Негизги өзгөчөлүктөрү
OpenClaw сиздин компьютердеги же сервердеги ачык булактуу ЖИ жардамчысы болуп саналат. Ал баарлашуу гана эмес тапшырмаларды дагы аткара алат.
Ал Telegram, WhatsApp же Slack сыяктуу чат тиркемелерине туташа алат. OpenClaw менен досуңуз менен сүйлөшкөндөй баарлаша аласыз.
Сиз ошондой эле көндүмдөр деп аталган кошумча бөлүм ркылуу ар кандай кошумча функцияларды кошо аласыз.
Эскертүү: OpenClaw сыяктуу ЖИ жардамчылар өтө кооптуу болушу мүмкүн. Анткени алар көп учурда жогорку деңгээлдеги система укуктарын талап кылат, туура эмес конфигурация сиздин компьютериңизди жана API ачкычтарыңызды интернетке ачык кылышы мүмкүн.
Киришүү
Бүгүнкү күндө көптөгөн ЖИ куралдары "жөн гана баарлашуу үчүн" колдонулат. Алар суроолорго жооп берет, бирок өзүңүз багыт бербесеңиз, көп нерсени кыла албайт.
OpenClaw өзгөчөлүгү - ал жеке жардамчы катары түзүлгөн жана сиз үчүн тапшырмаларды аткара алат. Анткени ал өзүңүздүн компьютериңизде иштегендиктен, код жазууга, графикти башкарууга же компьютердик көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бере алат.
Бирок, ал сиздин компьютерге таасир эткендиктен, аны туура жана коопсуз орнотуу үчүн техникалык билимиңиз болушу керек. Бул колдонмодо биз OpenClaw деген эмне экенин жана аны колдонуп баштоо үчүн негизги кадамдарды түшүндүрөбүз.
OpenClaw деген эмне?
OpenClaw (мурда Clawdbot же Moltbot аталышы менен белгилүү болгон) бул өз алдынча хостингде иштеген ЖИ агент. "Өз алдынча хостинг" деген аны өзүңүз орнотуп жана өзүңүз иштетесиз дегенди билдирет (веб-сайтты же башка кызматты колдонбостон).
Ал сиздин компьютериңизде "иштегендиктен", чындыгында сиздин файлдарыңызды окуй алат, папкаларыңызды өзгөртө алат жана сиз үчүн командаларды аткара алат. Бир жолу орнотулгандан кийин, сиз OpenClaw'дан төмөнкүлөрдү кылууну сурасаңыз болот:
маалымат издөө жана кыскача жыйынтыктоо
жөнөкөй иш процесстерин башкаруу
скрипттерди жана командалык саптагы тапшырмаларды аткаруу
сиз туташкан куралдар менен өз ара аракеттешүү (электрондук почта, браузер, чат тиркемелери ж.б.)
Кыскасы, бул сиздин компьютериңизде иштей алган ЖИ жардамчыга ээ болуу сыяктуу.
OpenClaw'дун өзгөчөлүгү эмнеде?
1. Ал чыныгы аракеттерди аткара алат
Адаттагы чат-бот көбүнчө сизге текст гана берет. OpenClaw болсо мисалы, командаларды аткаруу, куралдарды ачуу жана кадамдарды бүтүрүү сыяктуу тапшырмаларды аткара алат (сиз орноткон параметрлерге жараша).
2. Ал сиздин чат тиркемелериңизде иштей алат
Ар дайым атайын тиркеме ачып отурбастан кадимки колдонгон чат тиркемелери аркылуу OpenClaw менен баарлаша аласыз.
3. Ал маалыматтарды эстеп кала алат (узак мөөнөттүү колдонуу)
Ал үзгүлтүксүз иштегендиктен, "бир жолку" чат сессиясына караганда убакыт бою контекстти жакшыраак сактай алат.
4. Сиз аны "көндүмдөр" менен кеңейте аласыз
ЖИ агент көндүмдөрү кичинекей плагиндер же кошумча модулдар сыяктуу. Алар кызматка туташуу же белгилүү бир тапшырманы кайталанма жана туруктуу түрдө аткаруу сыяктуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кошот.
OpenClaw'ду орнотуудан мурун эске алчу маанилүү пункттар
OpenClaw'ду орнотуу жана колдонуунун бир нече жолу бар. Биринчиден OpenClaw маалыматтарында көрсөтүлгөн расмий ыкманы карайбыз. Андан кийин, OpenAI Codex тиркемесин колдонуу аркылуу (расмий эмес, жаңы колдонуучулар үчүн жеңил ыкма) процесс менен таанышабыз.
OpenClaw'ду орнотуу жана колдонуу үчүн айрым техникалык билимдер талап кылынат. Эгер сиз жаңы колдонуучу болсоңуз, NanoClaw жана Claude App сыяктуу башка куралдарды колдонуп көрүүнү карап көрүңүз (булар макаланын аягында талкууланат).
Эскертүү: OpenClaw кооптуу болушу мүмкүн. Ал көп учурда жогорку деңгээлдеги система укуктарын талап кылгандыктан, туура эмес орнотуу сиздин компьютерди жана API ачкычтарыңызды интернетке ачык кылышы мүмкүн. Кошумча коопсуздук үчүн, эксперттер аны sandbox же Docker контейнеринде иштетүү менен агентти изоляциялоону сунушташат.
OpenClaw'ду кантип орнотуп, баштоо керек
1-кадам: компьютериңизди даярдоо
OpenClaw'ду орнотуп жана колдонуу үчүн алдын ала Homebrew жана Node.js сыяктуу башка куралдарды орнотууга туура келиши мүмкүн экенин эске алыңыз.
1. Терминалды ачып, Homebrew (пакеттерди башкаруу системасын) орнотуңуз:
/bin/bash -c "$(curl -fsSL https://raw.githubusercontent.com/Homebrew/install/HEAD/install.sh)"2. Node.js куралынын 22 же андан жогору версиясын орнотуңуз. Аны расмий веб-сайттан жүктөп алсаңыз болот же төмөнкү команданы аткарыңыз:
brew install nodeВерсияңызды текшерүү үчүн төмөнкүнү аткарыңыз:
node -vСиз "v24.14.0" сыяктуу версия номерин көрүшүңүз керек. Эгер "node: command not found" деп чыкса, анда ал орнотулбаган же стандарттык система жолдорунда табылган эмес.
2-кадам: OpenClaw орнотуу
Системаңарга туура келген команданы колдонуңуз:
macOS же Linux
curl -fsSL https://openclaw.ai/install.sh | bashWindows (PowerShell)
iwr -useb https://openclaw.ai/install.ps1 | iexnpm катасынын коду
Эгер "npm install failed" (macOS) же "npm error code ENOENT" (Windows) деген ката билдирүүсүн алсаңыз, Git орнотуңуз, терминалды кайра ачыңыз жана орнотуучуну кайра иштетип көрүңүз:
macOS же Linux:
brew install gitWindows:
winget install --id Git.Git -e --source winget
Эгер дагы деле көйгөйлөр бар болсо, сизге ылайыктуу ЖИ моделиңизден жардам сурап көрүңүз (ката кодун берип, мүмкүн болгон чечимдерди издеңиз).
3-кадам: баштапкы жөндөөлөрдү иштетүү
Бул сизге логин/аутентификацияны жана негизги щлюз параметрлерин орнотууга жардам берет:
openclaw onboard --install-daemonТерминалда интерактивдүү диалог пайда болот. Сиз жөнөкөй тандоолорду жасап, көрсөтмөлөргө ылайык маалыматтарды толтурушуңуз керек.
Эскертүү: орнотууну токтотуу үчүн ESC баскычын бассаңыз болот. Аны кайра баштоо үчүн төмөнкүнү колдонуңуз:
openclaw onboardНегизги кадамдар:
1. Коопсуздук көрсөтмөсү: окуп чыгып, макул болсоңуз "ооба" тандаңыз.
2. Конфигурация режими: биз QuickStart режимин колдонууга сунуштайбыз.
3. Моделди тандаңыз: сизге ылайыктуу AI моделин тандаңыз.
Эгер сиз OpenAI же Google сыяктуу кызматты тандасаңыз, терминал сизден API ачкычын киргизүүнү суранат. Аны алуу үчүн тиешелүү платформанын веб-сайтына барып катталышыңыз керек. Бул кадам моделге жараша өзгөрөт, эгер API ачкычты кантип табууну билбесеңиз, AI'ден жардам сураңыз.
API ачкычтарыңызды купуя жана коопсуз сактаңыз.
4. Башка жөндөөлөр: калган жөндөөлөр сиздин колдонуу учурларыңызга жана артыкчылыктарыңызга жараша болот. Эгер билбесеңиз, "азыр өткөрүүнү" тандап, OpenClaw менен таанышкандан кийин бул параметрлерди кеңири изилдеп көрө аласыз.
4.1. Каналдарды тандаңыз: Telegram (API бот) жана WhatsApp баштоо үчүн эң жеңил эки канал. Кийинчерээк команданы колдонуп каналдарды кошо аласыз:
openclaw channels add4.2. Көндүмдөрдү конфигурациялоо: AI агент көндүмдөрү OpenClaw’га кошумча функцияларды берүүчү модулдар сыяктуу. Бул сиздин AI жардамчыга ар кандай куралдарды колдонууну үйрөтүүгө окшош.
Эскертүү: үчүнчү жактын көндүмдөрүнөн этият болуңуз, анткени аларда зыяндуу код болушу мүмкүн. Коопсуздук үчүн, белгилүү жана ишенимдүү булактардан алынган көндүмдөрдү гана колдонгула же аларды изоляцияланган чөйрөлөрдө иштетиңиз.
4.3. API ачкычтарын кошуу: эгер кааласаңыз, колдонгон кызматтарыңыз үчүн API ачкычтарын кошо аласыз (мисалы, Google Places, Gemini, Notion, OpenAI жана ElevenLabs).
4.4. Хуктарды орнотуу: хуктар бул буйруктарга жана окуяларга жооп кылып аракеттерди автоматташтыруу үчүн түзүлгөн системалар.
boot-md: OpenClaw ишке кирген сайын белгиленген тапшырмаларды аткаруу үчүн.
bootstrap-extra-files: кошумча иш аймагы bootstrap файлдарын киргизүү үчүн.
command-logger: бардык буйрук иш-чараларын каттоо үчүн. Тестирлөөдө пайдалуу.
session-memory: бул агентке мурунку сессияларды сактап, контекстти эстеп турууга мүмкүнчүлүк берет.
5. Сиздин интерфейсти тандаңыз:
TUI'дагы Hatch: дароо баштап, терминал аркылуу ботуңуз менен баарлаша аласыз.
Web UI: терминалда берилген браузер шилтемеси аркылуу ботко кире аласыз. Аны браузериңизге көчүрүп коюп колдонсоңуз болот (мисалы, http://127.0.0.1:18789/
).
4-кадам: анын иштеп жатканын тастыктаңыз
openclaw gateway status5-кадам: башкаруу интерфейсин (башкаруу панелин) ачыңыз
Бул баарлашууну баштоонун эң оңой жолу:
openclaw dashboardАл адатта браузериңизде ачылат. Эгер жүктөлсө, колдонууга даяр демек.
OpenAI Codex тиркемеси аркылуу OpenClaw орнотуу
Эскертүү: бул расмий эмес орнотуу ыкмасы.
1‑кадам: Codex'ти орнотуу
Codex'ти жүктөп, орнотуу үчүн OpenAI.com сайтына өтүңүз.
2‑кадам: Codex'ти ачуу жана кирүү
3-кадам: OpenClaw орнотуу
Андан кийин Codex тиркемесине OpenClaw'ду сиз үчүн орнотуп, конфигурациялоону сураныз.
Codex айрым конфигурациялоо тапшырмаларын аткаруу үчүн тармакка жана колдонуучу деңгээлиндеги кирүүгө уруксат сурайт. Орнотуу процессин көзөмөлдөп, зарыл уруксаттарды бериңиз.
Бүткүл процесс бир аз убакыт талап кылат (15 мүнөт же андан көп), бирок колдонуучудан көп аракет талап кылынбайт..
4-кадам: OpenClaw'го кирүү
OpenClaw'го кирүү үчүн башкаруу панелдеги шилтемени браузериңизге көчүрүп коюңуз. Анда сиз агентиңизди деталдуу түрдө параметрлерди ылайыкташтыра аласыз.
Codex'тен OpenClaw каналдарын орнотууну жана конфигурация тапшырмаларын сиз үчүн аткарууну да сурасаңыз болот
OpenClaw колдонуу учурлары
OpenClaw иштей баштаганда, аны көптөгөн ар кандай жолдор менен колдонсо болот:
A опциону: браузериңизде башкаруу панелин колдонуу. Бул тестирлөө үчүн эң тез жол.
Б опциону: чат тиркемесин байланыштырыңыз (Telegram, WhatsApp, Slack ж.б.). Канал орнотулгандан кийин, агентке төмөнкү сыяктуу билдирүүлөрдү жөнөтө аласыз:
"Акыркы билдирүүлөрүмдү кыскача айтып бер."
"Бүгүнкү криптовалюта жаңылыктарын текшерип, кыскача жаңыртууну бер."
"BTC баасын көзөмөлдөп тур жана ал 3% түшсө, мага кабар бер."
"Бул иш аймагында кечеден бери эмне өзгөргөнүн кыскача айтып бер."
В опциону: көбүрөөк функциялар үчүн көндүмдөрдү кошуңуз.
Эгер агент негизги тапшырмадан тышкары дагы көп иш кылсын десеңиз, көндүмдөрдү кошсоңуз болот. Алар агентке конкреттүү куралдарды ишенимдүү жана туруктуу колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Маанилүү коопсуздук сунуштары
OpenClaw күчтүү курал болушу мүмкүн, бирок күч ар дайым тобокелчилик менен келет. Бул жерде негизги коопсуздук эрежелери келтирилген:
1. Аны коомдук интернетке чыгарбаңыз
Эгерде тааныш эмес адамдар OpenClaw башкаруу панелине кире турган болсо, алар аны бузууга аракет кылышы мүмкүн. Аны "localhost" менен байлап, SSH туннелин колдонуу сунушталат (трафикти шифрленген байланыш аркылуу өткөрүү).
2. Күчтүү сырсөздөрдү/токендерди колдонуңуз
"abc" же "123" сыяктуу жөнөкөй токендерди колдонбоңуз. OpenClaw учурда сырсөздүн татаалдыгын текшербейт, демек ал "a" сыяктуу бир гана тамганы коопсуздук токени катары кабыл алат. Брутфорс чабуулдардан коргонуу үчүн токениңиздин узун жана коопсуз экенин кол режиминде камсыз кылышыңыз керек.
3. API ачкычтарыңызды коргоңуз
Эгер OpenClaw'ду AI моделдерине же криптовалюта куралдарына байланыштырсаңыз, API ачкычтарыңызды коопсуз сактаңыз. Ачкычтарды белгисиз скрипттерге же ишенимсиз көндүмдөргө киргизбеңиз.
OpenClaw API ачкычтарын, OAuth токендерин жана боттун эсеп маалыматын конфигурация файлдарында таза текст түрүндө сактайт. Маалыматты уурдоо программалары буга чейин ошол файлдарды максаттап, алардан маалымат чогулта ала тургандай жаңыртылган.
4. Үчүнчү жактын көндүмдөрү менен этият болуңуз
Көндүмдөрдү программалык камсыздоо жүктөмөлөрү сыяктуу караңыз. Айрымдары коопсуз эмес болушу мүмкүн.
Кодду карап чыгыңыз же ишенимдүү булактарды колдонуңуз.
ClawHub көндүмдөр соода аянты коркунучтуу программаларды камтышы мүмкүн, анын ичинде зыяндуу камсыздоо программалар жана каттоо маалыматын уурдоочу куралдар бар.
Текшерилбеген көндүмдөрдү колдонууга жол бербеңиз, жана жаңы көндүмдү орнотуудан мурун Cisco сыяктуу ачык булактуу көндум сканер куралдары менен текшерип чыгыңыз.
5. Мүмкүн болсо, өзүнчө компьютер же sandbox колдонуңуз
Эгер тестирлеп жатсаңыз, аны VM'де, Docker контейнеринде же сезгич маалыматтарды камтыбаган кошумча компьютерде иштетүү коопсузураак.
6. Маанилүү коопсуздук алсыздыктарын тез арада оңдоңуз
OpenClaw'дун версиясы 2026.1.29 версиясынан жаңы болушун камсыз кылыңыз. Эски версияларында маанилүү коопсуздук алсыздыгы (CVE-2026-25253) бар, ал аркылуу чабуулчулар AI'ди зыяндуу веб-баракчага киргизип, миллисекунд ичинде компьютериңизди толук алыстан башкарууга мүмкүнчүлүк алышат.
7. Көрсөтмөлөрдү алдоо жолу менен киргизүү тобокелчилигинен этият болуңуз
Эгер OpenClaw жашырылган зыяндуу көрсөтмөлөрү бар электрондук почта, Google Doc, Slack билдирүүсү же веб-баракчаны окуса, ошол көрсөтмөлөр агенттин жүрүм-турумун багыттап, сиз билбестен маалыматты чыгарууга же каалаган командаларды аткарууга мүмкүндүк берет. Агентке ишенимсиз контентти иштетүүгө жол бербеңиз.
8. Коопсуздук аудитин регулярдуу түрдө жүргүзүү
OpenClaw өзүнө курулган коопсуздук куралын камтыйт. Терминалыңызда “openclaw security audit” буйругун дайыма аткарып, шлюздун ачык болушун жана уруксат маселелерин текшериңиз. Ошондой эле “--fix" флагын колдонуп, аныкталган туура эмес конфигурацияларды автоматтык түрдө оңдоого аракет кылыңыз.
Башка ЖИ агент куралдары
Сиздин муктаждыктарыңызга жараша, окшош максатты аткарган, бирок башка ыкманы колдонгон башка куралдарды тандаганга да болот. Мисалы NanoClaw, Claude App жана Claude Code тиркмелери.
NanoClaw
NanoClaw OpenClaw'га минималисттик альтернатива катары курулган, чоң орнотуу процесси жок жеке ЖИ жардамчыны каалаган адамдар үчүн арналган. Ал OpenClaw сыяктуу негизги функцияларды аткарат, бирок жеңил структурага ээ.
Claude тиркемеси
Claude тиркемеси Anthropic компаниясы тарабынан хосттолгон ЖИ жардамчысы, ал iOS, Android жана веб үчүн иштелип чыккан. OpenClaw'дон айырмаланып, Claude'ду өзүңүздүн серверде иштете албайсыз жана ал сиздин операциялык системаңызга же терминалыңызга түз кире албайт, эгер башка куралдар аркылуу байланыштырбасаңыз. Көпчүлүк колдонуучулар үчүн бул негизги артыкчылык: колдонуу оңой, жана локалдык агент кызматын башкаруунун кажети жок.
Claude Code
Claude Code бул Anthropic, Claude AI моделдерин түзгөн компания тарабынан чыгарылган расмий курал. OpenClaw'дан айырмаланып, ал жалпы жеке жардамчы эмес, конкреттүү программалоочу жардамчысы катары иштелип чыккан.
Жыйынтыктык ой-пикирлер
OpenClaw бул ийкемдүү жеке ЖИ жардамчысы, ал жөн гана чат менен чектелбейт. Ал сиздин куралдарыңызга байланыштырылып, тапшырмаларды аткара алат жана сүйүктүү мессенджерлер аркылуу иштей алат. Бирок аны "орнотуп, унутуп калууга" болбойт. Эгер аны коопсуз колдонгуңуз келсе, кылдат орнотуп, ачкычтарыңызды коргоп, интернетке ачык чыгарбашыңыз керек.
Кошумча окуу материалдары
Жоопкерчиликтен баш тартуу: бул материал сизге "болгондой" негизде, жалпы маалымат жана окуу максатында гана сунушталат, эч кандай кепилдикти билдирбейт. Аны каржы, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары түшүнбөңүз жана белгилүү бир өнүмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында эмес. Сиз тиешелүү кесиптик кеңешчилерден өз алдынча кеңеш алышыңыз керек. Эгер макала үчүнчү тараптын автору тарабынан берилсе, анда айтылган пикирлер ошол авторго таандык болуп, Binance Academy'нин көз карашын сөзсүз чагылдырбайт. Санарип активдердин баалары туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн жана салынган сумманы кайтарып ала албай калышыңыз ыктымал. Инвестициялык чечимдер үчүн жоопкерчилик толугу менен сизге таандык, жана Binance Academy бул жаратуулардан келип чыккан жоготууга жооптуу эмес. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин колдонуу шарттарын,тобокелдик эскертүүлөрүн жана Binance Academy колдонуу шарттарын караңыз.