Негизги тыянактар
Ripple USD (RLUSD) – бул Ripple тарабынан чыгарылган, ишканалар жана чек ара аралык төлөмдөр үчүн иштелип чыккан жана АКШ долларына 1:1 катышында байланган стейблкоин.
RLUSD АКШ долларындагы депозиттер, АКШ өкмөтүнүн кыска мөөнөттүү казыналык баалуу кагаздары жана өзүнчө эсептерде сакталган акчага барабар активдер менен толук камсыздалган. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн ай сайын аттестациялык отчёттор жарыяланып турат.
Бул стейблкоин XRP Ledger (XRPL) жана Ethereum тармактарында чыгарылгандыктан, эки тармактын тең ликвиддүүлүгүнө жана экосистемасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Ripple RLUSD'ду Нью-Йорк штатынын Каржы кызматтар департаментинин (NYDFS) Trust Company Charter лицензиясынын негизинде чыгарат. Бул RLUSD'ду базардагы эң катуу жөнгө салынган стейблкоиндердин бирине айлантат.
Киришүү
Ripple USD (RLUSD) – бул Ripple Labs компаниясынын туунду компаниясы болгон Standard Custody & Trust Company LLC тарабынан чыгарылган, АКШ долларына байланган стейблкоин. Ал 2024-жылдын декабрында ишке киргизилген жана башынан эле ишканалар үчүн колдонууга багытталган: чек ара аралык төлөмдөр, валюталык эсептешүүлөр жана институционалдык ликвиддүүлүк үчүн иштелип чыккан. Көптөгөн стейблкоиндер негизинен чекене соодага багытталса, RLUSD блокчейндин ылдамдыгын фиат валютасынын баа туруктуулугу менен айкалыштырууга муктаж болгон каржы мекемелерге багытталган.
Бул макалада RLUSD деген эмне экени, анын резервдерди сактоо жана талаптарга шайкештик модели кандай иштээри, ошондой эле ал кайсы колдонуу учурлары үчүн иштелип чыкканы түшүндүрүлөт.
RLUSD деген эмне?
RLUSD – бул фиат валюта менен камсыздалган стейблкоин. Башкача айтканда жүгүртүүдөгү ар бир токен резервде сакталган чыныгы активдер менен камсыздалат. Анын максаттуу баасы дайыма 1,00 АКШ долларына барабар. Каржы мекемеси RLUSD'га муктаж болгондо, Standard Custody & Trust Company компаниясына АКШ долларын депозитке салып, андан кийин компания ошол суммага барабар RLUSD токендерин минтинг кылат. Токендер кайра кайтарылганда, алар күйгүзүлүп, АКШ доллары ээсине кайтарылып берилет.
Ripple RLUSD үчүн өзүнчө криптодолбоор түзүүнүн ордуна траст компаниясынын түзүмүн тандаган. Бул RLUSD чыгарган уюм банктык көзөмөлгө окшош талаптарга баш ийерин билдирет. Анын ичинде капиталдык резервдерди сактоо, керектөөчүлөрдү коргоо жана акчаны адалдоого каршы (AML) талаптарын аткаруу боюнча эрежелер камтылган.
RLUSD кантип иштейт?
Резерв менен камсыздоо
Ар бир RLUSD токени өзүнчө сакталган активдер пулу менен 1:1 катышында камсыздалат. Бул резервдер АКШ долларындагы акча депозиттеринен, АКШ өкмөтүнүн кыска мөөнөттүү казыналык баалуу кагаздарынан жана башка акчага барабар активдерден турат. Өзүнчө сакталган түзүм кардарлардын резервдери Ripple компаниясынын корпоративдик балансынан толугу менен бөлөк кармаларын билдирет. Бул контрагенттик тобокелдикти азайтууга жардам берет.
Ripple ай сайын көз карандысыз бухгалтердик фирма тарабынан даярдалган аттестациялык отчётту жарыялап турат. Бул отчёт резервдердин наркы жүгүртүүдөгү RLUSD токендеринин санына дал келерин тастыктайт. Бул отчёттор жалпыга ачык жеткиликтүү болуп, башка ири фиат валюта менен камсыздалган стейблкоиндер колдонгон ачык-айкындуулук моделине ылайык жүргүзүлөт.
Жөнгө салуучу талаптарга шайкештик
RLUSD Нью-Йорк штатынын Каржы кызматтар департаменти (NYDFS) тарабынан берилген Trust Company Charter лицензиясынын негизинде иштейт. Нью-Йорктун BitLicense жана трасттык лицензия талаптары АКШдагы эң катуу талаптардын катарына кирет. Алар резервдерди башкаруу, киберкоопсуздук стандарттары жана керектөөчүлөрдү коргоо сыяктуу багыттарды камтыйт. NYDFS лицензиясына ээ болуу RLUSD'ни АКШдагы өнүгүп жаткан стейблкоиндерди жөнгө салуу чөйрөсүндө, анын ичинде GENIUS Act сыяктуу мыйзамдык алкактарга салыштырмалуу жакшы позицияга коёт.
Көп чынжырда чыгаруу
RLUSD эки блокчейнде тең түпкүлүктүү түрдө чыгарылат. XRP Ledger тармагында ал тез эсептешүү убактысынан (3–5 секунд) жана төмөн транзакция акыларынан пайдаланып, жогорку көлөмдөгү төлөм агымдары үчүн ылайыктуу болот. Ethereum тармагында RLUSD туруктуу активди талап кылган борборсуздаштырылган каржы (DeFi) протоколдору, насыя берүү базарлары жана смарт-контракт колдонмолору менен интеграцияланат.
Эки тармактын ортосундагы байланышты камсыздоо үчүн үчүнчү тараптын көпүрөлөрүнүн ордуна расмий минтинг жана күйгүзүү механизмдери колдонулат. Бул башка кросс-чейн активдерге таасир эткен көпүрө чабуулдарынын тобокелдигин азайтууга жардам берет.
Мүмкн болгон колдонуу учурлары
RLUSD каржы операцияларынын бир нече түрү үчүн эсептешүү катмары катары кызмат кылууга арналган. Анын негизги колдонуу учурларынын бири – чек ара аралык төлөмдөр. Ишканалар RLUSD аркылуу эл аралык төлөмдөрдү жөнөтүп, XRP Ledger тармагында дээрлик заматта эсептешип, алуучу тарапта аны жергиликтүү фиат валютага минималдуу комиссиялар менен алмаштыра алышат. Бул салттуу SWIFT которууларына салыштырмалуу чыгымдарды азайтууга жардам берет. Мындай ыкма катышуучу төлөм багыттарында транзакцияларды иштетүү убактысын бир нече күндөн бир нече секундга чейин кыскарта алат.
DeFi тармагында RLUSD насыя берүү протоколдорунда күрөө активи катары же борборсуздаштырылган биржаларда туруктуу соода жуптарынын бири катары колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле ал чыныгы дүйнөдөгү активдер (RWA) үчүн эсептешүү активи катары кызмат кыла алат. RWA – бул облигациялар, соода дебитордук карыздары же кыймылсыз мүлк сыяктуу салттуу каржы куралдарынын токендештирилген версиялары. Токендештирилген актив блокчейнде эсептешилгенде, аны менен алмашуу үчүн жөнгө салынган стейблкоиндин болушу институционалдык катышуучулар үчүн процессти жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.
Акчаны криптого/криптону акчага алмаштыруучу платформалары үчүн RLUSD фиат валюта менен санарип активдер экосистемасынын ортосунда ишенимдүү көпүрө катары кызмат кылат. Бул колдонуучуларга жана ишканаларга туруктуу эмес активдерге мүнөздүү баанын өзгөрүлмөлүүлүгүнө дуушар болбостон, крипто экосистемасына кирүүгө же андан чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Binance’тагы RLUSD
Binance RLUSD'ни 2026-жылдын 22-январында соода кылуу үчүн тизмеге кошкон.
Көп берилүүчү суроолор
RLUSD деген эмне?
RLUSD – Ripple'дин АКШ долларына байланган стейблкоини. Ар бир RLUSD токени АКШ долларына 1:1 катышында байланган жана өзүнчө сакталган резервдердеги акча каражаттары, АКШнын кыска мөөнөттүү казыналык баалуу кагаздары жана акчага барабар активдер менен камсыздалган. Ал Ripple Labs компаниясынын туунду компаниясы болгон жана NYDFS тарабынан жөнгө салынган Standard Custody & Trust Company тарабынан чыгарылат.
RLUSD коопсузбу?
RLUSD NYDFS Trust Company Charter лицензиясынын негизинде иштейт. Бул лицензия резервдерге, капиталга жана талаптарга шайкештикке байланыштуу талаптарды камтыйт. Көз карандысыз аудиторлор тарабынан даярдалган ай сайынкы аттестациялык отчёттор резервдик камсыздоону тастыктайт. Ар кандай каржы өнүмү сыяктуу эле, колдонуучулар стейблкоинди колдонуудан мурун тобокелдиктерди өз алдынча изилдеп, тиешелүү адистерден кеңеш алышы керек.
RLUSD кайсы блокчейндерде иштейт?
RLUSD эки блокчейнде башынан чыгарылат: тез жана арзан транзакцияларды сунуштаган XRP Ledger жана DeFi протоколдору жана смарт-келишимдер менен интеграцияны колдогон Ethereum. Эки тармак тең расмий минтинг жана күйгүзүү механизмдери аркылуу колдоого алынат.
RLUSD башка стейблкоиндерден эмнеси менен айырмаланат?
RLUSD көптөгөн стейблкоиндерден өзүнүн ишканаларга багытталгандыгы, NYDFS тарабынан жөнгө салынышы жана эки блокчейндүү архитектурасы менен айырмаланат. Анын дизайны кеңири жеке колдонуучуларга жайылтууга караганда институционалдык талаптарга шайкештикке артыкчылык берет. Стейблкоиндердин үчилтик маселеси алкагы (борборсуздаштыруу, капиталдын натыйжалуулугу жана туруктуулук) бул тандоолорду түшүндүрүүгө жардам берет: RLUSD максималдуу борборсуздаштырууга эмес, туруктуулукка жана жөнгө салуучу талаптарга шайкештикке артыкчылык берүү үчүн оптималдаштырылган.
Жыйынтыкточу ойлор
RLUSD Ripple компаниясынын XRP'ге гана көңүл буруудан кеңири каржылык инфраструктуралык чечимдерди түзүүгө багыт алганын көрсөтөт. Жөнгө салынган стейблкоин ишканалардын казыналык башкаруу жана эсептешүү операциялары үчүн талап кылган баа туруктуулугун камсыз кылып, Ripple'дин учурдагы төлөм тармагын толуктайт.
Кошумча окуу материалдары
Жоопкерчиликтен баш тартуу: Бул материал эч кандай өкүлчүлүк же кепилдиксиз, жалпы маалымат үчүн жана окутуу максатында кандай болсо, ошондой абалында сунушталат. Ал каржылык, юридикалык же башка кесипкөй кеңеш катары кабыл алынбашы керек жана ал кайсы бир өнүмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатын көздөбөйт. Тиешелүү кесипкөй кеңешчилерден өзүңүз кеңеш алууңуз зарыл. Эгер материал үчүнчү тараптагы автор тарабынан даярдалган болсо, андагы пикирлер ошол тарапка таандык экенин жана Binance Academy'нин пикирлерин чагылдырбайт экенин эске алыңыз. Санарип активдердин баалары туруксуз болушу мүмкүн. Инвестицияңыздын наркы төмөндөшү же өсүшү мүмкүн жана салган суммаңызды кайтарып албай калышыңыз ыктымал. Инвестициялык чечимдериңиз үчүн бир гана өзүңүз жооптуусуз жана мүмкүн болгон жоготууларыңыз үчүн Binance Academy жоопкерчилик тартпайт. Кошумча маалымат үчүн Колдонуу шарттарыбызды, Тобокелдик тууралуу эскертүүбүздү жана Binance Academy'нин шарттарын караңыз.