Негизги жыйынтыктар
Улуу токуроо 1929-жылы башталган жана 1930-жылдар бою уланган дүйнөлүк экономикалык кризис. Бул дүйнө жүзүндө жумуш орундарынын, өнөр жай продукциясынын жана жашоо деңгээлинин олуттуу төмөндөшүнө алып келди.
Кризис 1929-жылдагы фондулук базар кыйроосу менен башталып, банктын иштебей калышы, соода кылуунун кыскарышы жана керектөөчүлөрдүн суроо-талабынын төмөндөшү менен начарлады.
АКШдагы жаңы келишим жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы өндүрүш иштери сыяктуу өкмөттүн кийлигишүүсү экономиканын акырындык менен калыбына келишине жардам берди.
Улуу токуроо экономикалык саясатты жана келечектеги муундар үчүн социалдык коргоо чараларын өнүктүрүүгө чоң таасир тийгизди.
Киришүү
Улуу токуроо экономикалык тарыхтагы эң маанилүү окуялардын бири болуп саналат. Кеңири тараган жумушсуздук, ишканалардын жабылышы жана миллиондогон адамдардын жашоо сапатынын төмөндөшү менен мүнөздөлүп, ал өкмөттөр жана коомдор экономикалык туруктуулукка жана саясат түзүүгө караган көз карашты өзгөрттү. Улуу токуроо тууралуу билүү бизге өткөндөгү маанилүү окуяны түшүнүүгө жана келечекте окшош кризистерден сактануу үчүн чара көрүүгө жардам берет.
Улуу токуроого эмне себеп болгон?
Улуу токуроонун бир себеби болгон эмес, тескерисинче, ал факторлордун айкалышынан келип чыккан. Келгиле, негизгилерине токтололу.
1929-жылдагы биржадагы кыйроо
Экономикалык төмөндөө Кошмо Штаттарда 1929-жылдын октябрындагы биржалардын кыйроосу менен башталган. Ал көбүнчө «кара шейшемби» деп аталат. Он жыл бою биржада спекуляция күч алып, жасалма баалардын жогорулашына алып келди.
Инвесторлор ишенимин жоготуп, акциялардын баасы төмөндөй баштаганда, бул каскаддык эффектти пайда кылды. Миллиондогон америкалыктар – көпчүлүгү карыз акча менен инвестиция жасашкан – бир түндүн ичинде биржа кескин төмөндөгөндө, сактоолорун жоготушту.
Банк системасындагы кемчиликтер
Паника күчөп, көп банктарда адамдар акчасын массалык түрдө алып кетип, алар жабылып калышты. Сактоолорун жоготкон адамдардын каражаты азайып, экономикалык активдүүлүк дагы басаңдады.
Паника Уолл стриттен сырткары да тарай баштады. Депозит ээлери өз акчаларын массалык түрдө чыгарууга аракет кылгандыктан, банктар АКШ боюнча катар-катар жабылып кетти. Сактоочуларды коргой турган камсыздандыруу же жөнгө салуу аз болгондуктан, бир банк жабылганда, көп учурда бүтүндөй коомчулук өз сактоолорун жоготушчу. Банктар жабылгандыктан, насыя тармагы каражатсыз калып, экономикадагы бардык тармактарга таасирин тийгизди.
Эл аралык сооданын төмөндөшү
Кризис АКШда башталганы менен анын кесепеттери дүйнө жүзү боюнча сезилди. Биринчи дүйнөлүк согуштун чыгымдарынан улам алсыраган көптөгөн европалык экономикалар экспорт үчүн базарлардын кыскарышына туш болушкан.
Өкмөттөр ички өнөр жайларды коргоо үмүтү менен жаңы бажы салыктарын жана коргоочу тоскоолдуктарды түзүштү – мисалы, 1930-жылдагы АКШнын Смут-Хоули бажы салыктары жөнүндө акт. Тилекке каршы, бул саясаттар чет өлкөлөрдө жооптук чараларды жаратып, глобалдык соода кылуунун кескин төмөндөшүнө себеп болду.
Керектөө чыгымдарынын жана инвестициянын кыскарышы
Жумушсуздуктун өсүшү жана белгисиздик менен, жеке адамдар жана ишканалар чыгымдарды жана инвестицияларды азайтып, суроо-талап төмөндөп, дагы көп адамдар жумушсуз калышты. Экономикалык кризис өзүн-өзү күчөп, экономика табигый жол менен калыбына келишине мүмкүнчүлүк аз болду.
Глобалдык таасир жана адамга тийгизген чыгымдар
Улуу токуроонун кесепеттери бүткүл дүйнө жүзү боюнча сезилип, Түндүк Америкадагы, Европадагы жана андан тышкаркы индустриалдык өнүккөн мамлекеттер катуу экономикалык төмөндөөгө туш болду.
Жумушсуздук жана жакырчылык
Кээ бир өлкөлөрдө жумушсуздук 25% чейин жетти. Көптөгөн адамдар жумушунан айрылып, бүтүндөй үй-бүлөлөр эң керектүү нерселерди сатып ала албай кыйналышты. Үй-жайсыздар көбөйүп, шаар борборлорунда шорпо жана нанга кезекке туруу көнүмүш көрүнүш болуп калды.
Ишканалардын жабылышы
Жергиликтүү чакан дүкөндөрдөн баштап өнөр жай гиганттарына чейин миңдеген ишканалар иштебей калды. Суроо-талап азайгандыктан, популярдуу өндүрүүчүлөр, айыл чарба продукцияларын чыгаруучулар жана каржы компаниялары жабылууга мажбур болушту. Өндүрүштүн төмөндөшү жеткирүү чынжырларына жана бүтүндөй коомчулукка тарады.
Коомдук жана саясий жылыштар
Экономикалык кыйынчылыктар көп өлкөлөрдө социалдык чыңалууларга жана саясий өзгөртүүлөргө себеп болду. Кээ бир өлкөлөрдө экономикалык туруксуздук саясий экстремизм үчүн жакшы шарт түзүп, жетекчилик жана өкмөттүн идеологиясындагы өзгөртүүлөргө алып келди. Демократиялык өлкөлөр реформаларды киргизишкен, ал эми башкаларда авторитардык кыймылдар күчөп кетти.
Калыбына келтирүү жолу
Улуу токуроодон кийин калыбына келүү жолу узун жана татаал болду. Бир да чечим жетиштүү болгон жок. Экономикалык кыймылдаткычтарды кайра жандыруу үчүн инновациялык саясаттар менен глобалдык чыр-чатактын өзгөчө кырдаалдарынын айкалышы талап кылынды.
Мамлекеттик программалар
Америка Кошмо Штаттарында Президент Франклин Д. Рузвельт жаңы келишим деп аталган амбициялуу экономикалык жардам жана реформалар программасын жүргүздү. Бул чаралар жумуш менен камсыз кылууга, суроо-талапты стимулдаштырууга жана каржы секторуна ишенимди калыбына келтирүүгө багытталган.
Демилгелер коомдук иштер долбоорлорунан банктарды жана фондулук базарды көзөмөлдөгөн жөнгө салуучу органдарды түзүүгө чейинки ар түрдүү багыттарды камтыган. Бул мезгилде көптөгөн өнүккөн өлкөлөр өздөрүнүн жумушсуздук боюнча камсыздандырууну, пенсиялык программаларын жана башка социалдык төлөмдөрүн киргизишти.
Экинчи дүйнөлүк согуштун таасири
Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы өкмөттөрдү өнөр жайга жана инфраструктурага ресурстарды жумшоого түрттү. Бул көптөгөн өлкөлөрдө экономикалык төмөндөөнү жоюуда маанилүү ролду ойноп, өндүрүштү жана жумуш орундарын түзүүнү жогорулатууга жардам берди.
Узак мөөнөттүү таасирлер жана алынган сабактар
Улуу токуроо экономикалык ой жүгүртүүгө да, мамлекеттик саясатка да туруктуу таасирин тийгизген. Кризиске жооп иретинде жөнгө салуучу органдар маанилүү реформаларды жана коопсуздук тармактарын, анын ичинде депозиттерди камсыздандыруу, баалуу кагаздарды жөнгө салуу жана социалдык камсыздоо программаларын киргизишти.
Башкача айтканда, саясатчылар экономиканы башкаруу, банктын туруктуулугун камсыз кылуу жана кризис учурунда социалдык коопсуздук тармагын камсыз кылуу үчүн өкмөттөр көбүрөөк жоопкерчиликти алып, интервенциячыл мамилени иштеп чыгышты.
Жыйынтыктоочу ойлор
Өткөндү эске алганда, улуу токуроо дүйнөлүк экономиканын канчалык назик болушу мүмкүн экенин эскертип турат. 1930-жылдардан бери көп нерсе өзгөрдү, бирок ошол мезгилден алынган сабактар бүгүн лидерлердин жана адистердин чечимдерине таасирин тийгизет.
Андан ары окуу
Дисклеймер: бул мазмун сизге «бар болгон абалында» гана жалпы маалымат жана билим берүү максатында сунушталат, жана анын тактыгы, же башка кандайдыр бир кепилдик бериле албайт. Каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек жана ал кандайдыр бир белгилеген үнөмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында да арналган эмес. Сиз өзүңүздүн абалыңызга ылайык тиешелүү кесиптик кеңешчилерден кеңеш алганыңыз маанилүү. Бул макалада айтылган өнүмдөр сиздин аймакта жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Эгер макала үчүнчү жактын катышуучусу тарабынан берилсе, анда ал пикирлер үчүнчү жакка таандык экенин жана ал пикирлердин ар дайым Binance академиясынын көз карашын чагылдырбашы мүмкүн экенин эске алыңыз. Толугураак маалымат алуу үчүн биздин жоопкерчиликтен баш тартуу тууралуу толук эскертмени окуп чыгыңыз. Санарип активдердин баасы туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын наркы төмөндөшү же жогорулашы ыктымал жана сиз салган сумманы кайра кайтарып албай калышыңыз мүмкүн. Инвестиция боюнча кабыл алган чечимдер үчүн толугу менен өзүңүз жооп бересиз жана Binance академиясы сиз тарткан жоготуулар үчүн жооптуу эмес. Бул материал каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек. Кененирээк маалымат үчүн биздин Колдонуунун шарттарын жана Тобокелчилик жөнүндө эскертүүнү окуп чыгыңыз.