Негизги өзгөчөлүктөр
Токен стандарттары бул акылдуу келишимдердин криптовалюта токендерин түзүү үчүн колдонгон эрежелердин жыйындысы. Алар "техникалык шаблон" катары кызмат кылып, шайкештикти камсыз кылат.
ERC-20 жана ERC-721 сыяктууу Ethereum (ERC) стандарттары эң кеңири колдонулганы менен Bitcoin жана Solana сыяктуу башка блокчейн тармактары да өздөрүнүн уникалдуу токен стандарттарына ээ.
Өз ара шайкештик ар кандай колдонмолорго (капчыктар, биржалар, оюндар) бул токендер менен ар бири үчүн өзүнчө атайын код жазбастан, түздөн-түз иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Киришүү
Он миңдеген криптовалюталар болгонуна карабастан, алардын көпчүлүгү бир эле техникалык шаблонго негизделип түзүлгөнү сизди таң калдырышы мүмкүн. Бул техникалык шаблондор токен стандарттары деп аталат жана алар блокчейн токендеринин негизги функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана касиеттерин аныктайт.
Токен стандарттары блокчейн токендеринин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана касиеттерин аныктайт. USB каалаган компьютерде чычкандын иштешин камсыз кылган универсалдуу стандарт болгондой эле, токен стандарттары да жаңы түзүлгөн токенди болгон капчыктар, биржалар жана борборсуздаштырылган колдонмолор (DApp'тар) менен шайкеш иштешин камсыз кылат.
Эмне үчүн бизге токен стандарттары керек?
1. Өз ара шайкештик
Стандарттардын негизги артыкчылыгы шайкештик болуп саналат. Эгер иштеп чыгуучу токенди белгилүү бир стандартка ылайык чыгарса, ал автоматтык түрдө колдо болгон инфраструктура менен өз ара иштей алат. Мисалы, USDT стейблкоини ERC-20 стандартын колдонгондуктан, ал дароо Uniswap, MetaMask жана борборлоштурулган биржалар менен иштей алат, жана бул платформаларга өзүнчө атайын код жазуунун кереги жок.
2. Композициялык жөндөмдүүлүк
Борборсуздаштырылган каржыда (DeFi) композициялык жөндөмдүүлүк иштеп чыгуучуларга колдо болгон компоненттерди колдонуп жаңы өнүмдөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет — ал көп учурда "Money Legos" деп аталат. Стандарттуу токендин жүрүм-туруму белгилүү болгондуктан, иштеп чыгуучулар татаал кредит, карыз жана соода системаларын автоматтык түрдө колдоно алышат.
3. Натыйжалуулук
Стандарттар иштеп чыгуучуларга негизги функцияларды нөлдөн баштап кайра түзбөөгө мүмкүндүк берет. "Которуу" же "балансты текшерүү" сыяктуу функциялар үчүн иштеп чыгуучулар акылдуу келишимдерди жазуунун ордуна макулдашылган стандарттарга негизделген ырасталган китепканаларды колдонушат. Бул каталардын тобокелдигин азайтат жана иштеп чыгуу ылдамдыгын жогорулатат.
Кеңири колдонулуучу Ethereum токен стандарттары (EVM)
Ethereum биринчи программалоого мүмкүнчүлүк берген блокчейн болгондуктан, анын "Requests for Comments" (ERC) стандарттары бул тармактын негизин түзөт. Бул стандарттар ошондой эле EVM менен шайкеш башка Avalanche, Polygon, Arbitrum сыяктуу башка блокчейн тармактарында колдонулат.
ERC-20 (алмашылуучу токендер)
2015-жылы сунушталган ERC-20 алмашылуучу токендердин тармактык стандарты. "Алмашылуучу" деген өз ара алмашууну билдирет; анда бир токендин бирдиги колдонуу жана баа жагынан башка бир бирдик менен алмаштырылат (мисалы, бир долларлык банкнота башка бир долларлык банкнота менен бирдей).
Колдонуу кейстери: стейблкоиндер (USDT, USDC), башкаруу токендери (UNI, AAVE) жана негизги токендер.
Негизги функциялар: колдонуучуларга TotalSupply текшерүүгө жана активдерди transfer же transferFrom аркылуу өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
ERC-721 (алмаштырылгыс токендер)
ERC-721 бул 2021-жылы NFT'нин популярдуулугун камсыз кылган стандарт. Бирок ERC-20 айырмаланып, ар бир ERC-721 токени уникалдуу болуп саналат. Бул уникалдуулукту камсыз кылуу үчүн ар бир токен акылдуу келишимде өзгөчө tokenId менен белгиленет.
Колдонуу кейстери: сертификаттар, коллекциялык буюмдар, искусство, оюн ичиндеги активдер, санарип жеке файлдар, жана менчик документтер сыяктуу уникалдуу санарип активдери.
Негизги айырма: 1 ETH ар дайым 1 ETH'ка барабар болсо, ар бир ERC-721 токени уникалдуу баага жана өзгөчөлүктөргө ээ.
ERC-1155 (көп-токен стандарты)
Бул токен стандарты ERC-20 жана ERC-721 жеке колдонууда пайда болгон натыйжасыздыктарды жоюу үчүн иштелип чыккан. ERC-1155 бир эле стандартты түзөт, ал алмашылуучу жана алмаштырылгыс эки түрдөгү токендерди башкарууга мүмкүнчүлүк берет.
Жарым-жартылай алмашуу: ERC-1155 оюн активдерин башкарууда алдыңкы орунда турат. Мисалы, "алтын тыйындар" (алмашылуучу), "темир кылычтар" (жарым алмашылуучу—1 000 бирдей кылыч бар) жана "легендардык калкан" (уникалдуу NFT). ERC-1155 стандарты булардын баарын бир эле акылдуу келишимде бир убакта башкарууга мүмкүндүк берет.
Топтом түрүндө которуулар: мурунку стандарттардан айырмаланып, ERC-1155 бир эле транзакцияда ар кандай токен түрлөрүн жөнөтө алат, бул акы төлөмдөрүндө үнөмдөөгө шарт түзөт.
Ethereum'дан тышкары стандарттар
Ethereum стандарттарды орнотсо да, башка ири блокчейндер өздөрүнүн конкреттүү архитектурасын колдоо үчүн өз стандарттарын иштеп чыгышкан.
BNB акылдуу чынжыры: BEP-20
BEP-20 BNB акылдуу чынжыры (BSC) үчүн негизги токен стандарты. Ал Ethereum'дагы ERC-20 окшош иштейт, бирок BSC'нин ылдамдыгы жана төмөнкү акылары үчүн оптималдаштырылган. Ошондой эле "Peg" токендерин колдойт, ал башка блокчейндерден (мисалы, Bitcoin же Ethereum) алынган активдерди BNB чынжыр экосистемасында колдонууга ылайыкташтырылган оролгон нускасы.
Solana: SPL (Solana программалык китепканасы)
Solana токендерди EVM чынжырларынан башкача иштетет. Ethereum'де ар бир токен өзүнчө акылдуу келишим болуп саналат. Solana'да болсо бир гана "токен программасы" (SPL стандарты) бар, жана жаңы токендер бул программанын ичинде түзүлгөн жаңы эсептер катары каралат.
SPL стандарты алмашылуучу токендерди (мисалы, Solana'дагы USDC) жана NFT'лерди камтыйт, ал ERC-20 менен ERC-721 сыяктуу өзүнчө стандарттарга муктаж эмес.
Bitcoin: BRC-20 жана Runes
Он жылдан ашык убакыт бою Bitcoin токендер платформасы катары эмес, болгону акча катары каралып келген. Бул 2023-жылы Ordinal'дардын келиши менен өзгөрдү.
BRC-20: тексттик жазуулардын жардамы менен Bitcoin'де түздөн-түз алмашылуучу токендерди түзүүгө мүмкүндүк берген эксперименталдык стандарт. Акылдуу келишим токендеринен айырмаланып, BRC-20 токендери өткөрүүлөрдү көзөмөлдөө үчүн Bitcoin блокчейнин маалымат базасы катары колдонот.
Runes: BRC-20 салыштырмалуу блокчейнде азыраак орун ээлеген, Bitcoin'де алмашылуучу токендерди чыгаруу үчүн иштелип чыккан кыйла эффективдүү протокол.
Чектөөлөрдү жоюу: чынжырлардын арасындагы шайкештик
Токен стандарттарынын негизги чектөөсү болуп алардын, адатта, өзүнүн блокчейнинин ичинде гана иштеши саналат. Ethereum'дагы ERC-20 токени Solana блокчейнинде өзүнө таандык түрдө бар боло албайт.
Оролгон токендер
Салттуу ыкма боюнча, бул маселе "ороо" аркылуу чечилет. Bitcoin Ethereum'ге которулганда, BTC сактагычта кулпуланат, жана Ethereum'де ERC-20 токени катары «оролгон BTC» (WBTC) токенинин эквиваленти чыгарылат. Бул ыкма эффективдүү болсо да, кулпуланган активдерди кармаган көпүрөлөр тарыхта хакерлер үчүн негизги максат болуп келген.
Omnichain алмашылуучу токендер (OFT'лер)
Кээ бир өз ара шайкештик протоколдор (мисалы, LayerZero жана Chainlink CCIP) жөнөкөй оролуудан өтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Алар Omnichain токендерин камсыз кылат, ал борборлоштурулган сактагычтарга көз каранды болбостон, коопсуз билдирүү системалары аркылуу блокчейндер арасында түздөн-түз иштей алат.
Корутунду
Токен стандарттары криптоэкономиканын көрүнбөгөн негизи болуп саналат. Сиздин капчыгыңыздагы ERC-20 токендер, Bitcoin'деги BRC-20 токендер же Solana'дагы SPL токендер болобу, бул "техникалык шаблондор" бирдиктүү, эффективдүү жана компоненттик жактан ийкемдүү экосистеманы камсыз кылат.
Акыркы жылдары биз жөнөкөй стандарттардан татаал, гибриддик чечимдерге, мисалы ERC-404 жана Omnichain протоколдоруна өтүүнү байкадык, алар Web3’тү з ара байланыштырууга жардам берүүдө.
Окуу үчүн кошумча материалдар
Жоопкерчиликтен баш тартуу: бул материал сизге кандай болсо ошондой түрдө, жалпы маалымат жана окуу максатында гана сунушталат жана эч кандай кепилдикти билдирбейт. Аны каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары түшүнбөңүз жана белгилүү бир өнүмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо катары кабыл албаңыз Сиз тиешелүү кесиптик кеңешчилерден өз алдынча кеңеш алышыңыз керек. Бул макалада айтылган өнүмдөр сиздин аймакта жеткиликтүү болбошу мүмкүн. Эгер макала үчүнчү тараптын автору тарабынан берилсе, анда айтылган пикирлер ошол авторго таандык болуп, Binance Academy'нин көз карашын сөзсүз чагылдырбайт. Сураныч, толук маалымат үчүн биздин толук жоопкерчиликтен баш тартуу баракчасын караңыз. Санарип активдердин баалары туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн жана салынган сумманы кайтарып ала албай калышыңыз ыктымал. Инвестициялык чечимдер үчүн жоопкерчилик толугу менен сизге таандык, жана Binance Academy бул сыяктуу келип чыккан жоготууга жооптуу эмес. Бул материалды каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл албаңыз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин колдонуу шарттарын жана тобокелдик эскертүүлөрүнкараңыз.