Негизги жыйынтыктар
Соода кылуу журналы бул көптөгөн ийгиликтүү соодагерлер өз натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн колдонуучу пайдалуу курал болуп саналат.
Ал сизге соода кылуу пландарыңызды тартипке келтирүүгө, жүргүзгөн соода кылуу операцияларыңызды көзөмөлдөөгө жана сезимдериңиз чечимдериңизге кандай таасир тийгизерин байкоого жардам берет.
Криптовалюта менен соода кылуу дүйнөсүндө соода кылуу журналын түзүп, аны туура колдонуу мыкты соодагер болууга олуттуу таасир тийгизе алат.
Соода кылуу журналы жок болсо, соода операцияларыңыздын майда-чүйдөсүн унутуп коюу же ошол эле каталарды кайталоо оңой болуп калат.
Соода кылуу журналы деген эмне?
Соода кылуу журналы бул сиз өз соода кылуу операцияларыңыз жана алар боюнча ой жүгүртүүлөрүңүз жөнүндө бардык маалыматты жазып туруучу жер. Ал өз ичине соода кылуу стратегияңызды камтыйт, тобокелдикти жөнгө салуу жана соода учурундагы сезимдериңизди байкоо сыяктуу иш-аракеттер да кирет. Соода кылуу журналында кирүү жана чыгуу учурларын гана эмес, өзүн-өзү талдоо жана тынымсыз өнүгүү үчүн кеңири маалымат камтылган курал катары да кызмат аткарат.
Натыйжалуу журнал жүргүзүүдө санына эмес, сапатына көңүл буруу маанилүү: соода кылуу жыйынтыктарыңызга жана ой жүгүртүүңүзгө түздөн-түз таасир этүүчү негизги маалыматтарды жазуу зарыл. Криптовалюта менен соода кылууда сиз ошондой эл, транзакция акыларын, слиппедж жана транзакция түрлөрүн да эсепке алып турушуңуз керек.
Соода кылуу журналын колдонуунун пайдалары
Мына соода кылуу журналыңызды жүргүзүүнүн кээ бир маанилүү себептери:
Ал сизди жоопкерчиликтүү кылат жана тартипти сактоого түрткү берет.
Ал соода кылуу чечимдерине таасир этүүчү сезимдерди жана түшүнүк бурмалоолорун жөнгө салууга жардам берет.
Ал кайсы стратегиялар эң натыйжалуу экенин жана кайсы жактарыңызды өркүндөтүү керек экенин көрсөтөт.
Ал сизге ӨЖК (өткөрүп жиберүү коркуусу) же КБК (коркуу, белгисиздик жана күмөн) сыяктуу сезимдер соода кылууларыңызга кандай таасир этерин байкоого мүмкүнчүлүк берет.
Ал сизге тобокелдикти жөнгө салуу боюнча өз эрежелериңизди сактоого жардам берет, мисалы, стоп-лоссту колдонуу.
Ал прогрессиңизди жазып турат жана базар ичинде өз жүрүм-турум үлгүлөрүңүздү табууга жардам берет.
Ийгиликтүү соодагерлер, көп соода кылса дагы же узак убакыт HODL кылса дагы, адатта өз соода кылуу иш-аракеттери боюнча так жазууларды жүргүзүшөт. Жакшы соода кылуу журналы ошол ийгиликтин чоң бөлүгү болуп саналат.
Соода кылуу журналын кантип түзсө болот
Соода кылуу журналын түзүүнүн көптөгөн жолдору бар, жана ал соода кылуу стилиңизге жана муктаждыктарыңызга ылайыкташтырылышы керек. Бул жерде негизги максат соода кылуу иш-чараларыңызды пландап, жазып, талдоого мүмкүнчүлүк берген ишенимдүү система түзүү болуп саналат.
1. Сизге ыңгайлуу формат тандаңыз
Көптөгөн соодагерлер таблица программаларын (мисалы, Google Sheets, Microsoft Excel) жазма документтер (мисалы, Google Docs, Notepad) менен айкалыштырып колдонушат. Альтернатива катары, маалыматты автоматташтык түрдө импорттогучтарды (мисалы, CoinTracking же Edgewonk) API аркылуу колдоого ала турган атайын криптовалюта менен соода кылуу журналдарынын колдонмолорун колдонсоңуз болот. Binance, ошондой эле, бул процесске жардам бере турган портфель жана соода кылуу куралдарын сунуштайт.
2. Эмнелерди жазуу керек
Таблицаңызда ар бир соода тууралуу маанилүү маалыматтар бар болушу керек. Бул жерде бир нече сунуштарды келтирдик:
Кирүү күнү жана убактысы
Чыгуу күнү жана убактысы
Соода жуптары же символу
Соода түрлөрү (спот, маржа, фьючерс, опциондор жана борборсуздаштырылган каржы иш -аракети)
Багыт (кыска позиция/узун позиция)
Кирүү жана чыгуу баасы
Позиция өлчөмү жана номиналдык нарк
Стоп-лосс жана тейк-профит деңгээлдери
Соода кылуу акылары, анын ичинде транзакция акылары жана баа жылыштары
Киреше/чыгаша көлөмү жана пайызы
Соода чечиминин негиздери өзгөчө жагдайлар боюнча жазуулар
3. Өзүңүздүн ойлоруңуз үчүн бөлүм калтырыңыз
Ал үчүн өзүнчө документ түзсөңүз болот же таблицаңыздан башка баракча же өтмөк калтырсаңыз болот. Бул жерде сиз соодаңыз, базар тууралуу ой-пикирлериңизди же сезимдериңизди жана алган сабактарыңызды жазасыз. Ошондой эле, коркуу же кубаныч сыяктуу сезимдериңизди жана жаңылыктар же социалдык медиа тандоолоруңузга кандай таасир эткенин да жазсаңыз болот.
Сан жана жазууларды айкалыштырып колдонуу сизге соода кылууларыңызды жакшыраак түшүнүүгө жана акылдуу чечимдерди кабыл алууга жардам берет.
Соода кылуу журналын кантип натыйжалуу колдонсо болот
Журнал түзүү бул алгачкы кадамыңыз. Аны үзгүлтүксүз колдонуп, кайра карап чыгып, натыйжаларды соода кылууларыңызды жакшыртууда колдонсоңуз, анын чыныгы күчү пайда болот.
Соода кылууга чейин: соода идеяларыңызды жана анын себептерин жазыңыз. Эмнеге идея ишке аша турганын жана кандай тобокелдиктер бар экенин кылдат ойлонуп чыгыңыз. Чынчыл болууга аракет кылыңыз жана бүдөмүк ойлоруңузду талкуулаңыз.
Соода кылуудан кийин: соода тууралуу бардык маалыматтарды эсиңизге жаңы келген сайын дароо жазып туруңуз. Соода учурунда кандай сезимде болгонуңузду жана планыңызды өзгөрткөн болсоңуз аны да жазып коюңуз.
Регулярдуу түрдө карап чыгуу: соода стилиңизге жараша карап чыгуу графигин түзүңүз. Эгер күнүнө бир нече жолу соода кылсаңыз, журналыңызды күн сайын карап чыгыңыз. Свинг соодагерлер аны жума сайын карап чыгышы мүмкүн. Узак мөөнөттүү инвесторлор айына бир жолу карап чыга алышат. Киреше жана чыгаша үлгүлөрүңүздү карап чыгыңыз жана сезимдериңиз же базардагы өзгөрүүлөр соода кылууларыңызга таасир эткен-этпегенин талдаңыз.
Тобокелдикти көзөмөлдөңүз: стоп-лосс эрежелериңиздин сакталгандыгын жана пландан ашык тобокелдикке барбагандыгыңызды текшериңиз.
Крипто базарларына көз салып туруңуз: крипто базарларынын 24/7 иштөөсүн жана жогорку туруксуздугун эске алып, күтүлбөгөн жаңылыктар, социалдык медиадагы маанай же ликвиддүүлүктүн өзгөрүшү соода кылууларыңызга кандай таасир эткенин көзөмөлдөп туруңуз.
Эгер журнал жүргүзүүнү адатка айлантсаңыз, бул стратегияңызды өркүндөтүүгө жана сезимдериңизди жакшыраак көзөмөлдөөгө жардам берет.
Binance Academy'синин соода кылуу журналынын шаблону
Баштоого жардам берүү үчүн Binance Academy акысыз соода кылуу журналынын шаблонун түзгөн. Аны дароо колдонуу үчүн болгону [файл] жана [көчүрмөсүн жасоо] баскычтарын басууңуз жетиштүү!
➟ Binance Academy'синин соода кылуу журналынын шаблону (ал акысыз!)
Эсиңизде болсун, бул мисалда биз жогоруда талкуулаган жазма документине окшош экинчи баракчаны коштук. Бул жерде сиз ар кандай ойлорду жана пикирлерди калтырып, чечим кабыл алуу процессин жана мурунку сооданын жыйынтыктарын көзөмөлдөй аласыз.
Жыйынтыктоочу ойлор
Күн сайын соода кылсаңыз же коиндериңизди узак мөөнөткө сактасаңыз да, соода кылуу журналын жүргүзүү бул өсүүнүн эң мыкты ыкмаларанын бири. Ал сизди плансыз соода кылуудан сактайт жана ийгиликтериңизден жана каталарыңыздан сабак алууга жардам берет.
Соода кылууларыңызды, идеяларыңызды жана сезимдериңизди жазып чыгып, сиз үлгүлөрдү байкап, кадам сайын жакшыра аласыз. Бир аз эле убакыт коротуп, журнал түзүп алсаңыз, жакшы натыйжаларга жана соода кылууга болгон ишенимиңиз күчөшү мүмкүн.
Бүгүн баштаңыз жана бул иш-аракет соода кылуу тажрыйбаңызды кантип өзгөрткөнүн байкап көрүңүз!
Андан ары окуу
Жоопкерчиликтен баш тартуу: бул мазмун сизге «кандай болсо да» негизинде жалпы маалымат жана билим берүү максатында гана сунушталат, эч кандай өкүлчүлүк же кепилдик жок. Бул каржылык, юридикалык же башка профессионалдык кеңеш катары чечмеленбеши керек, ошондой эле кандайдыр бир конкреттүү өнүм же кызматты сатып алууну сунуш кылбашы керек. Сиз тиешелүү кесипкөй кеңешчилерден өзүңүздүн кеңешиңизди издешиңиз керек. Макала үчүнчү тараптын салымчысы тарабынан жазылган болсо, анда айтылган көз караштар үчүнчү тараптын салым кошуучусуна таандык экенин жана Binance академиясынын көз карашын чагылдырбайт. Кененирээк маалымат алуу үчүн биздин толук баш тартууну бул жерден окуңуз. Санариптик активдердин баасы туруксуз болушу мүмкүн. Инвестицияңыздын наркы төмөндөп же көтөрүлүшү мүмкүн жана сиз салынган сумманы кайтарып ала албайсыз. Инвестициялык чечимдериңиз үчүн сиз гана жооп бересиз жана Binance академиясы сиз тарткан чыгым үчүн жооп бербейт. Бул материал каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары каралбашы керек. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биздин Колдонуу Шарттары жана Тобокелдиктер жөнүндө эскертүү караңыз.