Sentio (ST) деген эмне?

Sentio (ST) деген эмне?

Орто
Жаңыртылган May 14, 2026
6m

Маанилүү учурлар

  • Sentio — индекстөө, мониторинг жана аналитика куралдары аркылуу иштеп чыгуучуларга блокчейндеги маалыматтарга үзгүлтүксүз мүмкүнчүлүк берген блокчейн-маалымат платформасы.

  • Анын негизги функцияларына индекстөөчү SDK, алдын ала орнотулган көзөмөл такталары, транзакциялардагы мүчүлүштүктөрдү оңдоочу куралдар кирип, бир катар блокчейндер иштейт.

  • ST токени API'ге мүмкүнчүлүк алуу үчүн төлөмдөрдү, стейкингди жана протоколду башкарып, Sentio тармагынын ишин камсыз кылат.

Binance академиясынын көрнөгү

Киришүү

Блокчейн экосистемалары татаалдашкан сайын иштеп чыгуучулардын блокчейнде колдонмолорду куруп, ишин көзөмөлдөгөн куралдары протоколдордой эле маанилүү болуп калды. Sentio — маалыматтар инфраструктурасынын платформасы болуп, ушул боштукту толтуруу үчүн Web3 иштеп чыгуучулары үчүн атайын түзүлгөн индекстөө, мүчүлүштүктөрдү оңдоо жана аналитика куралдар топтомун сунуштайт. Бул макалада Sentio'нун эмне иш кылып, кандайча иштери жана ST токенинин ойногон ролу түшүндүрүлөт.

Sentio деген эмне?

Sentio — блокчейндеги маалыматтарга тез жана ишенимдүү мүмкүнчүлүк алышы керек болгон иштеп чыгуучулардын блокчейн-маалыматтар платформасы. Ал смарт келишим окуяларын индекстеп, тарыхтан маалымат алып, протоколдордун үзгүлтүксүз ишин көзөмөлдөп, татаал транзакциялардагы мүчүлүштүктөрдү тазалоочу (дебаггинг) инфраструктураны сунуштайт.

Блокчейндин ордун баспай же өзүнчө колдонмо катары иштебестен, Sentio Web3 стекинин маалыматтар деңгээлинде жайгашат. Ал учурдагы тармактарга жана келишимдерге туташып, блокчейндеги иштеле элек маалыматтарды иштеп чыгып, аларды иштеп чыгуучулар жана талдоочулар дароо колдоно алгыдай форматтарда сунуштайт. Платформа децентралдаштырылган каржы (DeFi) протоколдорунан жана децентралдаштырылган колдонмолордон (DApps) баштап, капчыктарга, оюндарга жана автоматташтырылган соода системаларына чейин кеңири колдонуу чөйрөсү болуп берет.

Sentio платформасы Sentio Network деген децентралдаштырылган тармактык деңгээлден туруп, маалыматтарды сактоо жана иштетүү функцияларын бир борборлоштурулган провайдерден нода операторлорунун бөлүштүрүлгөн тобуна өткөрөт. Мындай архитектура маалыматтарды өткөрүү каналын туруктуураак кылып, тармакты иштеткен катышуучуларга сыйлыктарды бөлүштүрүп берет.

Sentio кантип иштейт?

Sentio платформасы эки негизги функцияны аткарат: блокчейндеги маалыматтарды чогултуп, иштеп чыгуучуларга ошол маалыматтар менен майнаптуураак иштөөгө жардам берет.

Индекстөө жана маалымат чогултуу

Sentio SDK — блокчейндеги маалыматтарды чогултуучу негизги курал. Иштеп чыгуучулар анын жардамы менен белгилүү бир смарт-келишимдердин окуяларын көзөмөлдөп, блокчейндеги иштелбеген маалыматтарды сурала тургандай, түзүмдөштүрүлгөн жазууларга айландырган жеке индексаторлорду түзүшөт. Индекстелген маалыматтар алдын ала орнотулган GraphQL жана SQL редакторлорунда же иштеп чыгуучулар өзүлөрү конфигурациялаган жеке API акыркы чекиттеринде жеткиликтүү болот. Платформада бир долбоордун алкагында бир нече блокчейн иштеп, командаларга бир эле убакта индексаторунун бир нече активдүү версиясын иштетүүгө мүмкүнчүлүк берип, итерациялоо жана сыноо процесстерин жөнөкөйлөтөт.

Көзөмөлдөө жана эскертүү

Sentio кошумча жөндөөнү талап кылбаган, индекстелген маалыматтарды көрсөтүүчү көзөмөл такталарынан турат. Командалар блокчейндеги адаттан тыш көлөмдүү транзакциялар же келишимдин өзгөрүшү сыяктуу окуялардан кабар берген билдирмелерди иштете алышат. Демек, Sentio колдонмолорду иштеп чыгуу үчүн гана эмес, иш чөйрөсүндөгү протоколдорду көзөмөлдөө үчүн да пайдалуу болот.

Транзакциядагы мүчүлүштүктөрдү оңдоо жана симуляциялоо

Блокчейндеги маселелерди аныктаган иштеп чыгуучуларга Sentio транзакцияларды оңдоочу куралды сунуштайт. Ал санарип издерин, каражаттардын агымын деталдаштырып, баланстын өзгөрүү тарыхы жана газдын керектелиши тууралуу маалымат берет. Смарт-келишимдин архитектурасына жана изилдөө маалыматтарына жараша, иштеп чыгуучулар код жазылып же мүчүлүштүктөр оңдолуп жатканда анын абалына көз салуу үчүн логдорду, санарип издерин жана симуляция куралдарын колдоно алышат.

ЖИ мүмкүнчүлүктөрү

Sentio жасалма интеллект (ЖИ) куралдарын Model Context Protocol (MCP) кызматынын катмары аркылуу кошуп, иштеп чыгуучуларга блокчейн маалыматтарын колдонгон жана ЖИ агенттерине негизделген колдонмолорду иштеткен атайын ЖИ жардамчыларын түзгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Табигый тилдеги суроолор жана мүчүлүштүктөрдү автоматтык түрдө аныктоо процесси платформа түзгөнү жаткан ЖИге негизделген иш процессинин бир бөлүгү болуп саналат.

ST токени

ST — жалпысынан 1 миллиард токен менен камсыз кылган Sentio протоколунун өзүнүн токени. Ал төлөмдөрдү, кызыктыруу программаларын жана башкаруу системасын, ошондой эле Sentio Network тармагынын экономикалык деңгээлин иштетет.

Токендин бөлүштүрүлүшү

ST токени алты категорияга бөлүнөт:

  • Өнүгүү, гранттар жана өнүм: 35% (350,000,000 ST)

  • Эйрдроптор жана маркетинг: 18.9% (189,000,000 ST)

  • Алгачкы өнөктөштөр: 17% (170,000,000 ST)

  • Команда: 15% (150,000,000 ST)

  • Тармактагы кызыктыруучу программалар: 10% (100,000,000 ST)

  • Өтүмдүүлүк: 4.1% (41,000,000 ST)

Токендин функциялык мааниси

ST токени Sentio экосистемасында бир катар милдеттерди аткарат:

  • API төлөмдөрү: Иштеп чыгуучулар ST токени менен төлөп, Sentio API'лерине жана маалыматтык кызматтарына мүмкүнчүлүк ала алышат. Токен ээлерине арзандатуулар каралган.

  • Тармактагы стейкинг: Sentio Network тармагындагы нода операторлору маалыматтарды сактоо жана иштетүү үчүн ST токендерин стейктешет. Ишин так аткарган операторлор сыйлык алып, ал эми таза эмес иштегендер айып тартып, токендеринен ажырап калышы мүмкүн.

  • Башкаруу: ST токендеринин ээлери тармактын параметрлерин өзгөртүү жана жаңыртуу чечимдери сыяктуу протоколду өзгөртүүгө добуш бере алышат. Башкаруу токени катары ST токени коомчулукка платформаны өнүктүрүү багытын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет.

  • SDK жана иштеп чыгуучулардын куралдары: ST токени Sentio SDK аркылуу түзүлгөн колдонмолорго киргизилгенде, идентификация, төлөмдөр жана эсептөө функцияларын аткарат.

Binance Alpha платформасындагы ST токени

ST токени 2026-жылдын апрель айында Binance Alpha платформасындагы тизмеге кошулган. Binance Wallet да 2026-жылдын 29-апрелинде Sentio соода мелдешин жарыялады. 

Көп берилүүчү суроолор

Sentio деген эмне?

Sentio — иштеп чыгуучулардын блокчейн-маалыматтар платформасы. Ал блокчейндеги окуяларды индекстеп, тарыхтан маалымат алып, протоколдордун үзгүлтүксүз ишин көзөмөлдөп, транзакциялардагы мүчүлүштүктөрдү тазалоо куралдарын сунуштайт. Платформада бир долбоордун алкагында бир нече блокчейн иштеп, ST токенинин негизинде иштеген децентралдаштырылган тармактык деңгээлден турат.

ST токени деген эмне?

ST — жалпысынан 1 миллиард токен менен камсыз кылган Sentio протоколунун өзүнүн токени. Ал аркылуу API'ге мүмкүнчүлүк алуу үчүн төлөп, нода оператору катары катышуу үчүн стейктеп, башкаруу чечимдерине добуш берүүгө болот. Токендер алты категорияга бөлүштүрүлүп, алардын ичинен эң чоң үлүшү (35%) өсүүгө, гранттарга жана иштеп чыгууга багытталган.

Sentio кадимки блокчейн индексаторунан эмнеси менен айырмаланат?

Sentio өзүнчө иштеген индексатор эмес, толук кандуу маалымат платформасы катары иштелип чыккан. Окуяларды индекстөөдөн тышкары көзөмөлдөө такталарынан, билдирүү куралдарынан, транзакцияларды симуляциялоо, санарип издериндеги мүчүлүштүктөрдү аныктоо (call trace debugging) жана өзүнүн MCP кызмат деңгээли аркылуу жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүнөн турат. Ошондой эле, платформа Sentio Network тармагы аркылуу борборлоштурулбаган режимде иштейт.

Жыйынтыктоо

Sentio — блокчейн иштеп чыгуучулардын экосистемасынын инфраструктурасы болуп, блокчейндеги иштеле элек «чийки» маалыматтар менен колдонмолорду түзгөн жана кеңейткен куралдардын ортосундагы ажырымды жоюуну көздөйт. Индекстеген SDK куралы, көзөмөлдөө такталары, транзакциялардагы мүчүлүштүктөрдү оңдоо мүмкүнчүлүктөрү жана децентралдаштырылган тармактагы деңгээли менен, платформа бир чөйрөдөгү маалыматтарга болгон муктаждыктарды жапканга аракет кылат. Бирок жаңы башталган долбоор сыяктуу эле анын узак мөөнөттүү келечеги иштеп чыгуучулардын аны канчалык деңгээлде кабыл алышына, тармактын өсүшүнө жана жол картасынын (roadmap) ырааттуу аткарылышына көз каранды.

Дагы эмнелерди окусаңыз болот

Жоопкерчиликтен баш тартуу: Бул материал эч кандай билдирүүсүз же кепилдиксиз, жалпы маалымат берүү жана билим берүү максатында гана «кандай болсо, ошондой» сунушталууда. Ал каржылык, юридикалык же башка кесипкөй кеңеш, ошондой эле кандайдыр бир товарды же кызматты сатып алуу сунушу эмес. Кесипкөй кеңеш керек болсо, тийиштүү адиске кайрылыңыз. Эгер материалды үчүнчү тараптын автору берген болсо, анда айтылган пикирлер ошол үчүнчү тарапка таандык болуп, Binance Academy уюмунун көз карашын чагылдырбайт. Санариптик активдердин баасы туруксуз (волатилдүү) болуп, инвестицияңыздын баасы түшүп да, өсүп да кетип, жумшаган суммаңызды кайтара албай калышыңыз мүмкүн. Инвестициялоо чечимдериңизге өзүңүз гана жооптуусуз жана Binance Academy сиздин чыгымдарыңызга жооп бербейт. Кененирээк маалымат алуу үчүн Колдонуу шарттарыбызды, Опурталдык тууралуу эскертүүбүздү жана Binance Academy шарттарын карап чыгыңыз.