Инвестициядан түшкөн киреше(ROI)
ROI(Инвестициядан түшкөн киреше) – бул инвестициянын же сооданын жалпы чыгымына карата канчалык кирешелүү болгонун өлчөй турган көрсөткүч. Ал катыш же пайыз түрүндө туюнтулат.
Инвестициядан түшкөн кирешенин негизги формуласы: (Учурдагы баасы - Жалпы чыгым)/Жалпы чыгым. Оң натыйжа пайданы билдирет; терс натыйжа чыгымды көрсөтөт.
Инвестициядан түшкөн киреше – бул инвестициянын же сооданын жалпы чыгымына карата канчалык кирешелүү болгонун өлчөй турган көрсөткүч. Ал катыш же пайыз түрүндө туюнтулат.
Криптовалюта дүйнөсүндө инвестициядан түшкөн киреше
спот соодага,
стейкингге жана пайда фармингке, ошондой эле DeFi стратегияларына карата колдонулат; алардын ар биринин өзүнө тийиштүү тобокелдик деңгээли жана убакыт алкагы бар.
Инвестициядан түшкөн киреше же ROI– бул салттуу каржы тармагында да, криптовалюта рыногунда да эң көп колдонулган ченемдердин бири. Бул инвестициянын баштапкы наркына карата канчалык пайда же чыгым алып келгенин өлчөйт, бул болсо ар кандай соодалардын, активдердин же стратегиялардын натыйжалуулугун салыштыруунун эң жөнөкөй жолу.
Инвестициядан түшкөн киреше инвестициядан түшкөн таза пайданы анын жалпы сатып алуу баасына бөлүү аркылуу эсептелет, ал эми жыйынтыгы ондук коэффициент түрүндө көрсөтүлөт же пайызды алуу үчүн жүзгө көбөйтүлөт.
Инвестициядан түшкөн киреше = (Учурдагы баасы - Жалпы баасы) / Таза наркы
Же болбосо: Инвестициядан түшкөн киреше = Таза пайда / Жалпы чыгым
Мисалы, Алиса жалпысынан 1000 доллар коротуп, ар бирин 10 доллардан 100 БНБ сатып алды дейли. Эгерде кийинчерээк бир БНБнын баасы 19 долларга чейин көтөрүлсө, анын ээликтеги активдеринин баасы 1900 долларды түзөт. Мында анын инвестициядан тушкөн киреше өмөнкүдөй болот:
($1,900 - $1,000) / $1,000 = 0.90, or 90%
Оң көрсөткүч инвестиция пайда алып келгенин билдирет. Терс көрсөткүч болсо, активдин баасы сатып алуу наркына салыштырмалуу арзандап кеткенин түшүндүрөт. Комиссияларды жана бир нече соода операцияларын камтыган эсептөөлөрдүн кененирээк мисалдары менен Инвестициядан түшкөн кирешени кантип эсептөө керек деген колдонмодон таанышсаңыз болот.
Инвестициянын кайтарымы пайдалуу көрсөткүч болгону менен, анын өзгөчө криптовалюта базарларында эске алчу олуттуу чектөөлөрү бар.
Инвестициядан түшкөн кирешенин криптовалюта ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндө колдонулат, бирок аны эсептөө жана чечмелөө контекстке жараша айырмаланат.
Спот соода кылуу: Актив белгилүү бир баада сатылып алынган жана сатылган
спот соодалар үчүн инвестициядан түшкөн киреше көрсөткүчүн эсептөө оңой. Кирешени ашыра көрсөтүп албаш үчүн, жалпы чыгымга комиссиялык төлөмдөр да кошулушу керек.
Стейкинг жана пайда фарминг:
Стейкинг же пайда фарминг стратегияларын баалоодо инвестициядан түшкөн киреше көбүнчө б ир жылдык пайыздык кирешеже жылдык пайыздык чен түрүндө көрсөтүлөт. Мындай сандар ар башка протоколдор менен активдердин убакытка негизделген кирешелүүлүгүн салыштырууну жеңилдетет.
DeFi стратегиялары: Борборлоштурулбаган каржы тармагында инвестициядан түшкөн киреше көрсөткүчүн эсептөө бир топ татаал. Мисалы, ликвиддүүлүк менен камсыздоочулар
убактылуу чыгашаларды сөзсүз эсепке алышы керек. Анткени ачылган позиция кагаз жүзүндө кирешелүү көрүнгөнү менен, бул чыгашалар реалдуу пайданы убада кылынган көрсөткүчтөн төмөндөтүп салышы мүмкүн. DeFi кирешелүүлүгүн инвестициядан түшкөн киреше аркылуу баалоодо, ага байланыштуу бардык чыгымдарды жана тобокелдиктерди эске алуу маанилүү.
Инвестициялык натыйжалуулукту кенениреек көлөмдө талдоо үчүн, инвестициядан түшкөн киреше көрсөткүчүн жалгыз колдонбостон, аны
техникалык анализ, тобокелдиктерди баалоо жана убакытты эсепке алган кирешелүүлүк метрикаларын камтыган чоңураак аналитикалык системанын бир бөлүгү катары колдонуу туура болот.
Криптовалюта үчүн кандай инвестициядан түшкөн киреше жакшы деп эсептелет?
Криптовалютада жакшы инвестициядан түшкөн киреше үчүн бирдиктүү чен-өлчөм жок, анткени кирешелүүлүк базардын абалына, активдин түрүнө жана убакытка жараша абдан айырмаланат. Бул жерде кургак сандарга караганда, ошол пайда үчүн канчалык тобокелдикке барганыңыз жана канча убакыт коротконуңуз алда канча маанилүү. Үч ай ичиндеги 30%дык инвестициядан түшкөн киреше, эки жыл күттүргөн 100%дык инвестициядан түшкөн кирешекараганда натыйжалуураак болушу мүмкүн.
Инвестициядан түшкөн кирешеI менен APYдин ортосунда кандай айырма бар?
Инвестициядан түшкөн киреше – бул инвестициянын жалпы кирешелүүлүгүн убакытка байлабай, башынан аягына чейинки жыйынтыгы менен өлчөйт. Ал эми APY (жылдык пайыздык киреше) – бул татаал пайыздын таасирин эсепке алуу менен бир жылдык эффективдүү пайданы көрсөтүүчү убакыт боюнча стандартташтырылган метрика. Бир жылдык пайыздык киреше адатта ар башка протоколдордогу стейкинг сыйлыктарын жана кирешелүү пайда фарминг чендерин салыштыруу үчүн колдонулат.
Инвестициядан түшкөн киреше эсептөөдө акылар эске алынабы?
Сөзсүз эсепке алынышы керек. Инвестициядан түшкөн кирешенин көрсөткүчү так чыгышы үчүн, соода комиссиялары, транзакция төлөмдөрү жана башка бардык кошумча чыгымдар жалпы кеткен каражаттын эсебине кошулушу зарыл. Акыларды эсепке албай коюу реалдуу кирешени ашыра көрсөтүп коёт, бул өзгөчө транзакция төлөмгө кеткен чыгымдар жогору болгон DeFi колдонуучулары жана активдүү сооагерлер үчүн өтө маанилүү..
Инвестициядан түшкөн кирешеI көрсөткүчү тобокелдик менен кирешенин катышынан эмнеси менен айырмаланат?
Инвестициядан түшкөн киреше – бул соода же инвестиция аяктагандан кийинки иш жүзүндөгү жыйынтык. Ал эми
тобокелдик менен кирешенин катышы соодага кирер алдында мүмкүн болгон пайда менен чыгымды алдын ала баалоо үчүн колдонулат. Экөө тең маанилүү, бирок милдеттери ар башка: инвестициядан түшкөн киреше өткөн чактагы натыйжалуулукту өлчөйт, ал эми тобокелдик менен киреше келечектеги сооданы пландаштырууга жардам берет.
Жоопкерчиликтен баш тартуу: Бул контент сизге жалпы маалымат берүү жана/же билим берүү максатында гана «кандай болсо, ошондой» негизинде, эч кандай кепилдиксиз сунушталат. Бул маалымат каржылык, юридикалык же башка профессионалдык кеңеш катары каралбашы керек, ошондой эле кандайдыр бир конкреттүү продуктту же кызматты сатып алуу сунушу болуп эсептелбейт. Сиз тийиштүү профессионал кеңешчилерден өз алдынча кеңеш алышыңыз керек. Контент үчүнчү тарап тарабынан берилген учурларда, айтылган пикирлер ошол үчүнчү тарапка таандык экенин жана Binance Academy’нин көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт экенин эске алыңыз. Санариптик активдердин баасы туруксуз болушу мүмкүн. Инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же көтөрүлүшү ыктымал жана сиз салган суммаңызды кайтарып албай калышыңыз мүмкүн. Инвестициялык чечимдериңиз үчүн сиз гана жооптуусуз жана Binance Academy сиз дуушар болушу мүмкүн болгон чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Кошумча маалымат алуу үчүн биздин Колдонуу шарттарын,Тобокелдиктер жөнүндө эскертүүнү жанаBinance Academy шарттарын караңыз
.