Негизги өзгөчөлүктөрү
Токендештирилген алтын санариптик токенге айландырылган физикалык алтын болуп саналат. Адатта, бир токен бир унцияга же реалдуу алтындын белгилүү бир көлөмүнө барабар болот.
Бул үлүштүк менчик укугун камсыз кылат, башкача айтканда, кымбат куймаларды сатып алуунун ордуна, аз өлчөмдөгү каражат менен алтынга инвестиция салууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул ыкма алтындын туруктуулугун криптовалюта базарларынын ылдамдыгы жана 24/7 соода кылууга жеткиликтүүлүгү менен айкалыштырат.
Токендештирилген алтындын популярдуу мисалдарына Tether Gold (XAUt) жана Paxos Gold (PAXG) кирет, аларды криптовалюта биржаларында соода кылууга болот.
Алтынды сактап турган компанияга ишеним маселеси жана жергиликтүү жөнгө салуулардагы мүмкүн болгон өзгөрүүлөр сыяктуу тобокелдиктерди эске алуу маанилүү.
Киришүү
Алтын миңдеген жылдар бою байлыкты сактоонун ишенимдүү каражаты катары колдонулуп келген. Айрыкча экономика туруксуз болгон учурда ал коопсуз актив катары кабыл алынат. Бирок физикалык алтынга ээ болуу айрым кыйынчылыктарды жаратат. Ал оор, ташып жүрүүгө ыңгайсыз жана коопсуз сактоо жайын талап кылат. Мындан тышкары, алтын куймасын сатып алуу көпчүлүк адамдар үчүн кымбатка турат.
Токендештирилген алтын бул көйгөйлөрдү алтынды блокчейнде сакталып турушу менен чечүүгө аракет кылат. Бул ыкма чыныгы дүйнөлүк активдер (RWA) тенденциясынын бир бөлүгү болуп саналат. Негизинен, ал реалдуу алтын куймаларынын же коиндердин санариптик версиясын түзөт. Бул базар тез өсүп жатат, анткени адамдар алтындын коопсуздугун каалашат, бирок аны сактоо менен байланышкан татаалчылыктардан алыс болгусу келет.
Токендештирилген алтын деген эмне?
Токендештирилген алтын бул блокчейнде иштеген санариптик токен, ал реалдуу, физикалык алтынга менчик укугун көрсөтөт. Бул токендер көбүнчө стейблкоиндер сыяктуу иштешет, бирок АКШ долларына эмес, алтындын баасына байланат.
Адатта, бир токен алтындын белгилүү бир салмагына барабар болот, мисалы, бир трой унция (болжол менен 31,1 грамм) же бир грамм. Чыныгы алтын коопсуз сактагычтын ичинде кастодиан (коопсуздук үчүн жооптуу компания) тарабынан сакталат. Бул токендер блокчейнде (BSC же Ethereum сыяктуу) жашагандыктан, аларды досторуңузга жөнөтсөңүз болот, соода кылсаңыз болот же башка криптовалюталар сыяктуу каржы колдонмолорунда колдоно аласыз.
Ал кантип иштейт?
Алтынды токендештирүү процесси адатта үч негизги кадамдан турат:
Аманат: чыгаруучу физикалык алтынды (куймалар же коиндер) сатып алып, аны коопсуз жана камсыздандырылган сактагычтын ичинде сактайт. Бул санариптик токендерге реалдуу баа менен колдоо көрсөтүлүшүн камсыз кылат.
Санариптештирүү жана минтинг кылуу: акылдуу келишимдерди колдонуп, чыгаруучу блокчейнде санариптик токендерди чыгарат. Чыгарылган токендердин саны резервде сакталган алтындын көлөмүнө дал келиши керек (мисалы, 100 унцияга 100 токен).
Аудит жана аттестациялоо: ишенимди сактоо үчүн белгилүү чыгаруучулар сактагычтын ичиндеги алтын токендердин айлануучу запасына дал келерин текшерүү үчүн үчүнчү тарап аудиторлорунун кызматын колдонушат. Кээ бир долбоорлор Chainlink сыяктуу оракул тармактарын колдонуп, резерв далилин (PoR) камсыз кылат, бул блокчейнде ачык-айкындуулукту сунуштайт.
Колдонуучу инвестициясын кайтарып алгысы келгенде, адатта токенди биржада сата алат же кээ бир учурларда токенди чыгаруучу компанияга кайтарып, физикалык металл менен алмаштыра алат (минималдуу көлөм жана акы талаптарына ылайык). Бул учурда санариптик токен 1:1 катышын сактоо үчүн "өрттөлөт" (жокко чыгарылат).
Токендештирилген алтындын артыкчылыктары
1. Кирүү мүмкүнчүлүгү жана үлүштүк менчик укугу
Физикалык алтын куймалары кымбатка турат, көп учурда миңдеген долларга бааланат. Токендештирүү аркылуу үлүштүк менчик укугу мүмкүнчүлүгү берилет, башкача айтканда, колдонуучулар чакан көлөмдөгү токендерди (мисалы, токендин 0,01 бөлүгүн) сатып алып, смартфону бар ар бир адам алтынга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
2. 24/7 ликвиддүүлүк жана эффективдүүлүк
Салттуу алтын базарлары банктын иштөө убактысы менен гана ачылат, жана соода кылууну аяктоо бир нече күндөрдү талап кылышы мүмкүн. Токендештирилген алтын болсо эч качан жабылбаган криптовалюта биржаларында соода кылынат. Сиз 24/7 режиминде токенди дароо сатып алып же сата аласыз.
3. Ачыктык жана коопсуздук
Блокчейн технологиясы менчикти өзгөртүлбөс жазуусун камсыз кылат. Үзгүлтүксүз аудиттер жана резерв далили менен айкалыштырганда, инвесторлор активдин чыныгы баасын айрым салттуу кагаз алтын өнүмдөрүнө караганда жеңил жана так текшере алышат.
4. DeFi интеграциясы
Сактагычта коопсуздукта сакталып жаткан физикалык алтындан айырмаланып, токендештирилген алтын "ишке салынуучу" актив болуп эсептелет. Ал DeFi протоколдорунда насыялар үчүн кепил мүлк катары колдонулушу мүмкүн же пайда табуу үчүн ликвиддүүлүк пулдарына кошулуп, активдин пайдалуулугун жогорулатат.
Токендештирилген алтындын популярдуу мисалдары
Tether Gold (XAUt): USDT'ни чыгарган компания тарабынан түзүлгөн. Ар бир токен «London Good Delivery» куймасындагы бир трой унция алтындын баасын көзөмөлдөйт. Алтын Швейцариядагы сактагычтарда сакталат.
Paxos Gold (PAXG): Paxos Trust компаниясы тарабынан чыгарылып, Нью-Йорк өкмөтү тарабынан жөнгө салынат. Ар бир токен Лондондогу Brink’s сактагычтарында сакталган бир унция алтын менен колдоого алынат.
Тобокелдиктер жана чектөөлөр
Токендештирилген алтын инновациялык болуп саналат, бирок тобокелдиктерди билүү зарыл:
Аманат тобокелдиги: Bitcoin сыяктуу ишенимди талап кылбаган активтерден айырмаланып, токендештирилген алтын үчүн чыгаруучуга алтынды чыныгы сактап турушуна жана токенди кайтарууга ишенүү керек. Эгерде чыгаруучу банкрот болуп калса же резервдерди туура эмес башкарса, токендин баасы төмөндөшү мүмкүн.
Жөнгө салуу белгисиздиги: кеңири криптовалюта базарындай эле, стейблкоиндер жана чыныгы дүйнөлүк активтерге (RWA) тиешелүү мыйзамдар азыркы учурда өнүгүп жатат. Мыйзамдардын өзгөрүшү бул токендерди чыгарууга же соода кылууга таасир этиши мүмкүн.
Базар ликвидүүлүгү: өсүп жатканына карабастан, криптовалюта биржаларындагы токендештирилген алтындын ликвиддүүлүгү глобалдык спот алтын базарына салыштырмалуу дагы эле төмөн.
Акылар: блокчейнде транзакция жүргүзүү үчүн акы (транзакция акысы) жана чыгаруучу алтынды сактоо үчүн алууга мүмкүн болгон башкаруу акыларына көңүл буруңуз.
Binance'та алтын фьючерстерин соода кылуу
Эгер сиз алтынды узак мөөнөткө сактоодон көрө баа кыймылдарын соода кылууга көбүрөөк кызыгып жатсаңыз, анда Binance'та алтын фьючерстерин соода кыла аласыз XAUUSDT тикерин колдонуу аркылуу. Токендештирилген алтынды сатып алуудан айырмаланып (анда сиз негизги активке ээлик кыласыз), бул келишимдер мөөнөтсуз келишимдер болуп, USDT менен эсептешет. Бул сизге алтындын баасы көтөрүлөт же түшөт деп болжолдоп соода кылууга мүмкүнчүлүк берет, жана физикалык металлдын сакталуусу же кайтарылышы жөнүндө ойлонбоого шарт түзөт.
Жыйынтыктыктоочу ой-пикирлер
Токендештирилген алтын салттуу каржы менен санариптик экономика ортосундагы көпүрөнү түзүүдө. Ал алтынды замандын талабына ылайык жаңыртат жана физикалык куймаларды сактоодон келип чыккан тынчсыздануусуз, акчасын инфляциядан коргогусу келген инвесторлор үчүн мыкты опционду сунуштайт. Чыныгы дүйнөлүк активдер технологиясы өнүккөн сайын, келечекте соода көлөмүнүн өсүшүн, ачык-айкындуулук үчүн жакшыраак инструменттерди жана алтынга негизделген токендерди көбүрөөк адамдар колдонушун күтүүгө болот.
Кошумча окуу материалдары
Binance фбючерсте алтынды жана күмүштү кантип соодалоо керек?
DeFi'де жана криптовалютада чыныгы дүйнөлүк актив (RWA) деген эмне?
Дисклеймер: бул материал сизге кандай болсо ошондой негизде, жалпы маалымат жана окуу максатында гана сунушталат, эч кандай түрдөгү көрсөтүлгөн кепилдик же өкүлчүлүк менен камсыздалган эмес. Аны каржы, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары түшүнбөңүз жана белгилүү бир өнүмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында кабыл албаңыз. Сиз тиешелүү кесиптик кеңешчилерден өз алдынча кеңеш алышыңыз керек. Эгер макала үчүнчү тараптын автору тарабынан берилсе, анда айтылган пикирлер ошол авторго таандык болуп, Binance Academy'нин көз карашын сөзсүз чагылдырбайт. Санарип активдердин баалары туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн жана салынган сумманы кайтарып ала албай калышыңыз ыктымал. Инвестициялык чечимдер үчүн жоопкерчилик толугу менен сизге таандык, жана Binance Academy бул жаратуулардан келип чыккан жоготууга жооптуу эмес. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин колдонуу шарттарын, тобокелдик эскертүүлөрүн жана Binance Academy шарттарын караңыз.