Негизги жыйынтыктар
Биринчи криптовалютаңызды сатып алардан мурун, эмне үчүн инвестиция кылгыңыз келип жатканын кылдат ойлонуп, өзүңүз көтөрө ала турган тобокелдик деңгээлин эске алуу маанилүү.
Криптовалюталардын баасы кыска убакыттын ичинде катуу өзгөрүшү мүмкүн, мындан тышкары бул активдердин көбүндө кадимки инвестициялардай коргоо чаралары жок.
Криптовалютаңыздын коопсуздугун сактоо абдан маанилүү. Каражатыңызды кантип сактоо жана жеке купуя ачкычыңызды коргоо керектигин билип алыңыз.
Зыян тартпоо үчүн алдамчылардан этият болуп, чоң сумма жиберүүдөн мурун кичине сумма аркылуу сынамык транзакцияларды жасаңыз. Баштаардан мурун анык планыңыздын болгону эң жакшы.
Криптовалюта соодасына салык салынарын эстен чыгарбаш керек жана бул эрежелер сиз жашаган жерге жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Киришүү
Акыркы жылдары криптовалюталарга абдан чоң көңүл бурулуп жатат. Көп адамдар бул идеяны кызыктуу деп эсептешет, ошондой эле, акча табуу мүмкүнчүлүгү аларды азгырат. Бирок санарип валюталарда салттуу инвестициялардан айырмаланган айрым кыйынчылыктар бар. Баалар абдан тез өзгөрүшү мүмкүн, криптовалютаны жөнгө салган эрежелер али өнүгүү стадиясында, ал эми акчаңызды коопсуз сактоо өзгөчө этияттыкты талап кылат.
Эгер сиз бул тармакка жаңыдан кирип, биринчи криптовалютаңызды сатып алууну ойлонуп жүрсөңүз, алгач эмнеге аралашып жатканыңызды түшүнүп алганыңыз жакшы. Бул нускама сизге билишиңиз керек болгон негизги нерселерди түшүндүрүп бергендиктен, ишти баштаганда өзүнүздү ишенимдүү сезе аласыз.
Эмне үчүн криптовалюта сатып алгыңыз келет?
Криптовалюталарга акча жумшаганга чейин өзүңүзгө эмне үчүн деген суроо бериңиз: бул идея сизге жаккандыктанбы же жакшы маалымат алгандыктан кызыгып жатасызбы? Жаңы технологияны колдонуп көргүңүз келеби? Же чоң киреше алууга үмүттөнүп жатасызбы? Себептериңизди билүү жакшы чечим кабыл алууга жардам берет жана кооптуу нерсеге шашып кирип кетүүдөн сактайт.
Криптовалютага жасалган инвестициялар абдан туруксуз болушу мүмкүн, ошондуктан жоготууга даяр болгон гана акчаңызды салыңыз. Мындан тышкары, криптовалютанын башка инвестицияларыңызга кандай шайкеш келерин да ойлонуп көрүңүз. Сактоолоруңуздун кичине бөлүгүн инвестиция кылгыңыз келеби, же чоңураак бөлүгүнбү? Максаттарыңыз жана канча убакытка сактоону пландап жатканыңыз эмнени жана кандайча сатып аларыңызды аныктоодо маанилүү роль ойнойт.
Криптовалюта жана блокчейн негиздери тууралуу маалымат алыңыз
Блокчейн тармагы ар түрдүү, анын ичинде миңдеген тармактар жана крипто-долбоорлор бар. Bitcoin жана Ethereum эң таанымалдары болушу мүмкүн, бирок сыртта дагы көптөгөн криптовалюталар бар. Ар биринин ар кандай деңгээлдеги тобокелдиктери жана пайдасы бар. Ошондуктан, криптовалюталардын жана блокчейндердин негиздерин билүү, кайсы долбоорго катышууну каалап жаткандыгыңызды чечүүдө пайдалуу болушу мүмкүн.
Жөнөкөйлөтүп айтканда, блокчейн бул дүйнө жүзү боюнча көптөгөн компьютерлер тарабынан сакталган коопсуз, жалпы санарип жазуу болуп саналат. Бул борбордон ажыратылган система тармакты чабуулдарга туруктуу кылып, маалыматтардын өзгөртүлүшүнөн коргойт.
Иштин далили (PoW) жана стейкинг далили (PoS) бул тармак ичинде консенсуска жетүү жана коопсуздугун сактоо үчүн блокчейндер тарабынан кеңири колдонулган эки негизги механизм:
Иштин далили компьютердик күчтү колдонуп, эсептерди чыгарып жана транзакцияларды (мисалы, Bitcoin майнинг процессин) тастыктоого мүмкүнчүлүк берет.
Стейкинг далили транзакцияларды ким ырастай турганын алардын канча коиндерди блоктоп коюшканына (стейкинг кылганына) жараша тандайт. Стейкинг далили Ethereum жана башка көптөгөн альткоиндерде колдонулат.
Чоо-жайын текшериңиз: расмий маалыматтык документ жана жол карталары
Жаңы крипто-долбооруна инвестиция жасоодон мурун, анын расмий маалыматтык документин карап чыгуу пайдалуу. Бул документ долбоордун максатын, иштөө принцибин жана жетүүнү көздөгөн максаттарын түшүндүрөт. Жакшы расмий маалыматтык документте ачык, толук жана алдыда боло турчу кыйынчылыктар тууралуу ачык маалымат берилиши керек.
Мындан тышкары, долбоор туруктуу жаңыртууларды бөлүшүп, өз убадаларын аткарып жатканын текшериңиз. Эгер нерселер так эмес көрүнүп, жамаат көзгө жакшы көрүнбөсө, бул адатта өзгөчө этият болууну же инвестициядан алыс болууну эскертүүчү белгилер болуп эсептелет.
Баанын өзгөрүшүнө да даяр болуңуз
Криптовалюталардын баалары көп учурда абдан тез жана чоң көлөмдө өзгөрүп турат. Мисалы, кээ бир жылдары Bitcoin баасы кескин жогорулап, башка жылдары так ошондой кескин төмөндөп кеткен учурлар да болгон. Мындай өзгөрүүлөр стресс кылышы мүмкүн, ошондуктан алдын ала пландоо маанилүү.
Баанын көтөрүлүп же түшүүсүн башкаруу үчүн бир нече кеңеш:
Базардагы өзгөрүүлөргө жөн гана реакция жасоонун ордуна, алдын ала качан сатып алып, качан сатарыңызды чечип алыңыз.
Баа белгиленген деңгээлге түшкөндө автоматтык түрдө сатуу үчүн стоп-лосс буйрутмалары сыяктуу инструменттерди колдонуңуз.
Бир гана жоготууга даяр болгон акчаңызды инвестиция кылыңыз.
Бардык акчаңызды бир жерге салбастан, инвестицияңызды ар кандай коиндерге бөлүштүрүңүз.
Базарда дүрбөлөң болуп жатканда, сатып алууга шашпаңыз. Кээде сабырдуулук да жакшы натыйжа берет.
Жаңы чыккан коиндерге инвестиция кылууну ойлонуп жатсаңыз, андан дагы этият болуңуз, анткени алар көбүнчө жогорку тобокелдикке ээ.
Криптовалютаңызды коопсуз сактаңыз
Криптовалюта транзакцияларын артка кайтарууга болбогондуктан, хакердик чабуул же катадан улам акчаңызды жоготуп, аябай чоң зыянга учурашыңыз мүмкүн. Криптовалютаңызды коргоо абдан маанилүү.
Криптовалютаңызды сактоонун эки негизги жолу бар:
Интернет капчыктар: бул мобилдик колдонмолордогу капчыктар же биржалардагы эсептер сыяктуу дайыма интернетке туташкан капчыктар. Аларды колдонуу ыңгайлуу болгону менен, интернет капчыктарынын коопсуздугу төмөнүрөөк болуп эсептелет.
Офлайн капчыктар: бул офлайн сактагыч варианттары, мисалы, аппараттык түзмөктөр же кагаз капчыктар. Алар интернет коркунучтарынан коопсуз болсо да, кээде колдонуу жагынан ыңгайсыз болушу мүмкүн.
Эгер сиз интернет же офлайн капчыктарды колдонсомбу деп ойлонуп жатсаңыз, анда көптөгөн инвесторлор экөөнү тең колдонорун эсиңизге салабыз. Коопсуздук үчүн криптовалютанын көпчүлүгүн офлайн сактагычта сактап, кичине суммасын ыңгайлуу жана тез колдонуу үчүн интернет капчыкта сактоого болот.
Мындан тышкары, жеке купуя ачкычтарыңызды абдан коопсуз сактаңыз, анткени алар криптовалютаңызды толук колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет. Аларды эч качан бөлүшпөңүз жана мүмкүн болсо офлайнда сактаңыз.
Чоң суммаларды которуудан мурун текшерип көрүңүз
Чоң суммадагы криптовалютаны жиберүүдөн мурун, алгач кичине сумма аркылуу сынамык транзакция жасаңыз. Бул жөнөкөй кадам сизге капчык дарегиңиздин тууралыгын текшерүүгө жана бардык нерсенин туура иштеп жатканын карап чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Каталар кымбатка турушу мүмкүн, анткени крипто-транзакцияларын, адатта, артка кайтарууга болбойт.
Салык боюнча милдеттенмелериңизди билип алыңыз
Криптовалюталарды сатып алуу, сатуу жана колдонуу дагы салык мерчемдеринин колдонулушуна алып келиши мүмкүн. Сиз жашаган жерге жараша, кирешелер же чыгашалар салык органдарына билдирилиши керек болушу мүмкүн. Криптовалюталарга байланыштуу салык эрежелери дагы деле өзгөрүп жатат, ошондуктан төмөнкүдөй кылуу туура болот:
Бардык транзакцияларды жазып алыңыз.
Криптовалюталарды колдогон салык программаларын колдонуңуз же салык боюнча адис менен кеңешиңиз.
Жергиликтүү салык мыйзамдары тууралуу жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз, ошондо күтүүсүз жагдайлардан алыс болосуз.
Криптовалютаны кантип сатып алуу керек
Криптовалютаны сатып алуу жөнөкөй процесс болсо да, көйгөйлөр жаралбашы үчүн кээ бир негизги кадамдарды аткаруу маанилүү.
Алгач, ишенимдүү криптовалюта биржасын же платформаны тандаңыз, мисалы, Binance. Эгер белгилүү бир альткоин сатып алгыңыз келсе, анын тандалган биржаңызда тизмеленгенин жана соода кылуу үчүн жеткиликтүү экенин текшериңиз.
Андан кийин, керектүү өздүгүңүздү тастыктаган документтерди тапшырып, эсебиңизди түзүп, ырастаңыз. Бул эсебиңиздин коопсуздугун жана жергиликтүү эрежелерге ылайыктуулугун камсыздайт.
Эсебиңиз түзүлгөндөн кийин, банк которуу, насыя картасы же дебет картасы сыяктуу салттуу ыкмалар аркылуу каражаттарды салуу керек болот.
Каражаттарыңыз эсепке түшкөндөн кийин, тандаган криптовалютаны сатып алуу үчүн буйрутма бере аласыз. Көпчүлүк платформалар дароо учурдагы баада сатып алуу үчүн «базар буйрутмаларын» же баа белгиленген деңгээлге жеткенде сатып алуу үчүн «чектелген буйрутмаларды» сунуштайт. Эгер жөнөкөй интерфейс кааласаңыз, Binance конвертацияны колдонуп көрүңүз.
Эң акыркысы, өзгөчө эгер чоң суммага инвестиция жасап жатсаңыз, коопсуздукту жогорулатуу үчүн криптовалютаны жеке капчыкка которууну ойлонуп көрүңүз. Каталардын алдын алуу үчүн капчык даректерин эки жолу текшерип, кичине суммада сынамык транзакцияларды жасаңыз.
Жыйынтыктоочу ойлор
Криптовалюталарды сатып алуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн, бирок ал салттуу инвестицияларда кездешпеген тобокелдиктер менен коштолот. Инвестициялоонун себебин билүү, базар жана технологиянын иштөө принцибин үйрөнүү, баанын өзгөрүшүнө даярдануу, активдериңизди коопсуз сактоо жана салык эрежелерин түшүнүү аркылуу сиз пайда көрүп, кеңири тараган көйгөйлөрдөн алыс болосуз.
Ар дайым убактыңызды бөлүп, суроо берүүдөн тартынбаңыз жана жоготууга даяр болгон суммадан көп инвестиция кылбаңыз. Этият кадамдар менен сиз криптовалюта дүйнөсүн жоопкерчиликтүү изилдей аласыз.
Андан ары окуу
Дисклеймер: бул мазмун сизге «бар болгон абалында» гана жалпы маалымат жана билим берүү максатында сунушталат, жана анын тактыгы, же башка кандайдыр бир кепилдик бериле албайт. Каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек жана ал кандайдыр бир белгилеген үнөмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында да арналган эмес. Сиз өзүңүздүн абалыңызга ылайык тиешелүү кесиптик кеңешчилерден кеңеш алганыңыз маанилүү. Бул макалада айтылган өнүмдөр сиздин аймакта жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Эгер макала үчүнчү жактын катышуучусу тарабынан берилсе, анда ал пикирлер үчүнчү жакка таандык экенин жана ал пикирлердин ар дайым Binance академиясынын көз карашын чагылдырбашы мүмкүн экенин эске алыңыз. Толугураак маалымат алуу үчүн биздин жоопкерчиликтен баш тартуу тууралуу толук эскертмени окуп чыгыңыз. Санарип активдердин баасы туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын наркы төмөндөшү же жогорулашы ыктымал жана сиз салган сумманы кайра кайтарып албай калышыңыз мүмкүн. Инвестиция боюнча кабыл алган чечимдер үчүн толугу менен өзүңүз жооп бересиз жана Binance академиясы сиз тарткан жоготуулар үчүн жооптуу эмес. Бул материал каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек. Кененирээк маалымат үчүн биздин Колдонуунун шарттарын жана Тобокелчилик жөнүндө эскертүүнү окуп чыгыңыз.