TL;DR
Эң негизгиси, Binance криптовалютасын кайсы тармак аркылуу салып же чыгарып жатканыңызга көңүл буруңуз. BNB Smart Chain (BEP-20) жана Ethereum (ERC-20) тармактарын алмаштырып алып, токендериңизди туура эмес блокчейнге жөнөтүп жиберишиңиз мүмкүн.
Эгер каражаттарыңыз жөнөтүлгөн крипто капчыкта BEP-20 жана ERC-20 токендери колдоого алынса, аларды кайра Binance'ка оңой эле кайтара аласыз.
Эгер капчыгыңыз же ERC-20, же BEP-20 тармагында гана иштесе, капчыгыңыздын жеке ачкычын эки блокчейнде тең иштеген жаңы капчыкка өткөрүшүңүз керек.
Binance аккаунтуңузда туура эмес блокчейнге, башка криптовалюта алмаштыруу биржага же аманат капчыгына салынган каражаттарды кайтаруу оңой эмес. Мындай учурда капчыктын кардарларды тейлеген кызматына кайрылып жардам сурашыңыз керек.
Киришүү
Эгер Binance'тан активдерди чыгарып алган болсоңуз, кээ бир тыйындарды ар кандай тармактар аркылуу жөнөтүүгө болорун байкасаңыз керек. Кээде дасыккан HODL'лер да транзакциялар үчүн туура блокчейн тандоодо арсар болушат. Криптовалютаны башка капчыкка өткөрүүдө кайсынысын тандоо керек?
Кыскасы, алуучу капчыктын тармагын тандоо керек. Техникалык тил менен айтканда, токендин ERC-20, BEP-20 же BEP-2 сыяктуу кандай стандартын колдонуп жатканыңызга жараша болот.
Эгер криптовалютаңызды туура эмес блокчейнге жөнөтүп алсаңыз, эң башкысы, жөнөтүлгөн капчыктын түрүн аныктаңыз. Эгер жеке ачкычыңыз же калыптандыруучу сөздөр болсо, мындай капчык аманат эмес капчык болот. Эгер бул нерселериңиз болбосо, анда капчыгыңыз аманат болот. Ушуну аныктап алгандан кийин, маселени үч жол менен чечип көрсөңүз болот.
Каражаттарымды туура эмес тармакка жөнөтүп алдым. Эмне кылам?
Биринчиден, коркпоңуз. Эгер ERC-20 токендерин (ETH сыяктуу) BNB Smart Chain (BSC) же BEP-20 токендерин Ethereum тармагы аркылуу жөнөтсөңүз, аларды кайтарса болот. Төмөндө үч кырдаал жана аларды чечүү жолдору келтирилди:
1. Токендерди BSC менен да, Ethereum менен да иштеген капчыкка жөнөттүңүз.
Токендерди кайра Binance'тагы керектүү тармакка кайтара аласыз.
2. Токендерди же BSC, же Ethereum менен гана иштеген капчыкка жөнөттүңүз.
Жеке ачкычыңызды алып, аны эки тармак менен тең иштеген капчыкка өткөрүшүңүз керек.
3. Токендериңизди аманат капчыгына же криптовалюта алмаштыруу биржасына жөнөттүңүз.
Капчыктын провайдерине же алмаштыруу биржасынын кардарларды тейлеген кызматына кайрылыңыз. Каражаттарыңызды кайтара албай калышыңыз мүмкүн.
Маселени чечүүдөн мурун, эртеңки күнү мындай нерсе кайталанбашы үчүн анын себебин түшүнүп алыңыз.
BEP-20 менен ERC-20 айырмасы кандай?
ERC-20 жана BEP-20 – белгилүү бир эрежелер жана техникалык нускамалар боюнча иштеген токендердин токен стандарттары. Алар транзакцияларды, каражаттарды салуу жана активдерди чыгарып алуу иштерин жөнгө салат. ERC-20 да, BEP-20 да токендин ар кандай капчыктар, долбоорлор жана акылдуу келишимдер менен иштешин стандартташтырат.
Ушул эки стандарттын иштөө принциби аябай окшош болгону менен, ERC-20 стандарты Ethereum тармагында гана, ал эми BEP-20 стандарты BNB Smart Chain тармагында гана иштейт. Жөнөкөй тил менен айтканда, булар эки башка блокчейнге таандык токен стандарттары.
Эгер криптовалютаңыз башка тармакта болсо, аны колдоно албашыңыз мүмкүн. Мисалы, BSC тармагына жөнөтүлгөн ETH криптовалютаны Ethereum DApps жана акылдуу келишимдерде колдоно албайсыз.
BEP-20/ERC-20 токенин туура эмес блокчейнге жөнөтсөм эмне болот?
ERC-20 токенин BSC тармагына же BEP-20 токенин Ethereum'га жөнөтсөңүз, токен тандалган тармактагы ошол эле капчыктын дарегине түшөт. BSC жана Ethereum капчыктарынын даректери окшош болуп, бир жеке ачкыч менен киресиз.
Мисалы, ETH криптовалютасы BSC тармагына жөнөтүлсө, BSC тармагындагы капчыгыңызда Ether'ге байланган BEP-20 токени алынат. Транзакциянын идентификаторун BscScan.com дарегинде текшерип, ал эми Ethereum тармагына жөнөтүлгөн BEP-20 токендерин Etherscan.io дарегинде текшере аласыз.
Төмөндө ERC-20 ETH токенин BSC (BEP-20) тармагы аркылуу Binance капчыгына жөнөткөн (бул жерден BscScan) мисалды карап көрөлү. Бул токендер BSC тармагындагы ошол эле капчыктын дарегинде Binance-Peg Ethereum катары көрүнүүдө.
Бактыга жараша, бул учурда криптовалютаңыз жоголгон жок. Аны болгону туура блокчейнге гана кайтарып коюу керек. Төмөндө ушундай кырдаалды чечүү жолдору келтирилген.
BSC жана Ethereum экөө тең иштеген капчыктан кайтаруу
Эки блокчейнде тең иштеген капчыктан токендериңизди оңой эле кайтарасыз. Криптовалютаңыз көрүнбөй жатса, ар бир тармактагы токендердин тизмесин ачып караңыз.
Мисалы, MetaMask'та бардык тыйындарыңызды көрсөткөн [Токен кошуу] деген баскыч бар.
Эгер тизмеде тыйын көрүнбөсө, капчыгыңызга токендин келишимин кошуу керек. Бул процессти Же BSC, же Ethereum тармагы гана иштеген капчыктан кайтаруу деген бөлүмдүн 5-кадамын караңыз.
Токениңизди баштапкы блокчейнге эки жол менен кайтара аласыз: Binance көпүрө аркылуу же кол менен.
Кол менен конвертациялоо
Токендерди кол менен конвертациялоодо криптовалютаны кайра Binance'ка жөнөтүшүңүз керек. Binance'тагы спот капчыгыңыздын депозит тармагы токениңиз жайгашкан блокчейндин тармагына дал келиши керек. Криптовалютаңыз түшөөрү менен, аны кайра тышкы капчыгыңызга жөнөтө аласыз.
Бул мисалда Binance-Peg ETH (BEP-20) токенин ERC-20 ETH токенине кайтарабыз. Жөнөтүп жаткан капчыкта транзакция акыларын төлөгөн BNB болушу керек.
1. Binance криптовалютасынын депозит бетинде ETH жана BEP-20 (BSC) депозит тармагын тандаңыз. Эгер туура эмес тармакка жөнөтсөңүз, Binance каражаттарыңызды кайтара албай калат.
2. ETH Binance аккаунтуңузга кайтарылгандан кийин, аны Ethereum иштеген капчыкка которуп, Ethereum (ETH) ERC20 тармагын тандап, ERC-20 токенине алмаштырыңыз.
Ошондо каражаттарыңыз тышкы капчыгыңыздын туура блокчейнине жөнөтүлгөн болот.
Же BSC, же Ethereum тармагы менен гана иштеген капчыктан кайтаруу
Бул учурда токендериңизди кайтаруу үчүн капчыгыңыздын жеке ачкычын эки блокчейн тең иштеген жаңы капчыкка өткөрүшүңүз керек. Өткөрүлүп жаткан капчыкка жараша жеке ачкычтын ордуна калыптандыруучу сөздөрдү да колдонсоңуз болот.
Жеке ачкычты өткөрүү
Капчыктын жеке ачкычын башка капчыкка өткөргөндө, башка капчыктан ушул жеке ачкычка байланыштуу каражаттарды көрө аласыз.
Башкача айтканда, капчыктын жеке ачкычын башка капчыкка өткөргөндө, ага каражаттар өтпөйт. Болгону, тышкы капчык башка колдонмого жеткиликтүү болот. Баса, аманат капчыктарында мындай опция жок, себеби аларда жеке ачкыч болбойт.
Жеке ачкычтар көбүнчө Metamask, Trust капчык, Math капчыгы, SafePal жана TokenPocket капчыктарында болот.
Бул мисалда BSC блокчейнине жаңылыш жөнөтүлгөн ETH токенин Google Chrome'дун MetaMask кеңейтүүсү аркылуу кайтарабыз.
Каражаттарды кайтаруу
1. MetaMask капчыгыңызга кириңиз же жаңысын түзүңүз. MetaMask колдонмосу iOS жана Android системаларында иштей берет.
2. Жаңы аккаунт түзүп жатсаңыз, эски капчыгыңыздын калыптандыруучу сөздөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү берилиши мүмкүн.
3. Ал эми аккаунтуңуз бар болсо, жөн гана MetaMask кеңейтүүсүнүн сүрөтчөсүн басып, экрандын жогорку оң бурчунан аккаунтуңузга киресиз.
4. [Аккаунтту импорттоо] дегенди басып, криптовалюта келе турган капчыктын жеке ачкычын киргизесиз. [Импорттоо] дегенди басып бүтүрөсүз. Эгер болсо, JSON файлын жүктөп берсеңиз болот.
5. Андан кийин кол менен BSC тармагын MetaMask аккаунтуңузга кошосуз. MetaMask кеңейтүүсүнүн сүрөтчөсүн, андан соң тармактын жогорудан ылдый түшүүчү менюну басыңыз. Тизменин ылдый жагындагы [Custom RPC] дегенди басыңыз.
6. MetaMask аркылуу BNB Smart Chain блокчейнине кирүү үчүн талап кылынган маалыматты киргизишиңиз керек. Тактап айтканда, Remote Procedure Call (RPC) URL дарегин. Бул URL дареги MetaMask капчыгына BSC блокчейнинен маалымат сурап, транзакцияларды баштайт.
Төмөнкү маалыматты тийиштүү жерлерге киргизип, [Сактоо] дегенди басыңыз.
Тармактын аталышы: BSC Mainnet
Жаңы RPC URL дареги: https://bsc-dataseed1.binance.org/
ChainID: 56
Символ: BNB
Блок серепчинин URL дареги: https://bscscan.com/
7. Эми MetaMask капчыгыңызга туура токен келишимин кошуңуз. Ошондо BEP-20 менен иштеген капчык жоголгон токенди издей алат. Токендердин тизмесин жана токен келишимдерин BscScan дарегинде таба аласыз. Binance акылдуу чынжыры тармагына жөнөтүлгөн ERC-20 ETH токендеринин келишимин табуу үчүн Binance-Peg Ethereum токен (ETH) дегенди басыңыз.
8. Кийинки кадамга өтүү үчүн токендин келишимин көчүрүп, Decimals деген жерге көңүл буруңуз.
9. Тармактар тизмесинен [BSC Mainnet] дегенди тандап, алгач, [Токен кошуу], андан соң [Жеке токен] дегенди басыңыз.
10. Токендин келишиминин дарегин, токендин символун жана үтүрдөн кийинки символдордун санын киргизиңиз. Мисалы, ETH үчүн алар мындай болот:
Токен келишиминин дареги: 0x2170ed0880ac9a755fd29b2688956bd959f933f8
Токендин символу: ETH
Тактыктын ондук бөлчөктөрү: 18
[Токендерди кошуу] дегенди басып, ырастаңыз.
11. Эми жоголгон ETH токендериңиз капчыгыңыздын балансында көрүнөт. Аларды ушул жерден Binance аккаунтуңуздун BEP-20 капчыгыңыздын дарегине кайтара аласыз. Кааласаңыз, токендериңизди ERC-20 тармагындагы токендерге конвертациялагыңыз келсе, Binance көпүрө жана MetaMask капчыктарын колдонсоңуз болот.
BSC жана Ethereum менен иштеген капчыктан кайтаруу бөлүмүнөн токендерди алмаштыруу тууралуу кененирээк маалымат алсаңыз болот.
Аманат капчыгынан же алмаштыруу биржасынан кайтаруу
Эгер каражаттарыңызды BEP-20 менен иштебеген башка криптовалюта алмаштыруу биржасы сыяктуу аманат капчыгына которсоңуз, ошол аманат капчыгынын актив ээси менен байланышыңыз керек.
Аманат капчыгынын айрым провайдерлери кошумча акыга жардам бериши же жеке ачкычтарыңызды бериши мүмкүн. Жеке ачкычыңызды алгандан кийин аны BSC менен иштеген капчыкка өткөрөсүз. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгү, ошондой эле алмаштыруу биржалар сизге жеке ачкычыңызды бере албашы мүмкүн.
Эгер токендерди туура эмес блокчейндүү Binance аккаунтуңузга өткөрсөңүз, Binance криптовалютаңызды кайтара албашы ыктымал.
Бышыктоо
Binance'тан криптовалютаны чыгарууда эң кыйыны туура тармак тандап өткөрүү. Бирок баарын түшүнгөндөн кийин, сиз BTC же ETHди туура эмес тармакка экинчи жөнөтпөйсүз. Көпчүлүк учурларда, транзакцияларды стандарттык капчык аркылуу жүргүзсөңүз (SAFU сыяктуу), каражаттарыңыз коопсуз сакталып, оңой чыгара аласыз.