Бардык Bitcoin'дар майнинг кылынгандан кийин эмне болот?

Бардык Bitcoin'дар майнинг кылынгандан кийин эмне болот?

Баштапкы
Жарыяланган Aug 27, 2025Жаңыртылган Aug 29, 2025
5m

Негизги жыйынтыктар

  • Bitcoin'дин жалпы запасы 21 миллион коин менен чектелген.

  • 2025-жылдын август айына карата 19,91 миллиондан ашык BTC майнинг кылынды (болжол менен, жалпы запастын 94,8%). 

  • Учурдагы блок сыйлыктары менен жаңы bitcoin'дар ар 10 мүнөт сайын, болжол менен, 3,125 BTC ылдамдыкта казылууда.

  • Соңку bitcoin, болжол менен 2140-жылы казылып бүткөндө, майнерлерге жаңы BTC сыйлык катары берилбей калат. Анын ордуна, алар майнинг чыгымдарын жабуу жана тармакты колдоо үчүн толугу менен транзакция акыларына таянышат.

  • Блокчейн анализи менен алектенген компаниялар азыркы айлануучу запастагы Bitcoin'дардын болжол менен 20% жоголуп кетиши же жеткиликсиз болушу мүмкүн деп баалашат.

бардык bitcoin'дар майниг кылынгандан кийин эмне болору тууралуу ишке киргизүү баннери

Киришүү

Bitcoin эң катуу коин саясаттарынын бирине ээ: запаска жогорку чек коюлган. Болгону 21 миллион bitcoin гана бар болушу мүмкүн. Бул тартыштык адамдардын Bitcoin'ду алтынга салыштырып, аны баалуу сактоо каражаты катары эсептөөсүнүн негизги себептеринин бири болуп саналат. Бирок бул чекке жеткенде эмне болот? Жаңы коиндер чыгарылбаган учурда майнинг, коопсуздук жана транзакциялар кандайча иштейт? Келгиле, аны жеңилдетип түшүнүп көрөлү.

Bitcoin'дун жалпы запасы канча?

Башынан эле, Bitcoin'дун жаратуучусу Сатоши Накамото максималдуу запасты 21 миллионго чектеген. Анын максаты бул салттуу валюталарды жабыркаткан инфляцияга туруштук бере турган система куруу болгон. Чексиз акча басып чыгара албаган борбордук банктардан айырмаланып, Bitcoin туруктуу чектөөнү камсыздайт. Бул катуу чектөө 21 миллион BTC'ден ашык чыгарылбашын камсыздайт жана Bitcoin'ду инфляцияга туруктуу активге айландырат.

Канча Bitcoin майнинг кылынган?

2025-жылдын август айына карата болжол менен 19,91 миллион bitcoin майнинг кылынды. Майнинг процесси 2009-жылы башталган, бирок жаңы BTC чыгарылышы ар төрт жыл сайын пландаштырылган эки эсе азаюу иш-чараларынын таасири менен жайлайт, ал учурда блок сыйлыктары жарымына чейин кыскартылат. Майнинг кылуу үчүн болгону 1 миллиондон ашык коин калды жана эки эсе азаюу иш-чараларынын таасиринен улам акыркы BTC болжол менен 2140-жылына чейин казылат деп күтүлүүдө.

Майнинг компьютерлери күчтүүрөөк болсо эмне болот?

Сатоши Bitcoin протоколун блоктор орточо эсеп менен ар 10 мүнөт сайын казылып чыгышын камсыз кылына тургандай кылып түзгөн. Эгер майнерлер күчтүүрөөк жабдууларды колдонсо (же тармакка көбүрөөк майнерлер кошулса), Bitcoin'дин хэш ылдамдыгы жогорулайт жана протокол майнингди татаалдаштырып, автоматтык түрдө жөнгө салат. Эгер майнерлер тармактан чыгып кетсе, хэш ылдамдыгы төмөндөйт, жана протокол майнингди салыштырмалуу жеңил кылат. Ошентип, жалпы хэш ылдамдыгы канча болбосун, протокол автоматтык түрдө жөнгө салынып, Bitcoin блоктору болжол менен ар 10 мүнөт сайын казылып чыгышын камсыздайт.

1 Bitcoin'ду майнинг кылуу үчүн канча убакыт талап кылынат?

Учурда майнерлер ар 10 мүнөт сайын болжол менен 3,125 bitcoin сыйлык алышат. Демек, орточо эсеп менен, бүт тармак боюнча ар мүнөттө 0,3125 bitcoin казылып алынат. Башкача айтканда, дүйнөлүк майнинг активдүүлүгүн эске алганда, болжол менен ар 3,2 мүнөттө бир bitcoin пайда болот.

Айлануу запасында канча Bitcoin бар?

Теория боюнча, учурда айлануудагы запас казылып алынган bitcoin'дердин жалпы суммасына дал келет, ал болжол менен 19,91 миллионго туура келет. Бирок иш жүзүндө, анын чоң бөлүгү түбөлүккө жоголгон. Аналитиктер баалагандай, казылган бардык bitcoin'дердин 20%на чейин жоголгон болушу мүмкүн, себеби жеке ачкычтар унутулуп калган, катуу диск жоюлган же крипто капчыктар унутулуп кеткен. Демек, чыныгы колдонууга жарамдуу запас азыраак жана сандык көрсөткүчтөрдө берилгенден да көп Bitcoin тартыштыгы жаралат.

Бардык BTC казылып алынганда, майнинг акыларына эмне болот?

Акыркы bitcoin казылып бүткөндө, блок сыйлыктары жоголот. Майнерлер ошол учурда кирешесин толугу менен транзакция акыларынан алышат. Бул акыларды колдонуучулар Bitcoin жибергенде төлөшөт, жана майнерлер тармакты коопсуз кылууга кызыкдар бойдон калышы үчүн алар жетиштүү деңгээлде жогору болушу керек.

Бир нече төмөнкү натыйжаларга себеп болушу мүмкүн:

  • Жогору транзакция акылары: эгер майнерлер көбүрөөк компенсация талап кылса, колдонуучулар BTC жиберүүдө көбүрөөк чыгымга дуушар болушу мүмкүн.

  • Масштабдоо чечимдерине көбүрөөк таянуу: Lightning сыяктуу тармактар кыймыл тыгынын азайтууга жана акыларды жөнгө салууга жардам бере алат.

  • Майнингди бириктирүү: эгер акылар жетишсиз болсо, айрым майнерлер ишин токтотушу мүмкүн. Мүмкүнчүлүгү аз болсо да, эгер бул кеңири масштабда болсо, тармактын коопсуздугуна байланыштуу коркунучтар пайда болушу мүмкүн.

Ошол эле кезде, Bitcoin өзгөрүүлөргө ылайыкташуу тажрыйбасына ээ, андыктан майнерлерди кызыктыруу аркылуу колдонуучулардын чыгымын тең салмактоочу жаңы чечимдер пайда болушу мүмкүн.

Жыйынтыктоочу ойлор

2140-жылы дагы алыс, бирок жаңы bitcoin чыгарылышынын аягы жөн гана теориялык чек эмес, маанилүү окуя болуп саналат. Бул майнерлер учурдагы блок сыйлыктарынын ордуна толугу менен акыларга таянганда, тармак кантип иштерин сынайт. Бул өткөөл убак транзакция чыгымдарын жана майнинг экономикасын өзгөртүшү мүмкүн.

Ошол эле учурда, Bitcoin'дун бул жогорку чек аны өзгөчө кылган факторлордун бири болуп эсептелет. Анын туруктуу запасы Bitcoin'ди тартыш, борборсуздаштырылган актив катары баалуу кылат. Акылар жогоруласа да, масштабдоо жакшыртылса да же жаңы стимулдар пайда болсо да, Bitcoin'дун келечеги аны ушул күнгө чейин жеткирген күчтөрү болгон адаптацияга, инновацияга жана эч бир жеке жак көзөмөлдөбөгөн системага болгон ишенимге көз каранды болот.

Андан ары окуу

Дисклеймер: бул мазмун сизге «бар болгон абалында» гана жалпы маалымат жана билим берүү максатында сунушталат, жана анын тактыгы, же башка кандайдыр бир кепилдик бериле албайт. Каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек жана ал кандайдыр бир белгилеген үнөмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында да арналган эмес. Сиз өзүңүздүн абалыңызга ылайык тиешелүү кесиптик кеңешчилерден кеңеш алганыңыз маанилүү. Бул макалада айтылган өнүмдөр сиздин аймакта жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Эгер макала үчүнчү жактын катышуучусу тарабынан берилсе, анда ал пикирлер үчүнчү жакка таандык экенин жана ал пикирлердин ар дайым Binance академиясынын көз карашын чагылдырбашы мүмкүн экенин эске алыңыз. Толугураак маалымат алуу үчүн биздин жоопкерчиликтен баш тартуу тууралуу толук эскертмени окуп чыгыңыз. Санарип активдердин баасы туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын наркы төмөндөшү же жогорулашы ыктымал жана сиз салган сумманы кайра кайтарып албай калышыңыз мүмкүн. Инвестиция боюнча кабыл алган чечимдер үчүн толугу менен өзүңүз жооп бересиз жана Binance академиясы сиз тарткан жоготуулар үчүн жооптуу эмес. Бул материал каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек. Кененирээк маалымат үчүн биздин Колдонуунун шарттарын жана Тобокелчилик жөнүндө эскертүүнү окуп чыгыңыз.