HODL кийинчерээк «өмүр бою карма» деген акроним (кийинчерек түзүлгөн акроним) катары колдонулуп, күчтүү баанын өзгөрүшү жана начар базар көрсөткүчтөрүндө да сатпоону билдирет.
HODL баштапкыда BitcoinTalk форумундагы «GameKyuubi» аттуу колдонуучу тарабынан жасалган жазуу катасы болгон. «I AM HODLING» деп аталган BitcoinTalk баштапкы темасында GameKyuubi мындай деп жазган:
Мен ошол аталышты эки жолу жаздым, анткени биринчи жолу туура эмес экенин билдим. Дагы деле туур эмес. баары бир. Сүйлөшкөн кызым лесбиян клубунда, BTC өсүп жатат – ЭМНЕ ҮЧҮН МЕН ЭЭЛИКТЕГИ АКТИВДЕРДИ САТПАЙ КАРМАП ОТУРАМ? ЭМНЕГЕ ЭКЕНИН МЕН АЙТЫП БЕРЕМ. Анткени мен начар соодагермин жана МЕН НАЧАР СООДАГЕР ЭКЕНИМДИ БИЛЕМ.
HODL стратегиясы кийинчерээк кыска мөөнөттүү соода кылуу көндүмдөрү жок экенин мойнуна алган адамдар тарабынан колдонулган стратегияга айланган – мисалы, скальпинг, соода кылуу күнү же орто мөөнөттөгү соода кылуу. HODL термини көбүнчө криптовалюта коомчулугу тарабынан блокчейн индустриясында курулуп жаткан тиркемелердин көптөгөн түрлөрүнө шилтеме кылуу үчүн колдонулган BUIDL деген окшош терминдин жаралышына түрткү болгон.
Bitcoin'дин альтернативалык криптовалютасы. Bitcoin болбогон криптовалюталарды сүрөттөө үчүн колдонулат.