аныкталат. Эгер фьючерс спот баадан жогору соода кылынса, мындай абал контанго деп аталат. Ал эми фьючерс спот баадан төмөн соода кылынса, бул бэквардация деп аталат.

Криптодогу мөөнөтсүз фьючерстерде каржылоо чени да ушундай эле милдет аткарат: ал леверидж менен ачылган позицияны кармоо чыгымын чагылдырып, келишимдин баасын спот баага жакын кармап турат. Бирок бул чыгым келишимдин мөөнөтү бүткөндө анын баасына кошулбайт, анын ордуна узун жана кыска позиция ээлеринин ортосунда үзгүлтүксүз төлөнүп турат.

CFD'деги түнкү каржылоо

АКШдан тышкаркы көптөгөн өлкөлөрдө кеңири колдонулган леверидждүү өнүм — айырма боюнча келишимдерде (CFD) позицияны түн ичинде кармап туруу үчүн каржылоо акысы алынат. Адатта, бул күн сайын позициянын жалпы наркына колдонулган базалык ченден (мисалы, SOFR же EURIBOR) жана брокердин үстөк акысынан турат.

Соодагер узун позиция үчүн брокерге акы төлөйт, ал эми кыска позиция үчүн тескерисинче төлөм алышы мүмкүн. Криптодогу каржылоо чендеринен айырмаланып, CFDдеги түнкү кармоо акысы соодагерлердин ортосунда эмес, брокерге төлөнөт. Бул чен адатта алдын ала белгилүү болот жана базардагы узун жана кыска позициялардын катышына жараша өзгөрбөйт.

Жаңыртуудан түшкөн пайда

Салттуу фьючерстик келишимдердин мөөнөтү белгиленген убакта аяктайт. Позицияны сактап калуу үчүн соодагер мөөнөтү аяктап жаткан келишимди жаап, кийинки келишимди ачышы керек - бул процесс келишимди жаңыртуу деп аталат. Эки келишимдин бааларынын айырмасы жаңыртуу пайдасын же чыгымын түзөт.

Контaнго шартында келишимди жаңыртуу адатта чыгымга алып келет, анткени кийинки келишимдин баасы жогору болот. Ал эми бэквардация шартында келишимди жаңыртуу киреше алып келиши мүмкүн. Криптодогу мөөнөтсүз фьючерстердин мөөнөтү бүтпөгөндүктөн, келишимди жаңыртуунун кереги жок. Бирок леверидж менен ачылган позицияны кармап туруу үчүн үзгүлтүксүз төлөнүүчү каржылоо чени иш жүзүндө жаңыртуудан түшкөн кирешенин же чыгымдын ордун ээлейт.

Крипто жана салттуу каржы: негизги айырмачылыктар

Негизги түшүнүк окшош болгону менен, иштөө механизми маанилүү жагынан айырмаланат:

  • Төлөмдүн багыты: Криптодо каржылоо төлөмүн узун жана кыска позицияларды кармаган соодагерлер бири-бирине түз төлөшөт. Ал эми салттуу каржыдагы CFDлерде соодагер төлөмдү брокерге төлөйт.

  • Ченди аныктоо: Криптодогу каржылоо чендери динамикалуу болуп, келишимдин жана спот баалардын ортосундагы премиумга жараша өзгөрөт. Ал эми салттуу каржыдагы чендер адатта белгиленген базалык ченге баалардын айырмасын кошуу менен аныкталат.

  • Жыштыгы: кКриптодогу каржылоо төлөмү күнүнө бир нече жолу жүргүзүлөт (Binance'те ар 4–8 саат сайын). Ал эми салттуу каржыдагы түнкү каржылоо акысы адатта күнүнө бир жолу алынат.

  • Чыгымдардын өзгөрмөлүүлүгү: Криптодогу каржылоо төлөмдөрү базардагы маанайга жараша оң мааниден терс мааниге тез өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми салттуу каржыдагы каржылоо чыгымдары адатта туруктуу жана алдын ала болжолдоого болот

  • Базар өзгөрүүлөрүнө сезимталдыгы: Криптодогу каржылоо чендери суроо-талап менен сунуштун реалдуу убакыттагы айырмачылыктарына өтө сезимтал. Ал эми салттуу каржыдагы чендер күн ичинде базарда болгон өзгөрүүлөргө жайыраак реакция кылат.

Соодагерлер үчүн практикалык мааниси

Позицияны кармап туруу наркы

Эгер мөөнөтсүз фьючерстеги позицияңызды каржылоо аралыгынан ашык убакыт кармап турсаңыз, каржылоо ченине жана позицияңыздын багытына жараша каржылоо акысын төлөйсүз же төлөм аласыз. Кыска мөөнөттүү соодада бул чыгым адатта анча чоң болбойт. Ал эми позицияны узак убакыт кармап турсаңыз, бул чыгым топтолуп, жалпы соода натыйжаңызга таасир этиши мүмкүн, айрыкча леверидж колдонсоңуз.

Позициясын бир нече күн же жума бою кармап турууну пландаган соодагерлер каржылоо чыгымдарын алдын ала эсепке алышы керек. Каржылоо чени жогору жана оң болсо, убакыттын өтүшү менен узун позициядан түшкөн киреше азайышы мүмкүн. Ал эми чен жогору жана терс болсо, кыска позицияны кармоо чыгымы көбөйүшү мүмкүн.

Соода стратегиялары

Айрым соодагерлер стратегияларын каржылоо чендерине таянып түзүшөт. Мисалы, каржылоо ченинин арбитражында соодагер фьючерстеги позицияны хеджирлөө үчүн ага карама-каршы спот позициясын кармап, ошол эле учурда каржылоо төлөмүн алат. Башкалары болсо позиция ачуу же жабуу чечимин кабыл алууда ачык позициялар жана баа тууралуу маалыматтар менен бирге каржылоо чендерин кошумча көрсөткүч катары колдонушат.

Мындай стратегияларды колдонуу тажрыйбаны жана позициянын көлөмүн туура тандоону талап кылат. Бирок алар да тобокелдиктен толук корголгон эмес. Буга чейинки каржылоо чендеринин өзгөрүшү келечекте да ушундай болот дегенди билдирбейт.

Каржылоо ченине байланыштуу тобокелдикти башкаруу

Жакшы тобокелдикти башкаруу каржылоо чендерин үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү камтыйт, айрыкча базар туруксуз болгон учурда чендер кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн. Позиция ачардан мурун соодагерлер каржылоо ченин жана кийинки төлөмгө чейин калган убакытты текшериши керек. Позициянын көлөмүн өзгөртүү же каржылоо аралыгы башталганга чейин позицияны жабуу күтүлбөгөн чыгымдарды азайтууга жардам берет.

Binance Futures'те учурдагы каржылоо чени жана кийинки төлөмгө калган убакыт соода кылуу интерфейсинин жогору жагында көрсөтүлүп, аларды оңой көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Көп берилүүчү суроолор

Криптодо Каржылоо чени деген эмне?

Каржылоо чени — мөөнөтсүз фьючерстер базарында узун жана кыска позицияларды кармаган соодагерлердин ортосунда мезгил-мезгили менен жүргүзүлгөн төлөм. Ал мөөнөтсүз келишимдин баасын базалык активдин спот баасына жакын кармап турат. Чен оң болгондо, узун позициядагы соодагерлер кыска позициядагыларга төлөшөт. Ал эми чен терс болгондо, кыска позициядагылар узун позициядагыларга төлөшөт.

Каржылоо төлөмдөрү канчалык тез жүргүзүлөт?

Binance Futures'те стандарттуу каржылоо аралыгы ар сегиз саат сайын болуп, күнүнө үч жолу төлөм жүргүзүлөт. Бирок Binance 2025-жылы каржылоо чени узак убакыт бою төмөн бойдон калганда, айрым келишимдер үчүн каржылоо аралыгын төрт саатка чейин кыскарткан динамикалык өзгөртүүлөрдү киргизген. Так убакыт келишимге жана биржага жараша айырмаланышы мүмкүн, андыктан колдонуп жаткан платформаңыздан текшерип алыңыз.

Каржылоо акысын дайыма төлөймбү?

Сөзсүз эле төлөбөйсүз. Каржылоо акысын төлөйсүзбү же аласызбы — каржылоо ченине жана позицияңыздын багытына жараша болот. Чен оң болуп, узун позицияда болсоңуз, каржылоо акысын төлөйсүз. Ал эми кыска позицияда болсоңуз, төлөм аласыз. Чен терс болгондо, тескерисинче болот.

Криптодогу каржылоо чендери салттуу каржыдагы каржылоо чендеринен эмнеси менен айырмаланат?

Криптодогу каржылоо чендери салттуу фьючерстердеги активди кармап туруу чыгымына жана CFDдеги түнкү каржылоо акысына окшош. Бирок негизги айырмачылыктар бар: криптодогу каржылоо төлөмү брокерге эмес, соодагерлердин ортосунда түз жүргүзүлөт; каржылоо чени белгиленген базалык ченге эмес, келишимдин баасы менен спот баанын айырмасына жараша өзгөрөт; ошондой эле төлөм түн ичинде бир жолу эмес, күнүнө бир нече жолу жүргүзүлөт.

Каржылоо чендерин алдын ала болжолдоого болобу?

Каржылоо чендери базардагы шарттарга жараша өзгөрөт, ошондуктан аларды так алдын ала болжолдоо кыйын. Соодагерлер кыска мөөнөттөгү багытты баалоо үчүн учурдагы каржылоо ченин жана премиум индексин көзөмөлдөй алышат. Бирок каржылоо чени, өзгөчө базар катуу туруксуз болгон учурда, тез өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Binance Futures’те Каржылоо ченин кайдан көрө алам?

Binance Futures'те ар бир келишим боюнча учурдагы каржылоо чени жана кийинки төлөмгө калган убакыт соода интерфейсинин жогору жагында көрсөтүлөт. Каржылоо чендеринин тарыхын платформанын маалымат куралдарынан да көрө аласыз.

Жыйынтыктоочу ойлор

Каржылоо чендери мөөнөтсүз фьючерстер базарынын иштешинде негизги роль ойнойт. Алар келишимдин баасын спот баага жакын кармап, белгилүү бир учурда узун жана кыска позицияларга болгон суроо-талаптын тең салмактуулугун чагылдырат. Бул түшүнүк салттуу каржыдагы активди кармап туруу чыгымына окшош болгону менен, криптодогу каржылоо чендери кыйла динамикалуу, тез-тез өзгөрөт жана базардагы маанайдын реалдуу убакыттагы өзгөрүүлөрүнө көбүрөөк сезимтал.

Мөөнөтсүз фьючерстер менен соода кылган трейдерлер үчүн каржылоо чендеринин кандай иштээрин жана кантип эсептелерин, ошондой эле алардын ар кайсы базарлардагы айырмасын түшүнүү тобокелдиктерди туура башкаруу үчүн абдан маанилүү.

Кошумча окуу материалдары

Жоопкерчиликтен баш тартуу: : Бул мазмун сизге «кандай болсо, ошондой» негизде жалпы маалымат берүү жана билим берүү максатында гана сунушталат. Ага карата эч кандай билдирүү же кепилдик берилбейт. Бул маалыматты финансылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл албаңыз. Ошондой эле ал кандайдыр бир конкреттүү өнүмдү же кызматты сатып алууга сунушталбайт. Тиешелүү кесипкөй адистерден өз алдынча кеңеш алыңыз. Эгер мазмунду үчүнчү тарап берген болсо, анда анда айтылган пикирлер ошол авторго таандык жана Binance Academy'нин көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт. Санариптик активдердин баасы кескин өзгөрүшү мүмкүн. Инвестицияңыздын наркы төмөндөшү да, жогорулашы да мүмкүн жана салган каражатыңыздын баарын кайра ала албай калышыңыз мүмкүн. Инвестициялык чечимдерди кабыл алуу үчүн толугу менен өзүңүз жооп бересиз. Binance Academy сиз тарткан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Колдонуу шарттарын, Тобокелдик тууралуу эскертүүнү, жана Binance Academy шарттарын караңыз.