Quant (QNT) деген эмне?

Quant (QNT) деген эмне?

Орто
Жаңыртылган Nov 21, 2025
6m

Негизги жыйынтыктар

  • Quant - бул салттуу каржы системаларына стандартталган API'лар аркылуу ар түрдүү блокчейнге туташууга жардам берген финтех платформасы.

  • Overledger - бул Quant’тын API-шлюзу, ал колдонмолорго бир эле учурда бир нече блокчейнге жана корпоративдик системаларга туташууга мүмкүндүк берет.

  • Платформа төмөнкүлөрдү камтыйт: Quant Flow -программаланган төлөмдөр үчүн, QuantNet - токенизацияланган эсептешүүлөр үчүн, Quant Fusion - мульти-леджер аткаруу үчүн, ал эми PayScript - автоматташтырылган каржылык логика үчүн.

  • QNT - тармактын жергиликтүү токени. Ал Multi-Ledger Rollup'тагы транзакциялык төлөмдөр үчүн, кроссчейн которуулары үчүн жана түйүнгө катышуу үчүн стейкингди колдоого пайдаланылат.

quanto qnt cta банери

Quant деген эмне?

Quant - бул финтех платформасы, ал салттуу каржы системаларын блокчейн тармактары менен бириктирет. Платформанын өз ара иштешүү катмары Overledger бирдиктүү API чөйрөсүн колдонуп, ар кандай эсеп китептерди, төлөм системаларын жана санарип актив платформаларын бириктирет. Бул уюмдарга учурдагы инфраструктурасын өзгөртпөстөн, системалар ортосунда маалымат алмашууга жана өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.

Quant технологиясы Англия банкы, Улуу Британия тарабынан жөнгө салынган Liability Network жана Европа Борбордук Банкы менен биргеликте иштелип чыккан. Аны дүйнө жүзүндөгү банктар операциялык эффективдүүлүктү жогорулатуу жана талапка ылайык санарип каржы түзүү үчүн колдонушат. Ишканалар Quant программалык камсыздоосун колдонуп, өз колдонмолорунда программаланган төлөмдөрдү, токенизацияланган актив эсептешүүсүн жана кроссчейн функцияларын ишке ашыра алышат.

Негизги өзгөчөлүктөр

Overledger

Overledger - бул бирдиктүү интерфейс аркылуу ишканалардын учурдагы системаларын бир нече блокчейн тармактарына туташтырууга мүмкүндүк берген API-негизиндеги система. Колдонмо программалык интрейфеси (API) программалар ортосунда маалымат алмашууга мүмкүндүк берген көпүрө катары иштейт. 

Сурам жана жооп форматтарын бирдей кармоо менен Overledger иштеп чыгуучуларга ар бир блокчейндин техникалык өзгөчөлүктөрүн үйрөнбөстөн, ар түрдүү блокчейндер аркылуу иштешине шарт түзөт. Overledger ошондой эле учурда көп блокчейнде иштеген мульти-чейндин борборсуздаштырылган колдонмолорун (mDApps) түзүүнү колдойт. 

Quant Flow

Quant Flow - бул API-негизиндеги платформа, ал банктарга, финтех компанияларга жана төлөм кызмат көрсөтүүчүлөргө программаланган санарип акчаны системаларына киргизүүгө мүмкүндүк берет. Overledger технологиясынын негизинде түзүлгөн бул платформа эсеп жүргүзүү процесстерин автоматташтырууга жана белгилүү бир окуялар менен триггерленген төлөмдөрдү колдоого жардам берет. Ошондой эле Quant Flow өзүнө шайкештик функцияларын, алдамчылыкты байкоо механизмдерин жана ликвиддүүлүктү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн камтып, уюмдарга тобокелдикти башкарууга каражаттардын көзөмөлүн сактоого жардам берет.

QuantNet

QuantNet - бул каржылык уюмдарга токенизацияланган акчаны жана санарип активдерди ар кандай тармактарда өзүнчө эсеп китептерге же кол менен жүргүзүлгөн процесске таянбастан которууга жардам берген система. Ар бир уюм өзүнчө бөлүнгөн системаларды колдонуунун ордуна, QuantNet жалпы шлюзду камсыз кылат, ал мамлекеттик жана жеке блокчейндерди, төлөм тармактарын жана активдер платформаларын туташтырат.

QuantNet'тин ISO 20022 стандартындагы жергиликтүү дизайны каржылык индустрияда колдонулган жалпы глобалдык билдирүү стандартына ылайык келет. Бул ар кандай системаларга бирдей форматта байланышууга мүмкүнчүлүк берип, кошумча эсептешүү куралдары же орто программалык камсыздоо керектелбешин камсыздайт. QuantNet ошондой эле соодадан кийинки процесстерди автоматташтыра алат жана ар кандай системалардагы активдердин кыймылын башкара алат.

Quant Fusion

Quant Fusion - бул ачык блокчейндерди уруксат берилген тармактар менен туташтырган структура. Бул уюмдарга маалыматтарды жана активдерди ар кандай системаларда өткөрүүгө, көпүрөлөргө, же оролгон токендерге таянбастан мүмкүндүк берет. Fusion эки компонетке негизделген: Көп каттуу эсеп китептерди бириктирүү (MLR) жана Тармактардын тармагы

Quant’тун MLR'и бир эле учурда көп блокчейндерде иш аракеттерди иштетүүгө жана эсептешүүгө мүмкүндүк берет, ал эми салттуу rollup'тар бир гана чынжырга туташат. Тармактардын тармагы катышуучуларга өз түйүндөрүн же блокчейндерин туташтырып, өз ара байланышкан система түзүүгө мүмкүндүк берет. 

Fusion'дун rollup'ы ийкемдүү болуп, убакыттын өтүшү менен көптөгөн блокчейн түрлөрүн колдой алат, анын ичинде ачык тармактар, корпоративдик системалар жана көзөмөлдөлгөн өз ара иштешүүнү талап кылган жөнгө салынган чөйрөлөр бар. Купуялуулукту сактоо үчүн Quant Fusion кадимки ачык блокчейн изилдөөчүнү сунуш кылбайт. Анын ордуна колдонуучулар өз иш аракеттери жөнүндө маалыматтарды, мисалы баланстарды, транзакциянын деталдарын, жана смарт контракттарды, атайын API'лер жана колдонуучу интерфейстер аркылуу көрө алышат.

PayScript

Quant PayScript - бул каржылык скриптинг куралы, ал банктарга жана ишканаларга акчанын кыймылын жана жүрүм-турумун аныктоого мүмкүндүк берет. Бул курал салттуу банк эсептерин жана стейблкоиндерди колдойт, автоматташтырылган төлөмдөрдү, жөнөкөйлөтүлгөн иш агымдарын жана татаал транзакцияларды натыйжалуу башкарууну камсыздайт. Quant PayScript’тин эрежелер кыймылдаткычы аркылуу уюмдар акчанын агымдары үчүн так көрсөтмөлөрдү атайын программалоо жөндөмдөрү жок эле аныктай алышат.

Колдонуу учурлары

  • Борбордук банк санарип валюталары (CBDC'лер): мамлекеттик мекемелер төлөм системаларын, жеке эсеп китептерди жана жөнгө салынган тармактарды туташтырган Quant’тын өз ара иштешүү куралдарын колдонуп, CBDC моделдерин сыноо жана ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

  • Ишканалардын камсыздоо чынжыры: компаниялар Quant’тын API'лери аркылуу камсыздоо чынжыр платформаларын блокчейн тармактарына туташтырып, эсептешүүнү жөнөкөйлөтө алышат, активдерди көзөмөлдөй жана комплаенсти автоматташтыра алышат.

  • Тармактар аралык аткаруу: уюмдар Quant Fusion’дин көп каттуу эсеп китеп чөйрөсүн колдонуп, бир нече ачык жана жеке блокчейндерде транзакцияларды иштетип, же смарт контракттарды аткара алышат.

  • Программаланган төлөмдөр: уюмдар Quant Flow’нун төлөм куралдарын колдонуп, эмгек акы эсептөө, салык процесстерин, казына функцияларын жана окуян-негизделген транзакцияларды автоматташтыра алышат.

  • Токенизацияланган эсептешүү: банктар жана каржылык платформалар QuantNet’тин жалпы жана комплаенске ылайыкташкан инфраструктурасы аркылуу токенизацияланган депозиттерди, каражаттарды жана активдерди учурдагы убакыт режиминде эсептештире алышат.

QNT токени

QNT бул Quant экосистемасынын жергиликтүү токени жана анын бир нече колдонуу учурлары бар: 

  • Газ төлөмдөрү: QNT Multi-Ledger Rollup'тагы транзакцияларды төлөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Депозитке салынганда ал rollup’тын жергиликтүү токени катары иштейт.

  • Кроссчейн которуулар: QNT Multi-Ledger Rollup' та ERC-20 токендердин депозиттерин жана чыгарылыштарын жеңилдете алат, кроссчейн активдер моделин колдойт.

  • Стейкинг: QNT түйүн операторлору тарабынан, алар транзакцияларды уюштуруу же текшерүү ролун аткарганда стейкинг кылына алат. Катышуучулар тармактын операциялары коопсуздугуна салым кошкону үчүн QNT сыйлыктарын алышат.

Жыйынтыктоочу ойлор

Quant каржылык уюмдарга көбүрөөк туташкан жана программаланган санариптик инфраструктурага өтүүгө жардам берүү үчүн түзүлгөн. Анын өз ара иштешүү катмары системаларга көп каттуу эсеп китептер боюнча байланышууга мүмкүндүк берет, ал эми Quant Flow, QuantNet, Quant Fusion жана PayScript сыяктуу өнүмдөр токенизацияланган эсептешүүлөрдү жана тармактар аралык аткарууну колдойт. Бул куралдар биргелешип, каржылык уюмдарга блокчейн технологиясын колдонуу жана комплаенске ылайык санарип акча чечимдерин курууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Кошумча окуу материалдары

Эскертүү: бул мазмун сизге «бардык болуп тургандай» негизде жалпы маалыматтык жана окуу максатында берилет, эч кандай кепилдик же өкүлдүк берилбейт. Аны каржылык, юридикалык же башка профессионалдык кеңеш катары түшүнбөңүз, ошондой эле белгилүү бир өнүм же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында эмес. Сиз өзүңүзгө тиешелүү адис кеңешчилерден кеңеш алсаңыз болот. Бул макалада айтылган өнүмдөр сиздин аймагыңызда жеткиликтүү болбошу мүмкүн. Эгер макала үчүнчү тараптын катышуусу менен берилсе, анда айтылган пикирлер үчүнчү тарапка таандык жана ал ар дайым Binance Academy'нин көз карашын чагылдырбайт. Сураныч, толук маалыматтар үчүн биздин толук эскертүүбүздү окуңуз. Санарип активдердин баалары туруктуу болбойт. Сиздин инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн жана сиз салган сумманы кайтара албай калышыңыз мүмкүн. Инвестициялык чечимдер үчүн толугу менен сиз өзүңүз жооптуусуз жана Binance Academy пайда болгон жоготуулар үчүн жооптуу эмес. Бул материал каржылык, юридикалык же башка адистик кеңеш катары түшүнүлбөшү керек. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин Колдонуу шарттарыбызды жана Тобокелдик эскертүүбүздү караңыз.

Кат-кабар бөлүшүү
Эсепти каттоо
Бүгүн Binance эсебин ачуу менен билимиңизди иш жүзүндө колдонуңуз.