Etherscan деген эмне жана антип колдонуу керек?

Etherscan деген эмне жана антип колдонуу керек?

Баштапкы
Жаңыртылган Apr 9, 2026
9m

Негизги жыйынтыктар

  • Etherscan — бул Ethereum тармагы үчүн акысыз блок серепчиси, ал каалаган адамга транзакцияларды, капчык даректерин, смарт-контракттарды жана блокчейндеги маалыматтарды издөө мүмкүнчүлүгүн берет.

  • Негизги колдонуу үчүн эсеп талап кылынбайт, бирок катталуу транзакция тууралуу билдирүүлөр жана иштеп чыгуучулар үчүн API жеткиликтүүлүгү сыяктуу кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

  • 2024-жылы ишке киргизилген Etherscan V2 жаңыртылган интерфейсти жана Ethereum менен колдоого алынган блокчейн бириктирүүчү катмар тармактары боюнча бирдиктүү издөө функциясын сунуштаган.

Binance Academy курстарынын баннери

Etherscan — бул Ethereum блокчейни үчүн блок серепчиси. Транзакция жеткенин текшергиңиз келеби, смарт-контрактты колдонордон мурун анын кандай иштээрин көргүңүз келеби же кайсы протоколдор токендериңизди колдонууга уруксаты бар экенин билгиңиз келеби — Etherscan сизге акысыз блокчейндеги маалыматтарды берет. Бул колдонмо негизги функцияларды жана аларды кантип колдонуу керектигин түшүндүрөт.

Etherscan деген эмне?

Etherscan — Ethereum тармагындагы бардык ачык активдүүлүктү индекстеп, аны издөө үчүн ыңгайлуу форматта көрсөтөт. Сиз каалаган транзакцияны, капчык дарегин, смарт-контрактты же токенди - транзакция хэши, капчык дареги же контракт дареги аркылуу таба аласыз. Ethereum'да бардык активдүүлүк ачык болуп саналат жана Etherscan бул маалыматтар үчүн издөө системасы катары иштейт.

2024-жылы ишке киргизилген Etherscan V2 жаңыртылган интерфейсти жана бирдиктүү чынжыр аралык издөөнү сунуштаган. Эми колдонуучулар Ethereum негизи тармагы жана колдоого алынган блокчейн бириктирүүчү катмар тармактары боюнча бир платформа аркылуу издөө жүргүзүп, бардык Ethereum экосистемасындагы активдүүлүктү оңой көзөмөлдөй алышат.

Etherscan'ды колдонуу үчүн мага эсеп керекпи?

Etherscan’дын көпчүлүк функцияларын колдонуу үчүн эсеп түзүүнүн кереги жок. Жөнөкөй издөө үчүн капчык дареги, транзакциянын IDси (TXID) же контракттын дареги жетиштүү.

Акысыз Etherscan аккаунтун түзүү кошумча функцияларды ачат, анын ичинде белгилүү бир капчык даректери үчүн транзакция билдирүүлөрү, иштеп чыгуучулар үчүн API жеткиликтүүлүгү жана жеке маалымат агымдарын орнотуу мүмкүнчүлүгү бар.

Etherscan криптовалюта капчыгын камсыз кылбайт. Ethereum менен транзакция жүргүзүү үчүн MetaMask же Binance капчыгы сыяктуу өзүнчө капчык керек болот.

Эмне үчүн Etherscan колдонушум керек?

Etherscan блокчейндеги жана кеңири Ethereum экосистемасындагы өз иш-аракеттериңиздин ачыктыгын камсыз кылат. Колдонуунун жалпы себептери төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • транзакция алынганын жана аяктаганын текшерүү

  • Dapp менен өз ара аракеттенүүдөн мурун анын негизиндеги смарт-контрактты текшерүү

  • потенциалдуу контракттын алсыздыктарынын тобокелдигин азайтуу үчүн токен жактырууларды текшерүү жана жокко чыгаруу

  • токенди сатып алуудан мурун изилдөө, анын ичинде контракт дарегин жана актив ээлеринин бөлүштүрүлүшүн текшерүү

  • долбоор иштеп чыгуучулары өз токендери менен эмне кылып жатканын текшерүү менен потенциалдуу алдамчылыктарды аныктоо

  • капчыктын дареги коомчулук тарабынан алдамчылык же фишинг катары белгиленгенин текшерүү

Etherscan'да транзакцияны же капчыкты кантип табууга болот

Транзакцияны көзөмөлдөө — Etherscan'га кирүүнүн эң кеңири таралган себептеринин бири:

  1. etherscan.io сайтына өтүп, транзакцияңыздын хэшин барактын жогору жагындагы издөө талаасына киргизиңиз. Бул колдонмодо биз коомдук TXID'ни колдонобуз: 0xf248c7e015245926f150006c8a5584d84259a23a8c5171282c95e3c2e2a1c292

Etherscan издөө талаасы

  1. Транзакциянын деталдары барагын ачуу үчүн Enter баскычын басыңыз.

Etherscan TXID транзакциясынын деталдары, 1-бөлүк

Etherscan TXID транзакциясынын деталдары, 2-бөлүк

Транзакциянын деталдары барагындагы негизги талаалар:

  • Транзакциянын хеши: бул транзакциянын уникалдуу идентификатору

  • Статусу: транзакция ийгиликтүү болгонун, ишке ашпаганын же дагы эле күтүлүп жатканын көрсөтөт

  • Блок: транзакция кирген блоктун номери жана ырастоолордун саны

  • Timestamp: транзакцияны камтыган блок чынжырга кошулган күнү

  • Жөнөтүүчү / Алуучу: жөнөтүүчүнүн дареги жана алуучунун дареги же смарт-контракт

  • Наркы: которулган ETH көлөмү

  • Транзакциянын акысы: транзакцияны иштетүү үчүн төлөнгөн жалпы акы

  • Транзакция баасы: Бул транзакциядагы транзакция төлөм бирдигинин баасы

Эгер бир транзакцияны эмес, капчыкты текшергиңиз келсе, капчык дарегин издөө талаасына киргизиңиз. Мисал катары, биз жаңы эле байкаган транзакциядан алуучунун капчык дарегин колдонобуз: 0x52a94197CCCB021c930aC17EA1b309296dA16ea1

Etherscan капчык дарегинин деталдары

Капчыктын жалпы барагы учурдагы ETH балансын, токендерди жана толук транзакция тарыхын көрсөтөт. Бир аз ылдый жылдырсаңыз, жаңы эле издеген транзакцияны көрөсүз.Etherscan’дагы транзакциянын деталдары жана капчыктын тарыхы

Белгилей кетүүчү нерсе: 2024-жылдын мартындагы Dencun жаңыртуусунан кийин Ethereum EIP-4844 алкагында жаңы транзакция түрүн киргизген. Эгер Etherscan’да blob-carrying деп белгиленген транзакцияны көрсөңүз, бул кадимки ETH которуусу эмес, блокчейн бириктирүүчү катмар тармагынан Ethereum’га жөнөтүлгөн маалымат экенин билдирет.

Etherscan'да токендин контракт дарегин кантип табууга болот

Эгер токенди кол менен капчыкка кошуу же чыныгы контракт менен иштеп жатканыңызды ырастоо керек болсо, төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

  1. Etherscan’дын негизги менюсунан Токендин трекери барагын ачыңыз.

  2. Токендер демейки боюнча рыноктук капитализация менен иреттелет. Керектүү токенди табуу үчүн издөө талаасын колдонуңуз.

Etherscan’дагы токен трекеринин башкы барагы

  1. Токенди басып, анын деталдар барагын ачыңыз. Контракттын дарегин «Кошумча маалымат» бөлүмүнөн таба аласыз.

Etherscan’дагы USDT токен деталдары

Токендин контракт дарегин расмий сайт же ырасталган булактар менен салыштыруу жасалма токен менен иштөө коркунучун азайтат.

Etherscan'да смарт-контракттарды кантип көрүү керек

Смарт-контракттарды түздөн-түз Etherscan аркылуу көрүп жана колдонсоңуз болот. Мисал катары Uniswap ERC-20 токенинин контрактынын дарегин колдонобуз: 0x1f9840a85d5aF5bf1D1762F925BDADdC4201F984:

  1. Контракттын дарегин Etherscan издөө талаасына киргизиңиз.

  2. Контракттын жалпы барагынан [Contract] бөлүмүн басыңыз.

Etherscan’дагы смарт-контракттын деталдары

[Read Contract] бөлүмү аркылуу контракттагы жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды көрө аласыз, мисалы белгилүү бир капчыктын токен балансын текшерүү же берилген чыгымдоо уруксаттарын карап чыгуу.

Смарт-контракт, контрактты окуу бөлүмү

[Write Contract] бөлүмү аркылуу контракт менен түз иштеше аласыз. Бул DeFi платформасынын сайты иштебей калганда, каражаттарды алуу же кандайдыр бир аракетти түздөн-түз контракт аркылуу аткаруу керек болгондо пайдалуу болушу мүмкүн. Бул функцияны колдонуудан мурун, MetaMask же Binance Web3 капчыгы сыяктуу капчыкты байланыштыруу үчүн [Connect to Web3] баскычын басыңыз.

Смарт-контракт, контрактты жазуу жана Web3’кө туташуу

Etherscan ошондой эле ЖИнин негизиндеги Code Reader куралын сунуштайт, ал смарт-контракттын кодун жөнөкөй тилде түшүндүрөт.

Etherscan’дагы code reader (ЖИ)

Бул контракт менен иштешүүдөн мурун анын кандай иштээрин түшүнгүңүз келсе, бирок Solidity'ни билбесеңиз, абдан пайдалуу.

Etherscan'да транзакция төлөмүнү баасын кантип текшерүү керек

Ethereum'да транзакция төлөмүнүн баасы тармактын жүктөмүнө жараша өзгөрүп турат. Etherscan’дагы транзакция төлөмүнүн трекери ар кандай ылдамдык деңгээлдери боюнча учурдагы транзакция төлөмүнүн бааларын жана болжолдуу күтүү убактысын көрсөтөт. Бул транзакциянын баасын эсептеп, аны дароо жөнөтүү керекпи же жүктөм азайганча күтүш керекпи деген чечим кабыл алууга жардам берет.

Транзакция төлөмүнүн трекери ошондой эле анын бааларынын тарыхый графигин камтыйт, бул убакытты тандоо мүмкүнчүлүгү болсо, тармак жүктөмү төмөн учурларды аныктоого жардам берет.

Etherscan’дагы транзакция төлөмүнүн трекери

Токен жактырууларын кантип текшерүү жана жокко чыгаруу керек

DeFi протоколу же Dapp менен иштешкенде, адатта смарт-контрактка капчыгыңыздагы токендерди колдонууга уруксат бересиз. Токенди жактыруу деп аталган бул уруксаттар, сиз аларды жокко чыгармайынча, мөөнөтсүз убакытка чейин активдүү бойдон калат. Чексиз уруксат берилген контракт кийин бузулса, каражаттарыңыз коркунучка кабылышы мүмкүн.

Бул уруксаттарды башкаруу үчүн Etherscan’дагы токенди жактыруу текшергичин кантип колдонсо болот:

  1. Токенди жактыруу текшергичин Etherscan'дын башкы бетиндеги [More] бөлүмүнөн таба аласыз.

Башкы беттеги токенди жактыруулар

  1. Бардык активдүү уруксаттарды көрүү үчүн капчыгыңызды туташтырыңыз.

Бош токенди жактыруулар барагы, капчыкты туташтырыңыз

  1. Кайсы контракттар сиздин токендерди колдонууга уруксаты бар экенин жана канча көлөмдө экенин текшериңиз.

Капчык туташкандан кийинки токенди жактыруу барагы

  1. Керексиз уруксаттарды алуу үчүн Жокко чыгаруу баскычын басып, капчыгыңыздагы транзакцияны ырастаңыз.

Токен жактыруусун жокко чыгаруу

Ар бир жокко чыгаруу үчүн кичине транзакция акысы талап кылынат, анткени уруксатты жокко чыгаруу өзү Ethereum’дагы транзакция болуп саналат. Коопсуздук максатында, айрыкча жаңы DeFi протоколдорун колдонгондон же эйрдропторго катышкандан кийин, активдүү уруксаттарды мезгил-мезгили менен карап туруу маанилүү адат.

Жыйынтык

Etherscan акысыз жана колдонууга жеңил. Эгер сиз капчыгыңыздан же биржадан түз ала тургандан да көп маалымат алгыңыз келсе, бул жакшы курал. Etherscan башка блок серепчилерине, мисалы BscScan’га негиз болуп саналат, ошондуктан аны үйрөнүү башка жактарда да колдонууга боло турган көндүмдөрдү берет. Транзакциянын статусун текшергиңиз келеби же жаккан Dapp’тын смарт-контрактын карагыңыз келеби — Etherscan баштоо үчүн жакшы платформа.

Кошумча маалымат

Жоопкерчиликтен баш тартуу: Бул мазмун сизге жалпы маалымат жана билим берүү максатында «кандай болсо ошондой» сунушталат жана ага эч кандай кепилдик же өкүлчүлүк берилбейт. Ал каржылык, юридикалык же башка профессионалдык кеңеш катары кабыл алынбашы керек жана белгилүү өнүмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максаты жок. Сиз өзүңүздүн тиешелүү профессионалдык кеңешчилерден кеңеш алууга тийишсиз. Эгер мазмун үчүнчү жак тарабынан берилсе, анда айтылган пикирлер тек гана ошол үчүнчү жакка таандык жана жана алар Binance Academy’нин көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбай турганын эске алыңыз. Санарип активдердин баалары туруксуз болушу мүмкүн. Инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн, жана салынган каражат толугу менен кайтарылбай калышы мүмкүн. Инвестициялык чечимдер үчүн жоопкерчилик толук сизге таандык, жана Binance академиясы сиз дуушар болгон чыгымдар үчүн жооптуу эмес. Кененирээк маалымат алуу үчүн колдонуу шарттарыбызды, тобокелдик эскертүүбүздү жана Binance Academy'нин шарттарынкарап чыгыңыз.