Негизги жыйынтыктар
Оролгон токендер бул башка активдерди, адатта, башка блокчейнге тиешелүү болгон активдерди көрсөтүүчү санарип токендер.
Алар резервде сакталган түпнуска актив менен 1:1 нарк катышын сактоо үчүн түзүлгөн.
Оролгон токендер бир блокчейндеги активдерди башка блокчейнде натыйжалуу колдонууга мүмкүнчүлүк берет, бул блокчейндер ортосундагы өз ара иштешүүнү жакшыртып, активдердин айлануусун көбөйтүүгө жардам берет.
Оролгон токендер колдонуучуларга ар кандай блокчейн тармактарында жайгашкан борборсуздаштырылган каржылык (DeFi) кызматтарды изилдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачып берет.
Киришүү
BTC'ни Ethereum тармагында же ETH'ни BNB чынжырында колдоно албаганыңыз сизди эч качан кыжаалат кылган эмес беле? Белгилүү бир блокчейндеги коиндерди жөн эле башка тармакка өткөрүүгө болбойт. Оролгон токендер бул чектөөнү айланып өтүүнүн жолу болуп, башка блокчейндерде жергиликтүү эмес активдерди натыйжалуу колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Оролгон токен деген эмне?
Оролгон токен – бул башка криптовалютанын токенизацияланган версиясы. Ал көрсөтүп турган активдин наркына байланган жана адатта каалаган убакта ошол активге кайра алмаштырылышы (чыгартылышы) мүмкүн. Адатта, ал чыгарылган блокчейнде жергиликтүү эмес активди көрсөтөт.
Мисалы, оролгон Bitcoin (WBTC) – бул Ethereum тармагындагы токен болуп, Bitcoin'ди көрсөтөт жана резервде сакталган BTC менен 1:1 нарк катышын сактайт. Бул Bitcoin'дин наркын Ethereum'де (же башка чынжырларда) колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетүүчү нерсе, сизге ороо же чыгартуу процесси жөнүндө тынчсыздануунун кереги жок; оролгон токендерди башка криптовалюталар сыяктуу криптовалюта биржасында, мисалы, Binance'тагы WBTC/BTC спот базарында соодалай аласыз.
Оролгон токендер кандайча иштейт?
Мисал катары Ethereum тармагындагы Оролгон Bitcoin (WBTC) токенин алалы. WBTC ERC-20 токени болуп, Bitcoin'дин наркына 1:1 катышты сактоо үчүн түзүлгөн жана сизге BTC'ни Ethereum тармагында натыйжалуу колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Оролгон токендер, адатта, камкорчуну талап кылат, башкача айтканда, ал оролгон токендин көлөмүнө барабар активди сактап турган уюм же тарап болуп саналат. Бул камкорчу мерчант, көп тараптуу кол коюулуучу капчык, борборсуз автоматтык башкаруу уюму (DAO), же болбосо акылдуу келишим болушу мүмкүн. WBTC'ни мисалга ала турган болсок, камкорчу ар бир (минтинг кылынган) 1 WBTC үчүн 1 BTC сакташы керек. Бул резервдин далили блокчейнде сакталган.
Бирок, ороо процесси кандайча иштейт? Соодагер BTC'ни камкорчуга минтинг кылуу үчүн жөнөтөт. Андан кийин камкорчу жөнөтүлгөн BTC'нин көлөмүнө жараша Ethereum тармагында WBTC токендерин минтинг кылат. WBTC'ни кайра BTC'ге алмаштыруу керек болгондо, соодагер камкорчуга өрттөө сурамын жөнөтөт, андан кийин резервден тиешелүү көлөмдөгү BTC иштеп чыгарылат. Камкорчуну ороочу жана ороону чыгартуучу тарап катары түшүнсө болот. Адатта, камкорчулар менен мерчанттарды кошуу же алып салуу процесси DAO тарабынан башкарылат.
Кайсы блокчейндер оролгон токендерди колдоого алат?
Бардык негизги блокчейндер ар кандай версиядагы оролгон токендерди колдоого алышат. Башында оролгон токендер көбүнчө Ethereum тармагында (ERC-20 стандарты менен) колдонулган, бирок бул технология кийинчерээк BNB чынжыры, Solana, Avalanche жана башка блокчейндерге да жайылган.
WETH (Оролгон Ether) – бул Ethereum тармагындагы өзгөчө үлгүсү: анткени ETH өзү ERC-20 токени эмес, WETH аны ERC-20 стандартына шайкеш кылуу үчүн ETH оройт, натыйжада, ERC-20 негизиндеги колдонмолор менен үзгүлтүксүз өз ара иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Оролгон токендин артыкчылыктары
Оролгон токендер төмөнкү артыкчылыктарга ээ:
Күчөтүлгөн ликвиддүүлүк: ар кандай блокчейндердеги активдер ар кандай платформаларда колдонулуп, капиталдын натыйжалуулугун жогорулатат.
Жакшыртылган өз ара иштешүү жөндөмдүүлүгү: алар ар кандай блокчейн тармактарын туташтырып, блокчейндер аралык иштерге жана интеграцияга мүмкүнчүлүк берет.
Борборсуздаштырылган каржыга катышууга кеңири мүмкүнчүлүк: колдонуучулар өз токендеринин түпнуска блокчейн тармагынан тышкары платформаларда насыяга берип, карызга алып, пайда топтоп, стейкинг кылып, добуш бере алышат.
Төмөн чыгымдар жана ылдамыраак транзакциялар: оролгон токендер кээде түпнуска блокчейнге караганда арзаныраак жана ылдамыраак транзакцияларды сунуштай алат.
Кыйынчылыктар жана тобокелдиктер
Эске алынчу төмөнкү бир нече тобокелдиктер жана чектөөлөр бар:
Камкорчуга болгон ишеним: көптөгөн оролгон токендер түпнуска активдерди сактаган ишенимдүү тараптарга таянат, бул тобокелдиктерди жаратышы жана борборлоштурулган башкаруу пункттарын түзүшү мүмкүн.
Акылдуу келишимдердеги тобокелдиктер: ороо жана ороодон чыгартуу процессин башкарган коддордо коопсуздук боюнча кемчиликтер болушу мүмкүн.
Татаалдык: оролгон токендерди колдонуу ар кандай блокчейндер боюнча айрым техникалык билимдин болушун талап кылат.
Жөнгө салуу эрежелери: оролгон токендерди жөнгө салган эрежелер дүйнө жүзү боюнча ар башка жана дагы деле өнүгүүдө.
Акылар жана слиппедж: своп учурунда мүмкүн болуучу жогорку транзакциялык акылар жана баа слиппедж айрым артыкчылыктарды азайтышы мүмкүн.
Оролгон токендер кеңири колдонулган учурлар
Оролгон токендер төмөнкү учурларда кеңири колдонулат:
Блокчейндер аралык соода жана которуулар: сиз активдерди алмаштырып же бааны ар башка блокчейн тармактары ичинде бири-бирине өткөрө аласыз.
Ликвиддүүлүктүн камсыздалышы: ликвиддүүлүктү камсыздоочулар ар кандай блокчейндердеги пулдарга оролгон активдерди депозитке сала алышат.
Борборсуздаштырылган каржы кепил мүлкү: сиз оролгон токендерди түпнуска блокчейнден тышкары блокчейндерде насыя алуу же пайда топтоо үчүн кепилдик катары колдоно аласыз.
Алмаштырылгыс уникалдуу токен менен өз ара иштешүү жөндөмдүүлүгү: Алмаштырылгыс уникалдуу токендерди да оросо болот жана бир нече платформалар аралык колдонууга болот.
Жыйынтыктоочу ойлор
Оролгон токендер ар кандай блокчейн тармактарында ликвиддүүлүктү жана борборсуздаштырылган каржыга кирүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жардам берет. Алар капиталдын натыйжалуулугун жогорулатып, колдонмолордун бири-бири менен ликвиддүүлүктү оңой бөлүшүшүнө мүмкүнчүлүк берген дүйнөнү ачат. Бирок оролгон токендерди колдонуп баштоодон мурун тобокелдиктерди эске алуу маанилүү.
Андан ары окуу
Дисклеймер: бул мазмун сизге «бар болгон абалында» гана жалпы маалымат жана билим берүү максатында сунушталат, жана анын тактыгы, же башка кандайдыр бир кепилдик бериле албайт. Каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек жана ал кандайдыр бир белгилеген үнөмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында да арналган эмес. Сиз өзүңүздүн абалыңызга ылайык тиешелүү кесиптик кеңешчилерден кеңеш алганыңыз маанилүү. Бул макалада айтылган өнүмдөр сиздин аймакта жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Эгер макала үчүнчү жактын катышуучусу тарабынан берилсе, анда ал пикирлер үчүнчү жакка таандык экенин жана ал пикирлердин ар дайым Binance академиясынын көз карашын чагылдырбашы мүмкүн экенин эске алыңыз. Толугураак маалымат алуу үчүн биздин жоопкерчиликтен баш тартуу тууралуу толук эскертмени окуп чыгыңыз. Санарип активдердин баасы туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын наркы төмөндөшү же жогорулашы ыктымал жана сиз салган сумманы кайра кайтарып албай калышыңыз мүмкүн. Инвестиция боюнча кабыл алган чечимдер үчүн толугу менен өзүңүз жооп бересиз жана Binance академиясы сиз тарткан жоготуулар үчүн жооптуу эмес. Бул материал каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек. Кененирээк маалымат үчүн биздин Колдонуунун шарттарын жана Тобокелчилик жөнүндө эскертүүнү окуп чыгыңыз.