Негизги тыянактар
Janction - бул бөлүштүрүлгөн ЖИ эсептөөлөрүн жеткиликтүү жана арзан кылууну көздөгөн, GPU камсыздоочуларын ЖИ командалары менен байланыштыруучу Arbitrum тармагында курулган, ЖИге багытталган Кошумча катмар блокчейн тармагы.
Janction машиналык үйрөнүү тапшырмаларын автоматташтыруу жана координациялоо үчүн смарт-контракттарды колдонот, ал ЖИ моделдерин, GPU эсептөө кубаттуулугун, маалыматтарды берүүнү жана маалыматтарды маркалоону бирдиктүү биргелешкен иштетүү тутумуна бириктирет.
Janction GPU соода аянты - бул колдонуучуларга салттуу булут кызматтарына караганда кыйла төмөн баада ЖИ эсептөө кубаттуулугуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир нече булактардан, анын ичинде керектөөчүлүк жабдыктардан GPU кубаттуулугун топтогон борборсуздаштырылган физикалык инфраструктура тармагынын (DePIN) модели болуп саналат.
Киришүү
ЖИ моделдерин үйрөтүү жана иштетүү чоң эсептөө кубаттуулугун талап кылат, ал эми бул кубаттуулукка кирүү мүмкүнчүлүгү адатта аз сандагы ири булут камсыздоочулары тарабынан көзөмөлдөнөт. Janction дүйнө жүзү боюнча бош турган GPU ресурстарын топтоо жана аларды блокчейнге негизделген соода аянтчасы аркылуу жеткиликтүү кылуу менен муну өзгөртүүнү максат кылат.
Бул макалада Janction деген эмне экени, анын технологиясы кандай иштей турганы, JCT токенинин ролу жана анын Binance Alpha жана Binance Futures биржаларында тизмеге киргизилиши түшүндүрүлөт.
Janction деген эмне?
Janction - бул өзүн текшериле турган, синергиялык жана масштабдалуучу ЖИ кызматтарын көрсөткөн биринчи Кошумча катмар деп мүнөздөгөн бөлүштүрүлгөн ЖИ эсептөө тармагы. Ал Эфириумдун экинчи деңгээлдеги масштабдоо чечими болгон Arbitrumтармагында курулган жана Япониянын маалымат инфраструктурасы компаниясы болгон Jasmy Corporation тарабынан колдоого алынган.
AWS же Google Cloud сыяктуу борборлоштурулган булут камсыздоочуларына көз каранды болгондун ордуна, Janction бир нече булактардан, анын ичинде жеке компьютерлерден, дата-борборлордон жана башка жабдыктардан GPU'ларды топтойт жана бул кубаттуулукту ЖИ командалары менен иштеп чыгуучуларга жеткиликтүү кылат.
Janction бөлүштүрүлгөн ЖИ боюнча көп тараптуу кызматташууну жана ресурстарды бөлүшүүнү колдогон масштабдалуучу блокчейндер тармагы катары иштелип чыккан. Ал эсептөө кубаттуулугунун соодасы, маалымат соодасы, ресурстарды пландаштыруу, текшерүү, консенсус жана коопсуздук үчүн негизги инфраструктураны камсыз кылат. ЖИ моделдери, GPU эсептөө кубаттуулугу, маалыматтарды берүү жана маалыматтарды маркалоо сыяктуу негизги элементтердин бардыгы биргелешип иштетүү үчүн Janction тутумуна интеграцияланган.
Janction кантип иштейт?
Janction бөлүштүрүлгөн, ишенимге муктаж болбогон ЖИ эсептөө тармагын курууда пайда болгон бир нече негизги техникалык маселелерди чечет:
1. Ресурстарды пландаштыруу жана башкаруу
Janction кластердик GPU пулу - бул масштабдуу параллелдүү эсептөөлөрдү колдоо үчүн бир нече GPU ресурстарын башкаруу жана бөлүштүрүү тутуму. Бул тутум тапшырмаларды пландаштырууну, жүктөмдү тең салмактоону, ресурстардын коопсуздугун жана обочолонуусун, каталарды калыбына келтирүүнү жана чыгымдарды оптималдаштырууну аткарат. Негизги компонент болуп колокация жана арифметикалык маршрутташтыруу деңгээли саналат, ал ар кандай жумуш жүктөмдөрү үчүн GPU кластерлеринин кантип аралашып, шайкеш келтирилишин башкарат.
2. Маалыматтарды алуу
Janction маалыматтарды тармак ичиндеги жана тармактан сырткары чөйрөлөрдөн тең ала алат. Платформа маалымат камсыздоочуларга алардын кошкон салымы үчүн адилеттүү акы төлөйт жана ЖИ моделдерин үйрөтүү жана корутундулоо үчүн зарыл болгон ар кандай маалымат түрлөрүн колдойт.
3. Иштин далили
Ишенимдүү бейтарап эсептөө тармагын куруу үчүн, Janction жасалма интеллект эсептөөлөрү убада кылынгандай аткарылганын текшерүүнүн жолуна муктаж. Анын аткарылган иштин далили механизми эсептөө тапшырмаларын тармак ичинде текшерүүнү камсыз кылат, бул болсо каржылык стимулдарды GPU камсыздоочуларына адилеттүү бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул концептуалдык жактан нөлдүк маалымат менен тастыктоочу роллаптардын баштапкы маалыматтарды ачпастан эле эсептөөлөрдү текшерүү ыкмасына окшош.
4. Стимулдаштыруу жана оюн механизми
Janction'дун эсептөө тапшырмаларына бир нече ролдор катышат, анын ичинде маалымат камсыздоочулар, маалымат аннотаторлору, GPU камсыздоочулары жана ЖИ моделдерин камсыздоочулар бар. Кошкон салымдарды адилеттүү баалоо жана бардык катышуучулардын өздөрүнө жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга кызыкдар болушун камсыз кылуу үчүн Janction Викри-Кларк-Гровс механизмин (оюн теориясында колдонулат) жана жумуш жүктөмүнүн корреляциялык функцияларын колдонот.
5. Купуялуулук
Дүйнөлүк деңгээлде маалыматтардын купуялуулугу боюнча талаптар катаалдашкандыктан, Janction маалыматтардын обочолонуп калышын шарттабай же жеке маалыматтарды ачыкка чыгарбай туруп, ЖИ моделдерин үйрөтүүгө жана корутундулоого мүмкүндүк берүүчү купуялуулукту сактоо ыкмаларын интеграциялайт. Jasmy компаниясынын Sovereign Data протокол тутуму ЕБдин Маалыматтарды коргоонун жалпы регламентине (GDPR) шайкеш келүү үчүн иштелип чыккан.
Janction колдонуу учурлары
Учурда Janction өзүнүн GPU тармагы аркылуу төмөнкү ЖИ жумуш жүктөмдөрүн колдойт:
ЖИ менен сүрөт генерациялоо: дизайнерлер, жарнама берүүчүлөр жана социалдык тиркемелер үчүн тексттен сүрөт жасоо.
Оозеки сөздү текстке жана текстти оозеки сөзгө айландыруу: автоматташтырылган субтитрлер, ЖИ кардарларды тейлөө кызматы, подкасттарды үн коштоо.
Видеолорду жакшыртуу жана иштетүү: 4K/8K форматына чейин масштабдоо, ызы-чууну азайтуу, жайлатылган кадрларды жылмалоо жана эски тасмаларды калыбына келтирүү.
Объекттерди аныктоо жана сүрөттөрдү талдоо: коопсуздук көзөмөлү, өндүрүштүк кемчиликтерди аныктоо жана автономдуу айдоо тутумун колдоо.
Купуя LLM хостингдөө: уюмдар ChatGPT стилиндеги ЖИ моделдерин өздөрүнүн жеке инфраструктурасында купуя иштете алышат, бул чыгымдарды азайтат жана каржы, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик сектор сыяктуу жөнгө салынуучу тармактардын талаптарына жооп берет.
JCT деген эмне?
JCT - Janction тармагынын өздүк токени. Ал эсептөө кубаттуулугунун транзакциялары үчүн алмашуу каражаты катары кызмат кылат, GPU камсыздоочуларын стимулдаштырат жана долбоорду башкарууга катышууга мүмкүндүк берет. JCTнин жалпы көлөмү 50 миллиард токенди түзөт.
Токендерди бөлүштүрүү алгачкы сатуу басымын чектөө үчүн иштелип чыккан түзүмдөштүрүлгөн вестинг графиги менен дефляциялык моделге негизделген. Платформа ишке киргенде баштапкы жүгүртүүдөгү көлөм жалпы сандын болжол менен 12,7%ын (жакынкы 6,35 миллиард токен) түзгөн жана ал ликвиддүүлүк, коомчулук жана аирдроп максаттары үчүн ачылган. Токендердин толук жүгүртүүгө чыгышы 2028-жылга чейин күтүлүүдө.
Binance Alpha жана Binance Futures биржаларында JCT
Janction (JCT) 2025-жылдын 10-ноябрында Binance Alpha биржасында тизмеленген, жана ушул эле күнү Binance Futures платформасы 40 эсеге чейинки леверидж менен JCTUSDT мөөнөтсүз келишимин ишке киргизген.
Көп берилүүчү суроолор
Janction кандай көйгөйдү чечет?
Janction жасалма интеллекттин эсептөө кубаттуулугунун кымбаттыгы жана анын борборлоштурулган көзөмөлү сыяктуу маселелерди чечет. ЖИ моделдерин үйрөтүү жана иштетүү адатта аз сандагы булут камсыздоочулары тарабынан башкарылган кымбат баалуу GPU инфраструктурасын талап кылат. Janction ар кандай булактардан бош турган GPU'ларды бирдиктүү соода аянтчасына топтойт, бул ЖИ эсептөө чыгымдарын олуттуу кыскартууну жана экономикалык пайданы жабдык камсыздоочуларына бөлүштүрүүнү максат кылат.
Janction GPU соода аянтчасы деген эмне?
Janction GPU соода аянтчасы - бул GPU ээлери өздөрүнүн бош турган эсептөө кубаттуулугун JCT токен түрүндөгү сыйлыктар үчүн сунуштай ала турган борборсуздаштырылган платформа. ЖИ иштеп чыгуучулары жана командалары бул топтолгон кубаттуулукту корутундулоо, үйрөтүү жана башка ЖИ жумуш жүктөмдөрү үчүн колдоно алышат. Бул соода аянтчасы көптөгөн көз карандысыз камсыздоочулардын жабдыктарын бириктирүү менен арзан баада чексиз GPU кубаттуулугун берүүнү көздөйт.
Janction кайсы блокчейнде курулган?
Janction - Эфириумдун Кошумча катмар тармагы болгон Arbitrum базасында курулган. Arbitrum'ду колдонуу Janction тармагына транзакциялардын чоң көлөмүн төмөн комиссия менен иштетүүгө мүмкүндүк берет, бул GPU түйүндөрүнүн операторлоруна бат-баттан жасалып туруучу микротөлөмдөр үчүн зарыл. Ошондой эле, Jasmy Corporation компаниясынын маалыматтык инфраструктурасы купуялуулукту сактоо менен ЖИ маалыматтарын иштетүү үчүн Janction менен интеграцияланган.
JCT эмне үчүн колдонулат?
JCT - Janction тармагынын өздүк валютасы болуп саналат. Ал GPU эсептөөчү тапшырмаларын төлөө, маалымат берүүчүлөрдү жана түйүн операторлорун сыйлоо, ошондой эле протоколду башкарууга катышуу үчүн колдонулат. Токендин жалпы сунушу 50 миллиардды түзөт жана ал 2025-жылдын ноябрь айында Binance Alpha платформасында ишке киргизилген.
Janction тармагында ЖИ эсептөөлөрү кантип текшерилет?
Janction ЖИ эсептөө тапшырмаларын тармак ичинде текшерүүнү камсыз кылган иштин далили механизмин колдонот. Бул тармакка GPU провайдерлери өздөрүнө төлөнгөн жумушту аткаргандыгын ырастоого жана сыйлыктарды ошого жараша бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Систем ишенимге көз каранды эмес кылып иштелип чыккан, башкача айтканда, эсептөөлөрдү текшерүү үчүн эч кандай борборлоштурулган органдын кереги жок.
Жыйынтыктоочу ойлор
Janction ЖИти өнүктүрүүдөгү негизги көйгөйлөрдүн бирин - жеткиликтүү эсептөө кубаттуулугуна ээ болуу маселесин чечүү үчүн Кошумча катмар блокчейн инфраструктурасын борборсуздаштырылган GPU соода аянтчасы менен айкалыштырат. Иштин аткарылгандыгын далилдөөчү текшерүүнү, купуялуулукту сактаган маалыматтарды иштетүүнү жана структуралаштырылган стимулдаштыруу моделин интеграциялоо менен, Janction буга чейин борборлоштурулган инфраструктурасыз жетишүү кыйын болгон масштабда бөлүштүрүлгөн ЖИ кызматташтыгын камсыз кылууну көздөйт.
Кошумча окуу
Блокчейндин Негизги катмардагы жана Кошумча катмардагы масштабдоо чечимдери
ZK-Rollup деген эмне? Кошумча катмардагы масштабдоо техникасы
Эскертүү: Бул мазмун сизге эч кандай кепилдиксиз, жалпы маалымат берүү жана билим берүү максатында гана «болгондой» негизинде сунушталат. Бул маалымат финансылык, юридикалык же башка профессионалдык кеңеш катары каралбашы керек, ошондой эле кандайдыр бир конкреттүү өнүмдү же кызматты сатып алуу сунушу катары эсептелбейт. Сиз тийиштүү профессионал кеңешчилерден өз алдынча кеңеш алышыңыз керек. Эгерде мазмун үчүнчү тарап тарабынан берилсе, анда айтылган пикирлер ошол тарапка таандык экенин жана Binance Academy'нин көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбай турганын эске алыңыз. Санариптик активдердин баалары тез өзгөрмөлүү болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же көтөрүлүшү мүмкүн жана сиз жумшаган суммаңызды кайтарып албай калышыңыз ыктымал. Сиз гана өзүңүздүн инвестициялык чечимдериңиз үчүн жооптуусуз жана Binance Academy сиз дуушар болгон эч кандай чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Кененирээк маалымат алуу үчүн биздин Колдонуу шарттарыбызды, Тобокелдиктер жөнүндө эскертүүбүздү жана Binance Academy шарттарын караңыз.