Негизги өзгөчөлүктөр
zkPass бул маалыматтарды ырастоого багытталган, купуялуулукту биринчи орунга койгон протокол, ал Web2 маалыматтары менен Web3 экосистемасынын ортосунда көпүрө катары кызмат кылат.
zkPass протоколу колдонуучуларга маалыматтын деталдарын ачыкка чыгарбастан өз маалыматтары боюнча фактыларды далилдөөгө мүмкүндүк берүү үчүн көп тараптуу эсептөө (MPC) жана нөлдүк билим далилдери (ZKP) технологияларын колдонот.
zkPass протоколунун негизги инновацияларынын бири “TransGate”. Ал колдонуучуларга өзгөртүлгөн үч тараптуу TLS (үч тараптуу TLS, 3P-TLS) кол алышуу механизмин колдонуу аркылуу каалаган HTTPS веб-сайттан далилдерди түзүүгө мүмкүндүк берет.
zkPass маалыматтардын өз алдынча башкарылышына байланыштуу маанилүү көйгөйлөрдү чечет жана борборсуздаштырылган тиркемелер үчүн борборлоштурулган API'лерге же кийлигишкен KYC процесстерине муктаждыкты азайтат.
Киришүү
Салттуу интернет (Web2) менен блокчейн экосистемасы (Web3) арасындагы ажырым массалык түрдө бул тармакка өтүүнү чектейт. Web2 колдонуучулардын көп көлөмдөгү маанилүү маалыматтарын сактайт (мисалы, каржылык тарых, социалдык идентификация жана юридикалык күбөлүктөр). Бирок, Web3 тиркемелери бул маалыматтарды борборлоштурулган кызматтарга таянбастан же купуялуулукту бербестен түздөн түз алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.
zkPass ушул "маалыматтар арасындагы ажырымды" жоюу үчүн иштелип чыккан. Ал криптографияны колдонуу аркылуу чыныгы макамыңызды жана маалыматтарды блокчейнге алып келүүгө мүмкүндүк берет. Бул процесстин жардамы менен купуя маалыматтарды ортомчу тарапка ишенип тапшыруунун зарылдыгы калбайт. Эми бул механизм кандай иштээрин жана анын маанисин карап көрөлү.
zkPass деген эмне?
zkPass бул купуялуулукка багытталган, борборсуздаштырылган протокол, ал жеке маалыматтарды купуя түрдө ырастоо үчүн иштелип чыккан. Ал инфраструктуралык катмар катары иштеп, колдонуучуларга салттуу Web2 булактарынан (мисалы, банктардан, электрондук соода платформаларынан же мамлекеттик маалымат базаларынан) алынган маалыматтарды Web3 акылдуу келишимдерине тандалма түрдө далилдөөгө мүмкүндүк берет.
zkPass протоколунун негизги максаты бул маалыматтарды ачыкка чыгарбастан ырастоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. Мисалы, колдонуучу борборсуздаштырылган каржы (DeFi) протоколуна өзүнүн кредиттик упайы 700 жогору экенин далилдей алат, ошол эле учурда так упайын, өзүнүн атын же кредиттик тарыхын ачыкка чыгаруу зарылдыгы жок.
zkPass (ZKP) кантип иштейт?
zkPass архитектурасы заманбап криптографиянын эки негизги бөлүгүнө: көп тараптуу эсептөөгө (MPC) жана нөлдүк билим далилдерине (ZKP) негизделген. Бирок анын эң маанилүү инновацияларынын бири бул TLS (маалыматтарды өткөрүүнүн коопсуздук катмары) деп аталган стандарттык интернет байланыш протоколу менен иштөө ыкмасы саналат.
1. Үч тараптуу TLS (3P-TLS)
Банктын веб-сайтына киргениңизде, сиз HTTPS колдоносуз, ал сиз (кардар) менен банк (сервер) ортосундагы стандарттык эки тараптуу TLS кол алышуу механизминине таянат. Бул механизм маалыматтардын шифрленишин камсыз кылат, бирок маалыматтар сизге гана көрүнөт.
zkPass "үч тараптуу TLS" механизмин иштеп чыккан. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
Далилдөөчү (колдонуучу): маалыматтарды көрүүгө укугу бар адам.
Ырастоочу (zkPass түйүнү): маалыматтарды алмашуунун күбөсү болгон тарап.
Веб-сервер: маалыматтардын булагы (мисалы, Google, Amazon, Chase Bank).
Бул жөндөөлөрдө ырастоочу кол алышууга катышып, маалыматтын туура экенин жана туура серверден келип жатканын кепилдейт. Бирок колдонулган криптографиялык протоколдордун жардамы менен, ырастоочу эч качан шифрленбеген маалыматтарды көрбөйт. Ал бир гана маалымат алмашуу болгонун көрсөткөн математикалык далилди гана көрөт.
2. TransGate
Бул технологиянын колдонуучу интерфейси TransGate деп аталат. Ал колдонуучуларга каалаган HTTPS веб-сайттан нөлдүк билим далилдерин түзүүгө мүмкүнчүлүк берген өткөргүч катары кызмат кылат. Колдонуучу TransGate'ти иштеткенде, веб-баракчадан белгилүү маалымат талааларын тандап алып, аларды нөлдүк билим далиге топтой алат. Бул далил андан кийин блокчейнге жүктөлүп, DApp'тар тарабынан текшерилиши мүмкүн.
3. Нөлдүк билим далилдерин түзүү
Маалымат 3P-TLS аркылуу алынган жана күбөлөндүрүлгөндөн кийин, ал нөлдүк билим далилине айландырылат. Бул криптографиялык ыкмада бир тарап экинчи тарапка билдирүүнүн чын экенин далилдейт, бирок билдирүүнүн өзүн ачыкка чыгарбайт. Бул колдонуучунун жеке маалыматынын (PII) эч качан жергиликтүү чөйрөсүнөн окулуучу форматта чыкпай туруусун камсыз кылат.
Потенциалдуу колдонуу кейстери
zkPass блокчейнден тышкаркы маалыматтарды блокчейндин мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштыруунун жардамы менен көптөгөн колдонмолордо колдонулушу мүмкүн.
DeFi жана жетишсиз кепилдик менен берилген карыздар: азыркы учурда, DeFi карыздары көбүнчө ашыкча кепилдикти талап кылат, анткени протоколдор колдонуучунун кредитти актоого жөндөмдүүлүгүн билбейт. Колдонуучулар zkPass'ты колдонуп, блокчейнден тышкары финансылык абалын (мисалы, банк эсебинин балансы же кредиттик упайлар) далилдей алышат, бул өздөрүнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбастан жакшыраак карыздык шарттарды алууга мүмкүндүк берет.
Өздүктү ырастоо (DID): колдонуучулар өздөрү уникалдуу инсан экенин, 18 жаштан чоң экенин же белгилүү бир өлкөнүн жараны экенин (KYC талаптарына ылайык) далилдей алышат, бирок паспорттун сүрөтүн көптөгөн маалымат базаларына жүктөбөйт. Бул жеке инсандык уурдоонун тобокелдигин азайтат.
Гейминг жана социалдык колдонмолор: оюнчулар Web2 оюндарында (мисалы, Steam же Epic Games) өздөрүнүн активдерин же жетишкендиктерине ырастай алышат жана бул маалыматты колдонуп Web3 экосистемаларында сыйлыктарга ээ боло алышат.
Креатордук экономика: 100 миңден ашык катталуучулары бар инфлюенсерлер анонимдүү түрдө муну далилдей алышат жана бул маалыматты колдонуп эксклюзивдүү DAO мүчөлүктөрүнө же маркетингдик келишимдерге ээ алышат.
zkPass'тын артыкчылыктары
Купуялуулукту сактоо: протокол маалыматтардын өз алдынча башкарылышын камсыз кылат. Колдонуучулар өз маалыматтарынын үстүнөн толук көзөмөлдү сактап, "жыйынтыктарды" (далилдерди) гана бөлүшөт, ал эми "иштетилбеген маалыматтарды" ачыкка чыгарбайт.
API талап кылынбайт: салттуу оракулдар Web2 компанияларынан API маалыматтарын талап кылса, zkPass каалаган стандарттык HTTPS веб-сайт менен түздөн-түз иштей алат. Бул Web2 ири компанияларына көз каранды болбостон маалыматтарды колдонууга мүмкүндүк берет.
Шайкештик: түзүлгөн далилдер көптөгөн блокчейндер менен шайкеш келет, көп чынжырлуу фьючерс үчүн бул мыкты курал болуп саналат.
Көчүрүүдөн сактоо: TLS аркылуу маалыматты түздөн-түх серверден текшерүү колдонуучуларга скриншот жасоо же локалдык HTML кодду манипуляциялоо аркылуу өз күбөлүктөрүн бурмалоого уруксат бербейт.
ZKP токен
ZKP токени бул zkPass тармагынын иштешин камсыз кылган күч булагы. Бул жеке маалыматтарыңызды коопсуз далилдерге айландыруучу кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүдө колдонулган негизги валюта болуп саналат.
ZKP стандарттык ERC-20 токен катары түзүлгөн жана максималдуу запасы 1 миллиард токенди түзөт. Ошондой эле, токен ар кандай блокчейндерде коопсуз жана туруктуу иштөөнү камсыз кылуу үчүн LayerZero технологиясын колдонот.
ZKP токенинин төрт негизги колдонуу жолу бар:
Төлөм: колдонуучулар жана тиркемелер ZKP токенин колдонуп, далилдерди түзүү жана маалыматтарды ырастоо кызматтары үчүн төлөм жүргүзүшөт.
Коопсуз депозит: тармактын түйүндөрүн (валидаторлорду) иштеткен адамдар өз милдеттерин туура аткараарына кепилдик катары ZKP токендерин кулпулап коюшат. Эгерде алар туура эмес иш кылса, токендерин жоготушат.
Кирүү мүмкүнчүлүгү: иштеп чыгуучулар жана компаниялар zkPass куралдарын жана купуялык функцияларын колдонуу үчүн ZKP токендерин талап кылышат.
Добуш берүү: токенге ээ болуу коомчулукка системага киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Binance'та zkPass (ZKP)
Binance'та ZKP токени 2026-жылдын 7-январында тизмеге киргизилген. Токен Seed Tag менен тизмеленген, бул USDT, USDC жана TRY активдердин жубу менен соода кылууга мүмкүндүк берген. Тизмеге киргизилгенден кийин Binance Spot жарнама акциясын жарыялап, ылайыктуу колдонуучуларга жалпы 7 400 000 ZKP көлөмүндөгү токен ваучерлерин бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган.
Корутунду
Чыныгы өздүктү жана репутацияны блокчейнге туташтырууга суроо-талап өсүүдө. Бирок бул байланыш колдонуучунун купуялуулугуна зыян келтирбеши керек. zkPass ушул көйгөйгө акылдуу чечим сунуштайт. Ал учурдагы HTTPS интернетин колдонуп, MPC жана ZK технологиялары аркылуу “купуя” ырастоо катмарын кошуп, маалыматтарды коопсуз бөлүшүүгө өбөлгө түзөт.
Окуу үчүн кошумча материалдар
Жоопкерчиликтен баш тартуу: бул материал сизге кандай болсо ошондой бойдон, жалпы маалымат жана окуу максатында гана сунушталат жана эч кандай кепилдик бербейт. Аны каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары жана белгилүү бир өнүмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо катары кабыл албооңуз керек. Сизге тиешелүү кесиптик кеңешчилерден өз алдынча кеңеш алышыңыз абзел. Бул макалада айтылган өнүмдөр сиздин аймакта жеткиликтүү болбошу мүмкүн. Эгер макала үчүнчү тараптын автору тарабынан берилсе, анда айтылган пикирлер ошол авторго таандык болуп, Binance Academy'нин көз карашын чагылдырбайт. Сураныч, толук маалыматты биздинтолук жоопкерчиликтен баш тартуубаракчасынан караңыз. Санарип активдердин баалары туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн жана салынган сумманы кайтарып ала албай калышыңыз ыктымал. Инвестициялык чечимдер үчүн жоопкерчилик толугу менен сизге таандык, жана Binance Academy ушул сыяктуу жоготуулар үчүн жооптуу эмес. Бул материалды каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл албаңыз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздинколдонуу шарттарынжанатобокелдик эскертүүлөрүнкараңыз.