Негизги өзгөчөлүктөрү
Irys негизги блокчейн катмары тармагы катары курулган программалануучу датачейн болуп саналат. Ал чоң көлөмдөгү маалыматтарды блокчейнде сактайт жана смарт-контракттарга ошол маалыматтарга аткаруу учурунда түздөн-түз кирүүгө уруксат берет.
Irys'те сактоо, аткаруу жана протокол деңгээлиндеги маалыматтын жеткиликтүүлүгү бир бүтүн интеграцияланган система катары курулган. Ошол себептен колдонмолор ырасталган блокчейн маалыматтарына кайра кайталабастан же ырастабастан таяна алышат.
IRYS тоени тармакты кубаттайт; ал валидаторлор жана тармактык башкаруу тарабынан акы, стейкинг үчүн колдонулат. Протокол акыларда дефляциялык жыйноо ыкмасын колдонот.
Киришүү
Көпчүлүк блокчейн тармактары эң алгач аткаруу үчүн курулган: смарт-контракттарды иштетүү жана транзакцияларды аткаруу. Бул тармактарда чоң көлөмдөгү маалыматтарды сактоо кымбат жана практикалуу эмес. Irys болсо башка принцип менен курулган: ал маалыматтар тармактагы эң негизги ресурс болушу керек.
Бул макалада Irys эмне, анын архитектурасы кандай иштейт, IRYS токени эмнелерди кылат жана долбоордун Binance Alpha'га кандай тиешеси бар биле аласыз.
Irys деген эмне?
Irys чоң көлөмдөгү маалыматтарды блокчейнде ийкемдүү убакыт боюнча сактоого жана смарт-контракттарга аткаруу учурунда аларды колдонууга мүмкүндүк берген блокчейн болуп саналат. Ал датачейн моделинин эволюциясын чагылдырат.
Көпчүлүк блокчейндер аткаруу үчүн оптималдаштырылган. Сактоо эң алгач келишимдин абалын колдоо жана консенсус үчүн талап кылынган транзакциялык маалыматты колдойт. Себеби сакталган маалымат аткаруу катмарынын бир бөлүгү катары колдолушу жана валидациядан өтүшү керек. Сактагыч чектелген жана анын баасы жогору, бул чоң же туруктуу маалымат топтомдоруна жол бербейт.
Датачейндер бул чектөөнү сактоону протокол деңгээлинде артыкчылыкка алуу менен чечүү үчүн келип чыкан. Бул маалыматтарды блокчейнде экономдуу түрдө жазууга жол берет. Бирок, алгачкы датачейндер архивдик максатта колдонулуп келген. Мисалы: маалымат булутун сактоо. Бирок ал колдонмолордо түздөн-түз колдонулган эмес.
Irys бул моделди өркүндөтөт. Irys'те сактоо, аткаруу жана ырастоо бир система катары курулган. Маалымат сакталып, ырасталгандан кийин, аларга смарт-контракттар аркылуу ошол эле тармакта кирүүгө жана колдонмолордо кайра колдонууга болот. Бул маалыматты табууга, бөлүшүүгө жана керек болсо тармакта монетизация кылууга болот.
Irys'тин эң жөнөкөй түшүндүрмөсү: маалыматка артыкчылык берген негизги катмар. Ethereum жана Solana сыяктуу чынжырларда аткаруу системанын борбору болуп саналат жана маалымат аны колдоо үчүн бар. Irys'те маалымат эң башкы нерсе жана аткаруу анын айланасында жүрөт.
Irys кантип иштейт?
Irys төрт негизги пункттун айланасында курулган. Масштабдуу борборсуздаштырылган сактагыч чоң маалымат топтомдорун туруктуу же белгилүү бир убакытка сактоого мүмкүндүк берет, ал эми сактоо чыгымдары жабдуунун баасына жараша эсептелет. Маалыматтарга жетүү менен жергиликтүү аткаруу смарт-контракттар EVM жеткиликтүү чөйрөдө иштейт дегенди жана аткаруу учурунда блокчейн маалыматтарына таянат дегенди билдирет. Протокол деңгээлиндеги ырастоо маалыматтын криптографиялык сактагыч далилдеринде жана экономикалык стим улдар аркылуу кепилдикти күчөтөт. Соңунда болжолдоого болгон жүрүм-турум пайда болот, себеби сактоо, аткаруу жана ырастоо операциялары өз өзүнчө компонент катары иштешет, бир аймактагы калгандарына таасир этпейт.
IrysVM
IrysVM смарт-контракттарды Irys'те аткарган виртуалдуу машина. Ал EVM-шайкеш чөйрөнү камсыз кылат. Түзүүчүлөр белгилүү Ethereum куралдарын жана семантиканы колдонуп, контракттарды жаза жана жайгаштыра алышат.
Irys'теги смарт-контракттар сакталган маалыматтарга аткаруу убагында жете алат жана тармакта коомчулукка ачык турган ырасталган маалыматка таяна алат. Бирдей киргизүүлөрдү жана бирдей шилтеме берилген маалыматтарды эске алганда, келишимди аткаруу тармактагы ар бир блокчейн түйүнүндө окшош жыйынтыкты берет. Бул детерминизм ырастоо жана консенсус үчүн шарт.
Аткаруу ошондой эле сактагычтын өткөрүмдүүлүгүнөн обочолонот. Сакталган маалыматтардын көлөмүнүн көбөйүшү аткаруу кубаттуулугун төмөндөтпөйт же күтүлбөгөн тыгындарды киргизбейт. Аткаруу акысы сактоо талабын эмес, эсептөө чыгымдарын чагылдырат.
Сактагыч далилдери
Тармак криптографиялык маалыматтарды коргоонун жардамы менен маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Валидаторлор өздөрү жооптуу болгон маалыматтарды сактоону көрсөтүшү керек, ал эми экономикалык стимулдар туура эмес жүрүм-турумду жазалоо үчүн түзүлөт. Бул протокол деңгээлинде жоопкерчиликти жаратат: тармак ишенимге таянбастан, маалыматтардын сакталып жаткандыгын жана кайтарып алууга болоорун ырастай алат.
Колдонуу учурлары
Маалыматтар аткаруу учурунда сакталып, жеткиликтүү бойдон калгандыктан, Irys жалпы ресурс катары чоң же өсүп жаткан маалымат топтомдоруна таянган колдонмолорго ылайыктуу. Потенциалдуу колдонуу учурлары ЖИ моделинин келип чыгышын жана ырастоону камтыйт, анда смарт-контракттар окутуу маалыматтарынын бүтүндүгүн көрсөтүү үчүн маалыматсыз далилдөөнү камтышы мүмкүн; борборсуздаштырылган ЖИ агенттери шифрленген маалымат топтомдоруна карата жеке иш алып барышат; жана масштабдуу маалымат оракулдары чынжырдагы колдонмолорго ырасталган чыныгы маалыматтарды беришет. Бир нече келишимдер бир эле сакталган маалыматты көчүрүүсүз же кайра тастыктоосуз эле шилтеме бере алат.
IRYS токени деген эмне?
IRYS Irys тармагынын жергиликтүү утилитардык токени. Ал сактагыч жана аткаруу акыларын төлөө, тармакты коргогон валидаторлор менен стейкинг кылуу жана башкаруунун катышуусу үчүн колдонулат. IRYS'те токеномиканы түшүнүү протоколдун экономикалык стимулдары кантип түзүлгөнүн түшүндүрүүгө жардам берет.
Токен запасы жана бөлүштүрүү
IRYS'тин жалпы запасы 10 миллиард токенге жетет. Токен иштеп чыгаруу иш-чарасында (TGE) болжол менен 2 миллиард токен (жалпы запастын 20%) жүгүртүүгө кирди. Токендердин жалпы бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
Экосистема (30%): борборсуздаштырылган колдонмолорду, өнөктөштүктөрдү жана мультисиг капчыгында өткөрүлгөн кроссчейн демилгелерин каржылайт.
Инвесторлор (25,3%): алгачкы каржылоочуларга бөлүштүрүлгөн, бир жылдык кулпулоо, андан кийин үч жылдык түз вестинг колдонулат
Негизги команда жана кеңешчилер (18,8%): бир жылдык клифф жана үч жылдык түз вестинг колдонулат
Фонд (9,9%): протоколду иштеп чыгууну, аудитти жана гранттарды колдойт
Эйрдроп жана келечектеги стимулдар (8%): учурдагы эйрдропторду жана келечектеги коомдук сыйлыктарды камтыйт
Ликвиддүүлүк, базардын туруктуулугу жана ишке киргизүү өнөктөштөрү (8%): биржанын ликвиддүүлүгүн жана базарды түзүүнү колдойт
Дефляциондук механизмдер
Протоколдун өзөгүндө дефляциялык механизм жатат. Аткаруу акыларынын болжол менен 50% жана кыска мөөнөттүү сактоо акыларынын 95% ашыгы күйүп кетет. Бул тармакты колдонуу өскөн сайын айлануучу запастын санын азайтат. Валидаторлор негизги сыйлык катары жылына 2% токен эмиссиясын алышат жана бул көрсөткүч ар төрт жыл сайын эки эсеге кыскарып турат, бул модель биткоиндин эмиссия графигине окшош. Тармактын жогорку деңгээлде колдонулушу жаңы чыгарылган токендерге салыштырмалуу күйүп кетүүылдамдыгын күчөтүп, убакыттын өтүшү менен запасты азайтат.
Валидатор стейкинги
Валидаторлор IRYS токендерин консенсус жана маалыматтарды ырастоого катышуу үчүн кепил мүлк катары байланыштырышы керек. Зыяндуу жүрүм-турум же маалыматтарды бөлүштүрүүнү сактабоо слешингге алып келиши мүмкүн. Валидатор эмес токен ээлери үчүн делегация келечектеги өзгөчөлүк катары пландаштырылган. Валидаторлор негизги эмиссия сыйлыгынан тышкары тармак акысынын бир бөлүгүн алышат.
IRYS Binance Alpha'да
IRYS Binance Alpha'да 2025-жылдын 25-ноябрында тизмеленген.
КБС
Датачейн деген эмне?
Датачейн бул протокол деңгээлиндеги негизги функциясы катары маалыматтарды сактоо болгон блокчейн. Сактоо аткаруунун кошумча өнүмү болгон салттуу блокчейндерден айырмаланып, датачейн чоң маалымат жыйнактарын жазуу жана сактоо үчүн экономикалык жактан пайдалуу. Irys датачейн концепциясын ошол эле системага жергиликтүү смарт-контрактты аткарууну жана ырастоону интеграциялоо менен кеңейтет.
Irys;тин Arweave же Filecoin'дон эмнеси менен айырмаланат?
Arweave жана Filecoin архивди сактоо үчүн түзүлгөн: маалымат түбөлүккө же акы үчүн сактала алат, бирок ага түздөн-түз кирүү же аларды тармактагы смарт-контракттардын колдонуусу мүмкүн эмес. Irys аткарууну сактоо сыяктуу бир катмарга интеграциялайт, бул келишимдерге аткаруу учурунда сакталган маалыматтарды өзүнчө аткаруу чөйрөсүсүз окууга жана аракет кылууга уруксат берет.
Түзүүчүлөр Irys'те эмне кура алышат?
Түзүүчүлөр туруктуу блокчейн маалыматтарын жалпы ресурс катары колдонгон тиркемелерди кура алышат. Мисалга моделдин келип чыгышын сактоочу жана ырастоочу ЖИ тиркемелерин, маалымат топтомдорун акчага айландырып, чынжыр менен жеткиликтүү болгон маалымат рынокторун жана смарт-контракттын алкагында чоң же өсүп жаткан маалымат топтомдоруна шилтеме бере алган ар кандай соода аянтчаларын алсак болот.
IRYS токени эмне үчүн колдонулат?
IRYS тармакта сактоо жана аткаруу акыларын төлөө, консенсуска жана маалыматты ырастоого катышкан валидаторлор тарабынан кепил мүлк катары стейкинг кылууда жана башкаруу үчүн колдонулат. Протокол акылардын көп бөлүгүн жокко чыгарат, бул тармакты колдонуу арткан сайын дефляциялык динамиканы жаратат.
Жыйынтыктоочу ой-пикирлер
Irys блокчейнди иштеп чыгууда көптөн бери келе жаткан кыйынчылыкты чечет: сактоо менен аткаруунун ортосундагы чыңалуу. Бир эле базалык катмарга куруу жана протокол деңгээлиндеги ырастоону кошуу менен, ал блокчейн маалыматтарын иштетүү үчүн чектөө эмес, колдонууга жарактуу, туруктуу ресурс кылууну көздөйт. Бул модель иштеп чыгуучулардын арасында канчалык популярдуу болот, бул протокол деңгээлинде сактагычты жана эсептөөнү айкалыштыруудан чындап пайда алган пайдалануу учурларынын өсүшүнө жараша болот. Ар бир алгачкы баскычтагы долбоордогудай эле, архитектуралык дизайн жана ишке ашкан тармактык эффекттерде чыныгы сыноо жатат.
Көбүрөөк окуу материалдары
Дисклеймер: Бул мазмун сизге эч кандай кепилдиксиз, жалпы маалымат берүү жана билим берүү максатында гана «болгондой» негизинде сунушталат. Бул маалымат каржылык, юридикалык же башка профессионалдык кеңеш катары каралбашы керек, ошондой эле кандайдыр бир конкреттүү өнүмдү же кызматты сатып алуу сунушу катары эсептелбейт. Сиз тийиштүү профессионалдуу кеңешчилерден өз алдынча кеңеш алышыңыз керек. Эгерде мазмун үчүнчү тарап тарабынан берилсе, анда айтылган пикирлер ошол тарапка таандык экенин жана Binance Academy'нин көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбай турганын эске алыңыз. Санариптик активдердин баалары тез өзгөрмөлүү болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же көтөрүлүшү мүмкүн жана сиз жумшаган суммаңызды кайтарып албай калышыңыз ыктымал. Сиз гана өзүңүздүн инвестициялык чечимдериңиз үчүн жооптуусуз жана Binance Academy сиз дуушар болгон эч кандай чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Кененирээк маалымат алуу үчүн биздин Колдонуу шарттарыбызды, Тобокелдиктер жөнүндө эскертүүбүздү жана Binance Academy шарттарын караңыз.