Негизги жыйынтыктар
Негизги буйрутмалардын түрлөрү (базар, чек жана чек мейкер) ар биринин өзүнчө өзгөчө максаты бар, маанилүү соода кылуунун аткаруу опциондорун сунуштайт.
Тейк-профит жана стоп‑лосс сыяктуу соода кылуунун чыгуу стратегиялары баага негизделген шарттарга жараша буйрутманы аткарууну автоматташтыруу аркылуу тобокелдикти башкарууга жардам беришет.
(OCO, OTO'жана OTOCO) өркүндөтүлгөн буйрутма комбинациялары Binance колдонуучуларын жакшыраак соода башкаруусу үчүн татаал стратегияларды аткарууга өбөлгө түзөт.
Киришүү
Binance'та соода кылууда, колдонуучулар ар кандай буйрутма түрлөрүнө ээ, бул буйрутмалардын ар бири соода кылууну аткарууда айкын максаттарга кызмат кылат. Бул буйрутмалар негизги опциондордон базар жана белгиленген буйрутмалардан баштап, бирөө экинчисин жокко чыгарат (OCO) жана бирөө экинчисин кыймылга келтирет (OTO) сыяктуу татаалыраак стратегияларга чейин өзгөрөт.
Бул макалада Binance'та жеткиликтүү болгон ар кандай буйрутмалардын түрлөрү, алардын өзгөчө функциялары жана ар бирин качан колдонуу керектиги кыскача маалымат берилет.
Негизги буйрутмалардын түрлөрү
Негизги буйрутмалар белгилүү бир максаттарга кызмат кылат жана кээ бир маалыматты камтыйт. Бардык буйрутмалардын түрлөрүндө символун (мисалы, BTCUSDT) жана багытын (САТЫП АЛУУ же САТУУ) көрсөтүү керек. Биз эң кеңири колдонулгандарды карап чыгабыз: Базар, Чек жана Чек мейкер.
Базар буйрутмасы
Базар буйрутмасы – бул эң жөнөкөй жана дароо аткарылуучу буйрутма түрү. Базар буйрутманы жайгаштырганда, соодагер активди базарда жеткиликтүү болгон эң жакшы баа менен сатып алууга же сатууга макул болот. Базар буйрутма жайгаштырылгандан кийин дароо аткарылат жана соодагер учурдагы базар баасына жараша суралган көлөмдөгү активди алат.
Базар буйрутмалардын негизги артыкчылыгы – алардын ылдамдыгы, алар дароо аткарылгандыктан ыкчам иш-аракет кылышы керек болгон соодагерлер үчүн эң мыкты тандоо болуп саналат. Бирок, соода кылуунун терс жагы, айрыкча базар тез өзгөрүп жатканда, акыркы аткаруунун баасы так күтүлгөндөй болбой калышы мүмкүн.
Белгиленген буйрутма
Белгиленген буйрутмалар соодагерлерге активди сатып алууга же сатууга даяр болгон так бааны коюуга мүмкүндүк берет. Бул учурда соодагер белгиленген бааны көрсөтөт, жана базар ошол баага жеткенде же андан жакшыраак шарт сунушталганда гана буйрутма аткарылат.
Бул шашпай, базар өзүнө келгенин күткөндөр үчүн пайдалуу ыкма болуп саналат. Белгиленген буйрутмалар баа талаптары аткарылганга чейин күчүндө калат, бул базардын активдүүлүгүнө жараша убакыт мүнөттөргө, сааттарга же күндөргө чейин созулушу мүмкүн.
Кошумчалай кетсек, белгиленген буйрутмалар соодагерлерден күчүндө болгон убакытты көрсөтүүнү талап кылат, бул мөөнөт буйрутманын канча убакытка активдүү калаарын аныктайт. Эң кеңири таралган опциондор:
Жокко чыгарганга чейин күчүндө калган (GTC): буйрутма толук аткарылганга же колдонуучу тарабынан кол менен жокко чыгарганга чейин ачык калат.
Ыкчам аткаруу же жок кылуу (IOC): буйрутма дароо толук же бөлүнгөн түрдө аткарылууга аракет кылат, аткарылбаган бөлүгүн жок кылат.
Аткарылышы керек же жокко чыгарылышы керек (FOK): буйрутма толугу менен дароо аткарылышы керек; болбосо жок кылынат.
Чек мейкер
Чек мейкер буйрутмасы кадимки белгиленген буйрутма менен окшош, бирок ликвиддүүлүктү алып салуунун ордуна базарга ликвиддүүлүк кошуучу мейкер буйрутма болууну камсыз кылат. Кээде аны жарыялоо үчүн гана буйрутма деп аталат-ал сооданын учурдагы буйрутма менен дароо аткарылып кетишин алдын алат.
Чек мейкер буйрутмалар өз соода баасын көзөмөлдөөнү каалаган жана дароо дал келгенде пайда болгон мейкер/аткаруучу акысынан качкысы келгендер үчүн өзгөчө пайдалуу болот.
Соода кылуудан чыгуу стратегиялары
Соода кылуудан чыгуу стратегиялары тобокелдикти башкаруу жана кирешени коргоо үчүн өтө маанилүү. Бул стратегиялар тейк-профит жана стоп-лосс буйрутмаларын камтыйт, алар белгиленген баада позициядан чыгууга колдонулат.
Стоп-лосс буйрутмалары
Стоп-лосс буйрутмасы базар белгиленген баага жеткенде позицияны автоматтык түрдө жабат, базар соодагерлерге каршы чыкканда аларга жоготууну чектөөгө жардам берет. Мисалы, кимдир бирөө криптовалютаны сатып алып, баа белгиленген стоп баасына түшкөндө, стоп-лосс буйрутмасы аны жоготуудан коргонуу максатында сатат.
Базардын кыймылы соодагердин позициясын пайда кылып, стоп-лосс буйрутмасы белгиленген баа же автоматтык түрдө жөнгө салынуучу стоп-трейлинг менен коюлушу мүмкүн. Бул трейлинг механизми баа жогорулаганда кирешелерди бекемдейт, бирок базардын баасы соодагердин кызыкчылыгына каршы белгиленген өлчөмгө чейин жылса, сатууну козгойт.
Тейк-профит буйрутмалары
Тейк-профит буйрутмалары базар белгиленген киреше деңгээлине жеткенде соодагерлерге кирешелерди бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Баанын төмөндөшү менен иштей баштаган стоп‑лосс буйрутмаларынан айырмаланып, тейк-профит буйрутмалары киреше деңгээлге жеткен учурда гана иштетилет. Бул буйрутманын түрү базарды үзгүлтүксүз мониторинг кылбай туруп эле кирешени камсыздоону каалаган соодагерлер үчүн өзгөчө пайдалуу.
Тейк-профит буйрутмалары бирдиктүү стратегияда стоп-лосс буйрутмалары менен айкалыштырылышы мүмкүн, бул соодагерлерге тейк-профит буйрутмасы үчүн каалаган бааларын жана жоготууну чектөө үчүн каалаган бааларын белгилөөгө мүмкүндүк берет.
Шарттуу буйрутмалардын түрлөрү
Шарттуу буйрутмалар-бул бир нече шарттар аткарылганда гана жайгаштырылган, алдыңкыраак стратегиялар болуп саналат. Мунун ичинде стоп-лосс чектөө жана тейк-профит буйрутманы чектөө сыяктуу буйрутмалар бар.
Стоп-лосс Белгиленген буйрутмалары
Стоп-лосс Белгиленген буйрутма стоп-лосс буйрутманы белгиленген буйрутма менен иштөө функцияларын айкалыштырат. Стоп баасына жеткенде, белгиленген буйрутма иштеп баштайт, бул соодагерлерге сатууну каалаган так баасын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул буйрутма тез кыймылдаган базарда пайдасыз баада сатылуунун алдын алууга жардам берет.
Бул буйрутманын түрү жөнөкөй стоп-лосс буйрутмасынан көбүрөөк көзөмөлдү камсыздайт, анткени соодагер кабыл алгысы келген бааны көрсөтүп, каалабаган баада сатуу мүмкүнчүлүгүн азайтат.
Тейк-профит буйрутмасы Белгиленген буйрутма
Тейк-профит буйрутмасы жана белгиленген буйрутмалары стоп-лосс жана белгиленген буйрутмалар менен бирдей тартипте иштейт. Бул буйрутмалар алдын ала белгиленген баага жеткенде белгиленген буйрутманы иштете баштайт. Баа белгилүү бир пайда деңгээлине жеткенде, соодагерлер бул буйрутманын түрүн позициядан автоматтык түрдө чыгуу үчүн колдонсо болот, соода алардын күтүүлөрүнө жооп берген баасында жабылышын камсыздайт.
Алдын ала иштелген буйрутмалардын түрлөрү
Татаалыраак соода кылуу стратегиялары үчүн, соодагерлер өз ара байланышкан буйрутмаларды колдонсо болот, бул буйрутмалар сооданы башкарууда жогорку ийкемдүүлүк жана автоматташтыруу мүмкүнчүлүгүн берет.
Бирөө экинчисин жокко чыгарат (OCO)
OCO деген буйрутмасы эки буйрутманы бир буйрутмага айкалыштырат. Биринчи буйрутма белгиленген буйрутма же тейк-профит буйрутмасы катары жайгаштырылат, ал эми экинчи буйрутма стоп-лосс буйрутмасы. Эгерде бул буйрутмалардын бири аткарылса, экинчиси автоматтык түрдө жокко чыгарылат. Бул стратегия соодагерге кирешени коргоого жана мүмкүн болгон жоготууларды чектөөгө жардам берет.
Мисалы, соодагер жогорку баада тейк-профит буйрутманы жайгыштырып, ал эми төмөнкү баада стоп-лосс буйрутманы жайгаштырса, базар кандай багытка кетишине жараша ушул буйрутмалардын бирөөсү гана иштей башташын камсыз кылат.
Бирөө экинчисин кыймылга келитрет (OTO)
Соодагерге эки буйрутманы жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берет, алардын экинчиси биринчиси толук аткарылганда гана иштей баштайт. Бул стратегия белгилүү шарт аткарылганда гана экинчи буйрутма иштеп башташы керек болгон учурларда соодагерлерге пайдалуу болот.
Мисалы, соодагер активди сатып алуу үчүн белгиленген буйрутманы жайгаштырышы мүмкүн жана ал буйрутма толук аткарылган соң, күтүлүп жаткан сатуу буйрутмасы ишктей баштайт.
Бирөө экинчисин жокко чыгарат бирөө экинчисин кыймылга келтирет (OTOCO)
OTOCO буйрутмасы OTO жана OCO буйрутмаларынын функцияларын айкалаштырат. Биринчи буйрутма иштеп жаткан буйрутма катары жайгаштырылат, ал эми экинчиси OCO катары байланышкан эки күтүлүп жаткан буйрутмадан турат. Бул күтүлүп жаткан буйрутмалар биринчи буйрутма толук аткарылгандан кийин гана жайгаштырылат.
Бул буйрутманын түрү тейк-профит буйрутмасы же Стоп-лосс вариант сыяктуу бир нече чыгуу шартын камтыган татаалыраак стратегиясын түзгүсү келген соодагерлер үчүн пайдалуу болот.
Жыйынтыктоочу ойлор
Ар бир буйрутманын кандай иштээрин билүү-бул жөнөкөй базар буйрутмаларынан баштап, татаал OTOCO деген сыяктуу өз ара байланышкан стратегияларга чейин соодагерлерге өз максаттарына туура шайкеш келген куралдарды тандоого мүмкүндүк берет. Туура тандалган буйрутма соода кылууну автоматташтырууга, тобокелдикти азайтууга, жана жалпы жыйынтыктарды жакшыртууга жардам берет. Бул опциондорду үйрөнүү базарга жооп кайтаруудан айырмаланып, соода кылуунун натыйжаларын активдүү түрдө түзүү мүмкүндүк берет.
Андан ары окуу
Дисклеймер: бул мазмун сизге «бар болгон абалында» гана жалпы маалымат жана билим берүү максатында сунушталат, жана анын тактыгы, же башка кандайдыр бир кепилдик бериле албайт. Каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек жана ал кандайдыр бир белгилеген үнөмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында да арналган эмес. Сиз өзүңүздүн абалыңызга ылайык тиешелүү кесиптик кеңешчилерден кеңеш алганыңыз маанилүү. Бул макалада айтылган өнүмдөр сиздин аймакта жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Эгер макала үчүнчү жактын катышуучусу тарабынан берилсе, анда ал пикирлер үчүнчү жакка таандык экенин жана ал пикирлердин ар дайым Binance академиясынын көз карашын чагылдырбашы мүмкүн экенин эске алыңыз. Толугураак маалымат алуу үчүн биздин жоопкерчиликтен баш тартуу тууралуу толук эскертмени окуп чыгыңыз. Санарип активдердин баасы туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын наркы төмөндөшү же жогорулашы ыктымал жана сиз салган сумманы кайра кайтарып албай калышыңыз мүмкүн. Инвестиция боюнча кабыл алган чечимдер үчүн толугу менен өзүңүз жооп бересиз жана Binance академиясы сиз тарткан жоготуулар үчүн жооптуу эмес. Бул материал каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек. Кененирээк маалымат үчүн биздин Колдонуунун шарттарын жана Тобокелчилик жөнүндө эскертүүнү окуп чыгыңыз.