Токенди убактылуу кулпулоо – бул криптовалюта токендерин сатууга, которууга же соода кылууга мүмкүн болбогон белгилүү бир мөөнөт. Мындай кулпулоо мезгили вестинг мезгили деп да аталат.
Долбоорлор токендин узак мөөнөттүү туруктуулугун сактоо үчүн токендерди кулпулоону алдын алуу чарасы катары көп колдонушат. Айрым токен ээлеринин өз токендерин белгилүү бир убакытка чейин колдонуу мүмкүндүгүн чектөө менен кулпулоосу базарга токендердин өтө чоң көлөмүнүн бир убакта чыгып кетишинин алдын алууга жардам берет.
Убактылуу кулпулоо стимулдарды да шайкеш келтирүүгө жардам берет. Команда белгилүү бир мөөнөт ичинде токендерин колдоно албаса, мүчөлөр кыска мөөнөттүү баа кыймылдарына эмес, узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурууга түрткү алышы мүмкүн. Вестинг графиктери адатта ачык болгондуктан, базар көп учурда алдыдагы кулпудан чыгарууну алдын ала эске алат.
Токендерди кулпулоо адатта вестинг графиги аркылуу уюштурулат. Мындай графиктер көбүнчө токен ишке киргизилгенден кийин бир же эки жылга түзүлүп, алгачкы инвесторлор үчүн бул мөөнөт андан да узак болушу мүмкүн. Вестинг графигинде көп учурда «клифф» деп аталган баштапкы мезгил каралат. Бул мезгилде токендер такыр чыгарылбайт. Баштапкы мезгилинин кеңири колдонулган мөөнөтү болжол менен 12 айды түзөт.
Баштапкы мезгил аяктагандан кийин, токендер адатта бир эле учурда эмес, акырындап кулпудан чыгарылат. Мындай акырындап, же сызыктуу, чыгаруу жаңы запасты убакыт боюнча бөлүштүрүп, базарга бир эле кулпудан чыгаруу окуясынын таасирин азайтууга жардам бериши мүмкүн.
Жаңы долбоорлор өзүнүн криптовалютасын инвесторлорго сата турган каражат чогултуу ыкмасы.
Binance Academy редакциясы