Негизги жыйынтыктар
SocialFi борборсуздаштырылган каржынын принциптерин социалдык тармак менен айкалыштырып, контент түзүүчүлөргө өз маалыматтарын үстүнөн көбүрөөк көзөмөлдөө жана аудиториясы менен түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
SocialFi экосистемасы салттуу социалдык платформалардагы адилетсиз сыйлык бөлүштүрүү, борборлоштурулган башкаруу жана маалыматтарды туура эмес пайдалануу сыяктуу көптөн бери келе жаткан көйгөйлөрдү чечүүнү максат кылат.
SocialFi платформалары блокчейнди, токенимиканы жана борбордон ажыратылган башкарууну колдонуп, колдонуучулардын активдүүлүгүн сыйлоону жана ачык-айкын коомчулуктарды өнүктүрүүнү камсыздайт.
Кеңири колдонулууга жетишүү масштабдуулук жана узак мөөнөттүү туруктуулук сыяктуу негизги көйгөлөрдү чечүүгө жараша болот.
SocialFi деген эмне?
SocialFi социалдык тармак менен борборсуздаштырылган каржыны айкалыштырып, өз ара аракеттенишиңиз жана катышууңуз каржылык баага ээ боло турган платформаларды түзөт. Бул борборлоштурулган ортомчуларга таянбастан, өз материалыңызды түзүп, бөлүшүп жана түздөн-түз киреше табууга мүмкүнчүлүк берет.
Patreon аркылуу эксклюзивдүү материалды акы төлөгөн колдоочулар менен бөлүшкөндөй эле, SocialFi кирүү мүмкүнчүлүгүн, бааны жана аудиториянын катышуусун толугу менен көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет. Санарип материалга менчик укугу адатта алмаштырылгыс уникалдуу токендер (NFT) аркылуу көрсөтүлүп, постторуңузга, көркөм чыгармаларыңызга же медиа материалдарыңызга тастыкталган укуктарды берет.
SocialFi платформаларындагы башкаруу борборсуз автоматтык башкаруу уюмдары (DAO) аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Бул сизге жана башка коомчулуктун мүчөлөрүнө чечим кабыл алууга катышууга жана платформанын өнүгүүсүнө таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет.
SocialFi менен DeSoc'тун айырмачылыктары
SocialFi жана борборсуздаштырылган социалдык тармак (DeSoc) борбордон ажыратуу жана колдонуучунун менчик укугунун негизинде бирдей башталган, бирок алар багыты боюнча айырмаланат. SocialFi социалдык өз ара аракеттерден киреше табууга багытталып, колдонуучуларга жана контент түзүүчүлөргө аракеттешүүдөн жана контенттен пайда табууга мүмкүндүк берет.
Ал эми DeSoc финансылык кызыкчылыктардан көрө, коомчулукка, мамилелерге жана ачык баарлашууга басым жасайт. Бул айырмачылык Patreon платформасы контент түзүүчүлөрдүн кирешесине көңүл бурса, Instagram байланыштарга жана өз ара аракетке басым жасаганына окшошуп кетет.
SocialFi эмне үчүн пайдалуу?
Социалдык тармак баарлашуубузду, маалымат бөлүшүүбүздү жана аракеттешүүбүздөн киреше табуу жолубузду өзгөрттү, бирок көпчүлүк салттуу платформалар дагы эле борборлоштурулган көзөмөл астында иштешет. Бул платформалар маалыматтарыңыздын кандайча колдонулары боюнча чечим кабыл алып, контентке болгон менчик укугуңузду чектеп жана онлайн платформада болууңуздун кандайча бааланаарын аныктай алышат.
SocialFi социалдык өз ара аракеттенүүнү Web3 принциптери менен шайкештирүү аркылуу альтернатива сунуштайт. Коомдук токендер аркылуу өзүңүздүн таасириңиз менен аракеттешүүңүздү көзөмөлдөп, иш-аракетиңиз жана кадыр-баркыңызды өлчөнө турган активге айландыра аласыз.
Платформанын киреше моделинин бир бөлүгү болуунун ордуна, сизде түздөн-түз түзгөн баалуулуктан пайда табууга мүмкүнчүлүк бар. SocialFi ошондой эле борбордон ажыратылган модерацияны колдойт. Мында жамааттар материал тандоону жана башкарууну чогуу жетектейт.
SocialFi мейкиндигиндеги долбоорлор
Stars Arena
Stars Arena – бул Avalanche тармагында курулган SocialFi платформасы. Ал колдонуучуларга X аккаунттарын байланыштырууга жана AVAX токендери аркылуу социалдык аракеттешүүдөн киреше табууга мүмкүнчүлүк берет. Платформа Friend.tech'тин авторлор өз колдоочуларына өзгөчө контент сунушташына шарт түзгөн, колдонуу мүмкүндүгүнө негизделген моделинен таасир алган.
Mirror
Mirror – бул Ethereum тармагында жайгашкан борбордон ажыратылган басма платформасы. Ал жазуучулар менен авторлорго акылдуу келишимдер аркылуу чыгармачылык иштерин жарыялоого, каржылоого жана бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал салттуу блог жүргүзүүнү алмаштырылгыс уникалдуу токен жана краудфандинг сыяктуу Web3 функциялары менен айкалыштырып, авторлорго өз материалына менчик укугун сактап калууга жана аудиториялары менен түз байланышууга мүмкүнчүлүк берет.
Farcaster
Farcaster – бул Optimism тармагында негизделген, колдонуучуларга таандык идентификацияларга жана ачык протоколдорго багытталган, борбордон ажыратылган социалдык тармак. Ал пост жарыялоого, башкаларга көз салууга жана ачык платформасында колдонмолорду түзүүгө мүмкүнчүлүк берип, ачык-айкындуулукту, маалыматтарды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жана колдонуучулардын социалдык маалыматты узак мөөнөткө көзөмөлдөшүн камсыздайт.
SocialFi'дын кандай артыкчылыктары бар?
Борбордон ажыратылган сактагыч: SocialFi платформалары колдонуучулардын маалыматтарын коргоо үчүн чынжырдагы жана борбордон ажыратылган блокчейнден тышкары болгон сактагычты айкалыштырат. Бул борборлоштурулган серверлерге болгон көз карандылыкты азайтат жана маалыматтарды кыянаттык менен пайдалануу же уруксатсыз колдонуу тобокелдиктерин азайтууга жардам берет.
Токен сыйлыктары: Контент түзүүчүлөр да, кадимки колдонуучулар да аракеттешкени жана контент бөлүшкөнү үчүн токен сыйлыктарын ала алышат.
Көңүл бурууну токендештирүү: Колдонуучулар өзүнө көңүл бурдуруучу жана өз ара аракеттенүүнү жаратуучу жогорку сапаттагы материалдарды чыгарууга кызыгышат.
Материалга менчик укугу: Колдонуучулар өздөрүнүн материалына менчик укугун сактап калышып, жүктөп берген материалына менчик укуктарынан айрылам деген тынчсызданууну жокко чыгарат.
Платформадан чыгарылуудан коргоо: Башкаруу борборсуз автоматтык башкаруу уюму аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, борбордук бийлик тарабынан күтүлбөгөн жерден аккантту алып салуу же контентке тыюу салуу коркунучу азыраак болот.
Сөз эркиндиги: Борборлоштурулган цензура мүмкүнчүлүгүн азайтуу менен, SocialFi платформалары ачык баарлашууга жана жеке пикирди билдирүүнү коргоого шарт түзөт.
SocialFi'дын кандай кыйынчылыктары бар?
Масштабдуулук
Facebook жана X сыяктуу салттуу социалдык тармак платформалары күн сайын чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштеп чыгууга жөндөмдүү жана миллиондогон колдонуучуларга оңой жайыла турган борборлоштурулган инфраструктура менен камсыздалат. Мисалы, Facebook жалгыз өзү күн сайын посттордон, комментарийлерден жана медиа файл жүктөөлөрдөн бир нече петабайт маалыматты чыгарат.
Мындай деңгээлдеги майнаптуулукту борборсуздаштырылган чөйрөдө кайталоо кыйын, анткени Web3 тармактары борборлоштурулган серверлердин ордуна бөлүштүрүлгөн блокчейн түйүндөрүнө таянат. Иштеп чыгуучулар SocialFi колдонмолору чоң көлөмдөгү контентти эффективдүү иштетүү менен бирге, борбордон ажыратууну сактап калуу үчүн блокчейнди кичинекей бөлүктөргө бөлүү, блокчейнден тышкары сактоо жана башка масштабдоо ыкмаларын изилдеп жатышат.
Туруктуулук
Көптөгөн колдонуучуларды тартуу үчүн, айрым SocialFi платформалары узак мөөнөттө туруктуу болбой калышы мүмкүн болгон кызыктуу токендик сыйлыктарын сунушташкан. Социалдык капиталды токендөө инновациялык идея болгону менен, бул токендердин баалуулугу көп учурда таасирдүү адамдардын иш-аракеттерине байланыштуу бойдон кала берет. Мисалы, таасирдүү адамдын терс билдирүүсү алардын тиешелүү социалдык токендеринин баасын түшүрүп, терс пикирдин пайда болушуна себеп болушу мүмкүн.
Жыйынтыктоочу ойлор
SocialFi социалдык тармак менен Web3 аркылуу мүмкүн болгон ачык-айкындуулук жана колдонуучунун менчик укугун айкалыштырат. Бул онлайн чөйрөгө катышуунун жана киреше табуунун жаңы жолдорун түзүү менен бирге материалыңызды, маалыматыңызды жана өз ара аракеттенүүңүздү көбүрөөк көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. SocialFi платформаларынын келечеги алар масштабдуулук, туруктуулук жана кеңири жайылтуу сыяктуу кыйынчылыктарды канчалык деңгээлде жеңе аларынан көз каранды.
Андан ары окуу
Дисклеймер: бул мазмун сизге «бар болгон абалында» гана жалпы маалымат жана билим берүү максатында сунушталат, жана анын тактыгы, же башка кандайдыр бир кепилдик бериле албайт. Каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек жана ал кандайдыр бир белгилеген үнөмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында да арналган эмес. Сиз өзүңүздүн абалыңызга ылайык тиешелүү кесиптик кеңешчилерден кеңеш алганыңыз маанилүү. Бул макалада айтылган өнүмдөр сиздин аймакта жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Эгер макала үчүнчү жактын катышуучусу тарабынан берилсе, анда ал пикирлер үчүнчү жакка таандык экенин жана ал пикирлердин ар дайым Binance академиясынын көз карашын чагылдырбашы мүмкүн экенин эске алыңыз. Толугураак маалымат алуу үчүн биздин жоопкерчиликтен баш тартуу тууралуу толук эскертмени окуп чыгыңыз. Санарип активдердин баасы туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын наркы төмөндөшү же жогорулашы ыктымал жана сиз салган сумманы кайра кайтарып албай калышыңыз мүмкүн. Инвестиция боюнча кабыл алган чечимдер үчүн толугу менен өзүңүз жооп бересиз жана Binance академиясы сиз тарткан жоготуулар үчүн жооптуу эмес. Бул материал каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек. Кененирээк маалымат үчүн биздин Колдонуунун шарттарын жана Тобокелчилик жөнүндө эскертүүнү окуп чыгыңыз.