Негизги жыйынтыктар
Блокчейн – дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жайгашкан компьютерлердин таралган тармагында жүргүзүлүүчү транзакцияларды коопсуз шарттарда жазып турган санарип эсеп-кысап китеби.
Криптография жана консенсус механизмдеринин аркасы менен өзгөрбөс блокчейн маалыматтарыңыздын бүтүндүгүн камсыз кылат. Башкача айтканда, жазылып алынган маалыматты эч ким өзгөртө албайт.
Блокчейн Bitcoin жана Ethereum сыяктуу криптовалюта тармактарынын негизин түптөп, каржы чөйрөсүнө тиешеси жок ар кандай тармактардын ачык-айкындуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.
Киришүү
Блокчейн технологиясы маалыматтар менен транзакцияларды борбордон ажыратылган, ачык-айкын жана коопсуз ыкма менен башкарып, көп тармакты, өзгөчө, каржы тармагын өзгөрттү. Блокчейн алгач Bitcoin сыяктуу криптовалюталардын негизи катары иштелип чыкканы менен, кийинчерээк кеңейип, запас системасын башкаруу, саламаттыкты сактоо, добуш берүү системалары сыяктуу иштерде колдонулуп келет.
Блокчейн деген эмне?
Блокчейн – маалыматтар базасынын өзгөчө түрү. Ал дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жайгашкан компьютерлердин таралган тармагы иштеткен санарип эсеп-кысап китеби. Блокчейн маалыматтары блок-блокторго бөлүнүп, хронологиялык тартипте иреттелип, криптография менен корголот.
Мындай түзүлүштө маалыматтар ачык-айкын сакталып, аларды өзгөртүү мүмкүн эмес болот. Блокто сакталган маалымат ырасталып, чынжырга кошулгандан кийин аны эч ким өзгөртө албайт. Ошондой эле борбордон ажыратылган түзүлүштү бир жерден башкаруу мүмкүн эмес болот. Блокчейндеги транзакциялар эч кандай ортомчуларсыз колдонуучулардын ортосунда гана жүргүзүлөт.
Блокчейндердин ар кандай деңгээлде борбордон ажыратылган ар кандай түрлөрү бар. Блокчейн деген термин адатта криптовалюталык транзакциялар жазылуучу борбордон ажыратылган санарип эсеп-кысап китебин билдирет.
Блокчейндин учкай тарыхы
1990-жылдары блокчейндин эң алгачкы үлгүсү компьютер илимдерин изилдеген Стюарт Хабер менен физик В. Скотт Сторнетта санарип документтердеги маалыматты уруксатсыз өзгөртүүдөн коргоо аракетинде блоктор чынжырына криптографиялык ыкмаларды колдонушканда келип чыккан.
Хабер менен Сторнеттанын эмгеги башка көптөгөн компьютерчи окумуштуулар менен криптография ышкыбоздорун шыктандырып, натыйжада, блокчейн технологиясынын негизинде иштеген биринчи криптовалюта Bitcoin пайда болгон. Ошондон бери блокчейн болуп көрбөгөндөй өздөштүрүлүп, криптовалюталар дүйнөлүк көрүнүшкө айланды.
Блокчейн технологиясында көбүнчө криптовалюта транзакциялары жаздырылганы менен, санарип маалыматтын башка түрлөрүн да жазганга жарап, көптөгөн башка чөйрөлөрдө да колдонулуп келүүдө.
Блокчейндин негизги функциялары жана артыкчылыктары
Борбордон ажыратылган: Маалымат ортодогу бир серверде эмес, ар кайсы жерде жайгашкан компьютерлер тармагында (блокчейн түйүндөрдө) сакталат. Борбордон ажыратылган Bitcoin сыяктуу тармактар чабууларга жакшы туруштук бере алышат.
Ачык-айкын: Көпчүлүк блокчейндер жалпыга ачык болгондуктан, бардык катышуучулар бир эле маалыматтар базасына кире алышат. Транзакциялар бардык катышуучуларга көрүнөт.
Өзгөртүү мүмкүн эмес: Блокчейнге кошулган маалыматты тармактын консенсус механизмисиз (жалпы макулдугусуз) эч ким өзгөртө албайт.
Коопсуз: Криптография менен консенсус механизми маалыматтарды уруксатсыз өзгөртүүгө жол бербей, коргоп турат.
Натыйжалуулук: Блокчейнде транзакциялар ортомчуларсыз тез жана арзан жүргүзүлөт. Транзакциялар дээрлик көз ачып жумгуча иштелет.
Блокчейнде борбордон ажыратылган дегенди кантип түшүнсө болот?
Борбордон ажыратылган блокчейн дегенде, тармакты банк, өкмөт же корпорация сыяктуу бир уюм эмес, бардык катышуучулар көзөмөлдөп, чечим кабыл алышат деп түшүнүү керек.
Борбордон ажыратылган блокчейн тармагында маалыматтардын же транзакциялардын агымын көзөмөлдөгөн борбордук орган же ортомчу болбойт. Тескерисинче, транзакцияларды тармактын бүтүндүгүн биргелешип камсыз кылган, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жайгашкан компьютерлердин таралган тармагы ырастап, жазып турат.
Блокчейн кантип иштейт?
Түпкүлүгүндө, блокчейн эки тараптын ортосундагы транзакцияларды эч ким бурмалай албагыдай коргоп, жазып турган санарип эсеп-кысап китеби. Бул транзакцияларга байланыштуу маалымат дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жайгашкан таралган компьютерлер тармагында жазылып турат (блокчейн түйүндөрдө).
Мисалы, Алиса Бобго Bitcoin жөнөттү дейли. Экөөнүн транзакциясы тармакка берилет. Ар бир блокчейн түйүнү санарип колтамгаларды жана башка транзакция маалыматын ырастап, аутентификациялайт. Ырасталган транзакция башка транзакциялар менен кошо блокко кошулат. Ар бир блокту санарип эсеп-кысап китебинин бети деп элестетсек болот.
Блоктор криптографиялык ыкмалар аркылуу чынжырланып, блокчейн келип чыгат. Транзакцияларды ырастап, блокчейнге кошуу процесси консенсус механизми аркылуу жүргүзүлөт. Тактап айтканда, консенсус механизми – тармактагы бардык блокчейн түйүндөр блокчейндин абалы жана транзакциялардын аныктыгы боюнча бир бүтүмгө келген эрежелер топтому.
Кыскача айтканда, блокчейн
1. Транзакцияларды жазат
Транзакция башталганда (криптовалютаны жөнөтүү сыяктуу), ал блокчейн түйүндөр тармагына берилет. Ар бир блокчейн түйүнү транзакцияны алдын ала бекитилген эрежелер аркылуу ырастайт.
2. Блоктордон турат
Ырасталган транзакциялар бир блокко топтолот. Ар бир блок эмнеден турат:
Маалыматтардан (мис., транзакциянын чоо-жайы)
Убакыт белгиси
Криптографиялык хеш: блоктогу маалыматтарды хеш алгоритми аркылуу иштеткен өзгөчө идентификатор.
Мурунку блоктун хеши: блокторду бири-бирине байлап, чынжырлаган нерсе.
3. Консенсус механизми
Блокту чынжырга кошуудан мурун тармактагы катышуучулар анын аныктыгы боюнча бир чечимге келиши керек. Бул процесс Иштин далили (PoW) жана Коюм далили (PoS) деген консенсус алгоритми менен ишке ашат. Экөөнө бир аздан кийин кененирээк токтолобуз, азырынча кыскача түшүндүрө кетели:
Иштин далили (PoW): Bitcoin колдонот. PoW алгоритминин талабы боюнча блок валидаторлор татаал маселелерди эсептөө ресурстары менен чечиши керек болот.
Коюм далили (PoS): Ethereum сыяктуу жаңы блокчейндер колдонуп, блоктордун валидаторлору тармактагы токенди коюу боюнча тандалат.
4. Чынжыр аркылуу туташтыруу
Ырасталгандан кийин, блок блокчейнге кошулат. Ар бир кийинки блок мурункуга байланып, бурмалаганга жол бербеген түзүлүштү камсыз кылат. Башкача айтканда, жаңы блок ырасталышы үчүн мурунку блоктун идентификаторун колдонушу керек болот.
5. Ачык-айкын
Блокчейндин дагы бир өзгөчөлүгү – ачык-айкындыгы. Каалаган адам блокчейн серепчилери деп аталган жалпыга ачык сайттарда блокчейндеги нерселерди, ошондой эле транзакциялар менен блоктун маалыматын карап көрө алышат.
Мисалы, Bitcoin тармагына жазылган ар бир транзакцияны, ошондой эле жөнөтүүчүнүн жана алуучунун капчыктарынын даректерин, канча сумма өткөрүлгөнүн жана башка көп нерселерди көрө аласыз. Кааласаңыз, Bitcoin'дин генезис блок деп аталган эң биринчи блогунан баштап бардык блокторун көрсөңүз болот.
Блокчейндин криптографиясы
Блокчейнде криптография негизги ролду ойнойт, себеби анын жардамы менен транзакцияларды бурмалоодон коргоп, коопсуз жана ачык-айкын шарттарды камсыз кылууга болот. Блокчейндерде колдонулган криптографиянын олуттуу ыкмаларынын бири болгон хештөөнү алып көрөлү. Ал киргизилүүчү маалымат кандай гана өлчөмдө болбосун, аны белгилүү бир узундуктагы символдор сабына чактап коёт.
Блокчейндердин хеш функцияларында дал келүүлөр болбойт. Башкача айтканда, эки башка маалыматтар топтому бир жыйынтыкты бериши дээрлик мүмкүн эмес. Көчкү кубулушу деген дагы бир өзгөчөлүккө токтолсок, киргизилип жаткан маалыматта кыпындай гана өзгөрүү болсо, таптакыр башка жыйынтык алынат.
Эмесе, муну Bitcoin'до колдонулган SHA256 алгоритми менен чагылдырып көрөлү. Өзүңөр көргөндөй эле, тамгаларды баш тамгага өзгөртүп койсок, таптакыр башка жыйынтык келип чыкты. Хеш функциялар бир багытта гана иштейт. Башкача айтканда, акыркы хеш аркылуу баштапкы маалыматтарды аныктоо мүмкүн эмес болот, себеби мындай процесске өтө көп убакыт жана ресурстар талап кылынат.
Блокчейндеги ар бир блокто мурунку блоктун хеши камтылып, блокторду бири-бирине байлап, бекем чынжырлайт. Бир блокту өзгөрткүсү келген адам андан кийинки блоктордун баарын өзгөртүшү керек болот. Албетте, бул техникалык жактан аябай оор жана укмуштуудай кымбат иш.
Блокчейнде кеңири колдонулган дагы бир криптографиялык ыкма коомдук ачкыч криптография. Асимметриялык криптография деп да аталган бул ыкма колдонуучулардын ортосунда ырасталуучу коопсуз транзакцияларды жүргүзгөнгө жардам берет.
Бул ушундай иштейт. Ар бир катышуучунун өзүнө гана таандык эки ачкычы болот. Бирөөсү купуя шартта сакталган жеке ачкыч болсо, экинчиси коомдук ачкыч болот. Колдонуучу транзакцияны баштаганда, ага жеке ачкычы менен кол коюп, санарип колтамгасын түзөт.
Тармактагы башка колдонуучулар транзакциянын аныктыгын жөнөтүүчүнүн коомдук ачкычын санарип колтамгага далдаштырып аныкташат. Мындай ыкма менен транзакциялардын коопсуздугун камсыз кылууга болот, себеби транзакцияны жеке ачкычтын накта ээси гана авторизациялап, ал эми башка каалаган адам коомдук ачкыч менен колтамгаларды текшере алат.
Консенсус механизми деген эмне?
Консенсус алгоритми – колдонуучуларга же түзмөктөргө ар кайсы жактагы компьютерлер тармагын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берген механизм. Анын максаты – системадагы бардык катышуучулардын макулдашып бир чечимге келишин камсыз кылуу (арасында кээ бирлери иштебей калса да).
Консенсус механизмдери тармактагы бардык блокчейн түйүндөрдө бардык транзакциялар жазылган эсеп-кысап китебин бирдей көчүрмөсү болушун камсыз кылышат.
Блокчейндеги нерселердин көчүрмөсү он миңдеген блокчейн түйүндөрдө сакталганда, маалыматтардын тактыгын жана бирдейлигин камсыз кылуу оңой эмес болуп, кесепеттүү блокчейн түйүндөр келип чыгышы мүмкүн. Блокчейндин бүтүндүгүн камсыз кылган ар кандай консенсус механизмдери тармактагы блокчейн түйүндөрдүн бир чечимге кантип келерин аныктайт. Эмесе, негизги консенсус механизмдерине токтолуп өтөлү.
Консенсус механизмдеринин түрлөрү
Иштин далили деген эмне?
Иштин далили (PoW) – транзакцияларды ырастап, блокчейндин бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн көп блокчейн тармактарында колдонулган консенсус механизми. Аны баштадан Bitcoin колдонуп келген.
Иштин далили механизминде майнерлер блокчейнге кийинки блокту кошуу үчүн татаал математикалык маселени биринчи чечкенге аракет кылышат. Майнинг деген процессте маселени биринчи чечкен майнер криптовалютада сыйлык алат.
Майнерлер математикалык маселелерди чечүү, жаңы коиндерди алуу жана тармакты коргоо үчүн күчтүү компьютерлерде иштеши керек. Дал ушул себептен, майнинг процессине өтө көп ресурс талап кылынат (эсептөө ресурстары жана кубат).
Коюм далили деген эмне?
Коюм далили (PoS) – Иштин далили (PoW) механизминдеги мүчүлүштүктөрдү чечкен консенсус механизми. Транзакцияларды ырастап, блокчейнге жаңы блокторду кошуу үчүн татаал математикалык маселелерди чечип теңтайлашкан майнерлерден айырмаланып, Коюм далили системасында валидаторлор тармакта канча криптовалюта «токенди коюу» боюнча тандалып алынат.
Токенди коюу – бул валидаторлор кепил мүлк катары кармаган криптовалютанын суммасы. Адатта, ээлеген токенди коюу боюнча жаңы блокторду түзүү жана транзакцияларды ырастоо үчүн PoS валидаторлору туш келди тартипте тандалат. Жаңы блокторду түзгөнү үчүн валидаторлор сыйлыкка транзакциялардын комиссияларын алып, тармактын кызыкчылыгын көздөп иштөөгө жакшы түрткү болот. Эгер алар таза эмес иштесе, күрөөгө койгон криптовалютасынан кол жууп калышы мүмкүн.
Көп колдонулган башка консенсус механизмдери
Эң көп колдонулган Иштин далили жана Коюм далили консенсус алгоритмдеринен тышкары алардын дагы башка көптөгөн түрлөрү бар. Айрымдары экөөнүн тең элементтерин айкалыштырган гибрид алгоритмдер болсо, кээ бирлери таптакыр башка ыкмалар менен иштешет.
Мисалы, Өкүлчүлүктүү Коюм далили (DPoS) PoS'ко окшогону менен, валидаторлордун баарына жаңы блокторду түзүү мүмкүнчүлүгүн бербестен, токен актив ээлери өзүлөрүнүн атынан блок түзө турган ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн чакан тобун тандашат.
Ал эми Ишенимдүү тараптын далили (PoA) алгоритминде валидаторлор колундагы криптовалютанын суммасы боюнча эмес, кадыр-баркы же инсандык сапаты боюнча тандалат. Валидаторлор ишенимдүүлүгү боюнча тандалып, таза эмес иштешсе тармактан чыгарылышы мүмкүн.
Блокчейн тармактарынын кандай түрлөрү бар?
Коомдук блокчейн
Коомдук блокчейн – каалаган адам катыша алган борбордон ажыратылган тармак. Мындай тармактардын баштапкы коду ачык болуп, ага каалаган адам уруксат сурабастан кирип, ачык-айкын шарттарда колдоно алат. Коомдук блокчейндер катары Bitcoin менен Ethereum'ду келтирсек болот.
Жеке блокчейн
Аты эле айтып тургандай, жеке блокчейн – коомдук эмес блокчейндердин тармагы. Жеке блокчейндерди, адатта, бир гана компания же уюм башкарып, ички максаттарында колдонушат.
Жеке блокчейндер белгилүү бир эрежелер боюнча уруксат сурап кирүүнү талап кылган, блокчейнди ким көрүп, ага ким жаза аларын аныктаган чөйрөлөр. Аларда так белгиленген иерархия бар болгондуктан, бир жерден башкарылышат. Бирок көптөгөн блокчейн түйүндөрдүн машиналарында блокчейндин көчүрмөлөрү иштеп, бөлүштүрүлгөн мүнөзгө ээ болушу да мүмкүн.
Консорциум блокчейни
Консорциум блокчейни жалпыга ачык жана жеке блокчейндердин ортосунан келип чыккан тармак. Блокчейн консорциумунда бир нече уюмдар биргелешип башкарылуучу жана жөнгө салынуучу жалпы блокчейн тармагын түзүү үчүн чогулат. Бул тармактар консорциумдун мүчөлөрүнүн муктаждыктарына жараша ачык же жабык болушу мүмкүн.
Блокторду каалаган адам ырастай алган ачык системадан же блокторду түзө тургандарды бир уюм дайындаган жабык системадан айырмаланып, консорциум тармагында валидаторлордун милдетин бир нече тең укуктуу тараптар аткарышат.
Системанын эрежелери ийкемдүү: блокчейнди валидаторлор гана көрүп, авторизацияланган адамдарга же баарына жеткиликтүү кылса болот. Валидаторлор бир чечимге келгенден кийин өзгөрүүлөрдү оңой эле киргизсе болот. Блокчейн кантип иштейт деген суроого токтолсок, эгер ушул тараптардын белгилүү бир бөлүгү таза иштеше, системада эч кандай маселелер болбойт.
Блокчейн кандай максатта колдонулат?
Блокчейн технологиясы жаңы гана өнүгүп келатканына карабастан, көптөгөн ар кандай тармактарда колдонулуп келүүдө. Блокчейн технологиясынын эң кеңири таралган заманбап колдонмолоруна төмөнкүлөр кирет:
1. Криптовалюталарда
Блокчейн технологиясы криптовалюталарга колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыгып, блокчейн транзакцияларды реестрге түшүрүү үчүн коопсуз жана борборсуздаштырылган эсеп-кысап китеби катары колдонулат.
Кадимки эларалык транзакцияларга ортомчулар талап кылынып, чоң комиссиялар алынса, блокчейн кыйла тезирээк, арзан жана ачык-айкын мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Бааны сактаган өзгөчөлүгүнөн тышкары, Bitcoin жана башка криптовалюталар бүткүл дүйнө жүзүндөгү акча которуулар үчүн көп колдонулат.
2. Акылдуу келишимдер
Акылдуу келишимдер – белгилүү бир шарттар сакталганда, автоматтык түрдө аткарыла тургандай программаланган келишимдер. Блокчейн технологиясы аркылуу акылдуу келишимдерди коопсуз жана борбордон ажыратылган ыкма менен түзүп, аткарууга болот.
Акылдуу келишимдер көбүнчө борбордон ажыратылган колдонмолордо (DApps) жана борбордон ажыратылган платформалардын (DeFi) басымдуу бөлүгүн түзгөн уюмдарда (DAO) колдонулат. DeFi платформалары салттуу институттардын катышуусуз насыя берүү, карыз алуу жана соода кылуу сыяктуу финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн блокчейнди леверидж катары колдонушат. Ушуну менен, каржы куралдары кеңири жайылып, көпчүлүккө жеткиликтүү болот.
3. Токендөө
Кыймылсыз мүлк, акциялар же искусство чыгармалары сыяктуу чыныгы активдерди (Чыныгы дүйнөлүк актив) токендөөгө (блокчейнде санарип токендерине айлантууга) болот. Бул ликвиддүүлүктү жакшыртат жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.
4. Санарип идентификациясы
Блокчейн жеке маалыматты жана башка купуя маалыматтарды текшерүү үчүн колдонула турган коопсуз жана бурмалоого жол бербеген санариптик күбөлүктү түзүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Жеке маалыматтарыбыз менен активдерибиз барган сайын онлайндашып жаткандыктан, санарип идентификациясынын да маанилүүлүгү артууда.
5. Шайлоо
Берилген добуштарды бурмалоого жол бербеген, борбордон ажыратылган эсеп-кысап китебин сунуштаган блокчейн технологиясы шайлоо процессин бурмалоодон коргоп, ишенимдүүлүгүн камсыз кылган коопсуз жана ачык-айкын системаны түзүп берет.
6. Запас системасын башкаруу
Блокчейн технологиясы аркылуу запас системасындагы бардык транзакциялар үчүн эсеп-кысап китебин түзүүгө болот. Ар бир транзакция (же транзакциялар тобу) блокчейнге блок катары киргизилип, баштан аяк ачык-айкын жана бурмалоого мүмкүн болбогон запас процессин түзө алат.
Акыркы ойлор
Блокчейн технологиясы аркылуу транзакцияларды коопсуз жана ачык-айкын шарттарда жаздырып, сактоого болот. Блокчейн ар кандай тармактарда кескин бурулуштарды жасап, санарип дүйнөсүн коопсуздук менен ишенимдүүлүктүн жаңы деңгээлине чыгарган технология.
Колдонуучулардын ортосунда түздөн-түз жүргүзүлгөн транзакциялар болобу, санарип активдеринин жаңы түрлөрүбү же борбордон ажыратылган колдонмолордун өнүгүшүбү, блокчейн технологиясы колдонуучуларга кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн дүйнөсүн ачып берет. Технология мындан ары да өнүгүп, кеңири өздөштүрүлө берген сайын, жакынкы жылдары аны колдонуунун жаңы ыкмалары пайда болуп, бир топ тармакка кескин өзгөрүүлөрдү киргизмекчи.
Кошумча окуу
Жоопкерчиликтен баш тартуу: Бул жердеги нерселер сизге маалымат жана билим берүү максатында гана эч кандай милдеттенмелерсиз же кепилдиктерсиз «кандай болсо ошондой» берилүүдө. Аларды каржы, юридикалык же башка кесипкөй кеңеш катары, ошондой эле белгилүү бир товарды же кызматты сатып алуу сунушу катары кабыл албаңыз. Андай кеңеш керек болсо, тийиштүү кесипкөй адистерге кайрылыңыз. Көңүл буруңуз: эгер макаланы үчүнчү жактагы автор жазган болсо, макаладагы көз-караштар ошол авторго гана таандык болуп, Binance академиясынын көз-караштарын чагылдырбайт. Кененирээк маалымат алгыңыз келсе, жоопкерчиликтен баш тартууну толугу менен бул жерден окуп чыксаңыз болот. Санарип активдеринин баалары тез-тез өзгөрүп турушу мүмкүн. Андыктан инвестицияларыңыздын наркы түшүп да, өсүп да кетиши мүмкүн болгондуктан, салган суммаңызды кайтара албай калышыңыз мүмкүн. Инвестициялоо чечимдериңизге өзүңүз гана жооптуу болуп, Binance академиясы мүмкүн болгон жоготууларыңызга жооп бербейт. Бул материалды каржы, юридикалык же кесипкөй кеңеш катары көрбөңүз. Кененирээк маалымат алгыңыз келсе, Пайдалануу шарттарыбызды же Тобокелдик тууралуу эскертүүбүздү карап чыгыңыз.