ЖИни криптовалюта менен соода кылууда кантип колдонсо болот

ЖИни криптовалюта менен соода кылууда кантип колдонсо болот

Орто
Жаңыртылган Feb 27, 2026
8m

Негизги өзгөчөлүктөрү

  • Туруктуу эрежелерге баш ийген статикалык алгоритмдерден айырмаланып, ЖИ соода кылуу системалары үлгүлөрдү аныктоо жана өзгөрүп жаткан базар шарттарына ылайыкташуу үчүн машиналык үйрөнүүнү колдонушат.

  • Криптовалюта менен соода кылууда ЖИни колдонуу менен эмоциялардын терс таасиринен арыла аласыз. Ошондой эле, ал колдонуучуларга базарды 24 сааь бою көзөмөлдөп, тез соода кылууга мүмкүнчүлүк берет.

  • Соодагерлерге эки тандоо берилген: жазылууну талап кылган бот кызматтары же ЖИнин жардамы менен изилдеп, код жазып жана стратегияны аныктап, өзүнүн куралдарын түзүү.

  • ЖИ канчалык артыкчылыктуу болбосо дагы, аны колдонуу тобокелдик менен коштолот. Ар дайым техникалык каталар, коопсуздук мүчүлүштүктөрү жана алдамчылык кылуу аракеттерине көңүл буруңуз.

Binance Academy курстарынын жарнамасы

Киришүү

Криптовалюта менен соода кылууда ЖИни колдонуу базар маалыматтарын талдоо, баа кыймылдарын алдын ала божомолдоо жана минималдуу адам кийлигишүүсү менен соодаларды аткаруу үчүн компьютердик программаларды колдонууну камтыйт. Бул макала криптовалюта менен соода кылууда ЖИнин негиздерин, анын стандарттык автоматташтыруудан кандай айырмаланарын жана бул куралдарга байланыштуу пайдалары менен тобокелдиктерин карап чыгат.

ЖИ жана салттуу алгоритмдик соода кылуу

Көпчүлүк учурда адамдар "алгоритмдик соода кылуу" жана "ЖИ менен соода кылуу" түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырманы билишпейт. Аларды айырмалай билүү маанилүү.

Салттуу алгоритмдер туруктуу, башкача айтканда, алар адам тарабынан жазылган туруктуу көрсөтмөлөрдүн тизмесин аткарышат. Мисалы: "эгер Bitcoin $50 000 төмөн түшсө, 0,10 BTC сатып ал." Бот ага айтылганды так аткарат. Ал "оюн өзгөртө" албайт же жаңы ыкмаларды үйрөнө албайт.

Ал эми ЖИ жана машиналык үйрөнүүнү колдонгон системалар кыймылдуу. Алар маалыматтарды талдап, үлгүлөрдү өз алдынча таба алышат. Бир гана эрежени аткаруунун ордуна, ЖТ модели тарыхты, көлөмдү жана жаңылыктарды карап чыгып, мүмкүн болгон баа максатын аныктай алат. Ошондой эле ал өткөндөгү утуштар жана жоготуулардан үйрөнүп, ылайыкташып, жакшырта алат.

Криптовалюта тармагында ЖИнин колдонулушу

Төмөндө криптовалюта менен соода кылууда ЖИ кеңири колдонулган айрым мисалдар келтирилген. Айрым соодагерлер бир гана колдонууга көңүл бурууну жактырышса, башкалары татаалыраак ЖИ соода кылуу системаларын түзүү үчүн бир нече ыкмаларды айкалыштырып колдонушат

1. ЖИ соода боттору

Булар салттуу автоматташтырылган соода ботторуна окшош, жалгыз гана айырмасы алар ЖИ жардамы менен жакшыртылган. Алар сиздин атыңыздан сатып алуу жана сатуу үчүн криптовалюта биржаңызга туташа алышат. Бул боттор колдонгон кеңири таралган айрым стратегиялар:

  • Арбитраж: баалардын айырмасынан киреше табуу үчүн коинди А биржасынан сатып алуу жана Б биржасында сатуу.

  • Тор соода кылуу: белгиленген баа деңгээлдеринде автоматтык сатып алуу жана сатуу буйрутмаларын орнотуу.

Binance тор соодасы

  • Трендде болуу: базар туруктуу түрдө көтөрүлүп жатканын же төмөндөп жатканын текшерип, ошол багытта соода кылуу

2. Базар маанайын талдоо

Криптовалюта базарынын маанайы жана баалары кээде жаңылыктарга жана коомчулуктун пикиринен көз каранды өзгөрөт. Табигый тилди иштетүү (NLP) адам тилин окуй алган AI'дын бир түрү. Ал жаңылык баракчалары, X (мурунку Twitter) жана Reddit сыяктуу бардык түрдөгү веб-сайттарды сканерлеп чыгышы мүмкүн. Бул AI боттор базар тууралуу адамдардын маанайын текшерип, ошол маалыматка ылайык соода кылуу стратегияларын түзүп же ылайыкташтыра алышат.

3. Болжолдоо аналитикасы

Бул негизинен эски маалыматтарды колдонуп, келечектеги бааларды болжолдоону билдирет. Эч бир компьютер келечекти так болжолдой албайт, бирок AI мүмкүнчүлүктөрдү эсептей алат. Мисалы: ал өткөндө эмне болгонун талдоо үчүн колдонулуп, соодагерлерге келечекте жакшыраак кирүү жана чыгуу стратегияларын түзүүгө жардам бере алат.

4. Жогорку ылдамдыктагы соода кылуу (HFT)

HFT көбүнчө ири компаниялар тарабынан колдонулат. Ал супер ылдам компьютерлерди колдонуп, бир секунддун бир бөлүгүндө көптөгөн соодаларды жүргүзөт. Бул жерде AI пайдалуу болушу мүмкүн, анткени ал адамдан тезирээк кичинекей баа өзгөрүүлөрүнө жооп бере алат.

Криптовалютада ЖИни кантип колдонуу керек

ЖИни колдонуу үчүн кодер болуунун кереги жок. Бул жерде баштоо үчүн кээ бир жөнөкөй жолдор берилген:

  • Изилдөө үчүн ЖИни колдонуу: сиз ChatGPT, Gemini же Claude сыяктуу куралдарды колдонуп, узун криптовалюта расмий маалыматтык документтерин кыскача мазмундап же жаңы токен кантип иштээрин түшүндүрө аласыз.

  • Код жазууга жардам берүү үчүн: эгер сиз TradingView сыяктуу график платформаларын колдонсоңуз, Generative AI'дан сиз үчүн "Pine Script" кодун жазып берүүнү сурасаңыз болот. Мисалы, AI'дан "RSI 70 ашканда сызык тарткан скрипт жазып бер" деп сурап, андан кийин ошол кодду графикке көчүрүп, киргизе аласыз.

  • Кодсуз платформалар: көпчүлүк веб-сайттар сизге dragging-dropping опциялары аркылуу бот түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондуктан сизге эч кандай код жазуунун кереги жок. ЖИ ошондой эле параметрлерди түшүнүүгө жана соода кылуу стилиңизге жана стратегияңызга эң ылайыктуусун табууга жардам бере алат.

  • Бэктестинг: сиз ЖИни колдонуп, стратегияларды өткөн маалыматтардын негизинде сынап көрө аласыз, андан кийин тобокелге баруунун алдында алардын канчалык натыйжалуу экенин текшерсеңиз болот.

Соода бот платформаларынын мисалдары

Binance [соода боттору] бөлүмүндө спот тор, спот DCA, арбитраж, кайра тең салмактоо жана башка көптөгөн автоматташтырылган стратегияларды сунуштайт. Сиз буларга [Соода] менюсу аркылуу кире аласыз.

Pionex, 3Commas жана Cryptohopper башка криптовалюта соода бот платформаларынын мисалдары болуп саналат. Бул кызматтар машиналык үйрөнүү аркылуу соода кылууну автоматташтырууга мүмкүнчүлүк берет жана көпчүлүгү сиздин Binance эсебиңизге API ачкычтары аркылуу туташа алат.

Түзүү жана сатып алуу: өзүңүздүн ыкмаңызды тандаңыз

ЖИни колдонууну каалаганыңызда, сизде адатта эки тандоо бар:

1. Жазылуу (сатып алуу)

Бул алдын ала түзүлгөн ботту колдонуу үчүн айлык акы төлөй турган веб-сайттар.

  • Артыкчылыктары: колдонуусу жеңил, тез орнотууга болот, адатта жардам көрсөтүүчү колдоо командасы бар.

  • Кемчиликтери: Жазылуу акысы бар жана башкалардын стратегиялары күмөн жаратышы мүмкүн.

2. Жекелештирилген (түзуү)

Бул программаны өзүңүз жазышыңыз керек (адатта Python'до) же аны жазуу үчүн кодер жалдоо керек дегенди билдирет.

  • Артыкчылыктары: Сизде толук көзөмөл бар, айлык жазылуу акысы жок жана боттун кантип иштээрин так билесиз.

  • Кемчиликтери: Сизде техникалык көндүмдөр болушу керек. Эгерде код бузулса же иштебей калса, аны өзүңүз оңдошуңуз керек.

Криптовалюта менен соода кылууда ЖИни колдонуунун артыкчылыктары

  • Эмоциялардын таасиринин жоктугу: коркуу жана ачкөздүк соодагерлердин акча жоготуусуна себеп болот. ЖИ болгону маалыматка жана логикага көңүл бурат. Баалар түшкөндө паника кылбайт же баалар өскөндө ашыкча толкунданбайт.

  • 24/7 иштейт: криптовалюта базарлары күнү-түнү иштейт. ЖИ сиз уктап жатканда графиктерди карап, мүмкүнчүлүктөрдү өткөрүп жибербей турууга жардам берет.

  • Ылдамдык: ЖИ баанын түшкөнүн же көтөргөнүн байкап, миллисекунданын ичинде жооп бере алат.

  • Тестирлөө: ЖИ сизге стратегияңызды өткөн маалыматтардын негизинде кайра текшерип көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы: стратегияны өткөн жылы кантип иштээрин билүү үчүн бэктестинг жүргүзүп, бүгүнкү күнү чыныгы акча тобокелге баруудан мурун текшерсеңиз болот.

Тобокелдиктер жана чектөөлөр

  • Алдамчылыктар жана "кара куту" (алдамчылык) моделдери:1 “кепилденген киреше” убада кылган ботторду саткан адамдардан абдан этият болуңуз. Булардын көпчүлүгү "Кара куту" системалары, башкача айтканда, бот эмне үчүн соода кылып жатканын көрө албайсыз. Айрымдары чындап алдамчылык же Понци схемалары болушу мүмкүн.

  • Ашыкча ылайыкташуу: кээде ЖИ өткөндү өтө көп изилдейт. Ал тарыхта бир жолу болгон үлгүнү гана үйрөнүп калышы мүмкүн. Базар өзгөргөндө, ЖИ ката кетириши мүмкүн, анткени ал өткөндүн так кайталарын күтөт.

  • Техникалык көйгөйлөр: программалык мүчүлүштүктөр, интернет көйгөйлөрү же биржанын оффлайн болушу боттун иштешин токтотушу мүмкүн. Бул сиздин акча жоготууга же сооданы өткөрүп жиберүүгө алып келиши мүмкүн.

  • Коопсуздук тобокелдиктери: үчүнчү жактын ботун колдонуу үчүн аны сиздин биржа эсебиңизге (API ачкычтарын аркылуу) киргизүүгө тийишсиз. Эгер бот компаниясы хакердик чабуулга кабылса, сиздин каражаттарыңыз уурдалышы мүмкүн. Дайыма API ачкычтарыңызды коргоп, "чыгарып алуу" уруксатын өчүрүңүз, бул боттун сиздин эсебиңизден акча чыгарууга мүмкүнчүлүгү болбойт.

Жыйынтыктыктоочу пикирлер

ЖИ жөнөкөй адамдарга күчтүү соода кылуу ыкмаларына мүмкүнчүлүк берген сонун курал. Автоматташтырылган боттордон баштап жаңылыктардагы базар маанайын талдоого чейин, ал адамга жеткиликсиз ылдамдык жана натыйжалуулукту сунуштайт. Бирок, ал бекер акча берген сыйкырдуу баскыч эмес.

AI менен ийгиликке жетүү үчүн тең салмак керек. AI'ды жардамчы катары эсептеңиз, өз акылыңызды сактаңыз. Бул куралдарды өзүңүз изилдеп, жакшы тобокелдикти башкаруужана мүмкүн эмес киреше убада кылган ар кандай системага сактык менен мамиле жасоо менен айкалыштырыңыз.

Кошумча окуу материалдары

Жоопкерчиликтен баш тартуу: бул материал сизге кандай болсо ошондой негизде, жалпы маалымат жана окуу максатында гана сунушталат, эч кандай кепилдик бербейт. Аны каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары түшүнбөңүз жана белгилүү бир өнүмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында эмес. Сиз тиешелүү кесиптик кеңешчилерден өз алдынча кеңеш алышыңыз керек. Эгер макала үчүнчү тараптын автору тарабынан берилсе, анда айтылган пикирлер ошол авторго таандык болуп, Binance Academy'нин көз карашын сөзсүз чагылдырбайт. Санарип активдердин баалары туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн жана салынган сумманы кайтарып ала албай калышыңыз ыктымал. Инвестициялык чечимдер үчүн жоопкерчилик толугу менен сизге таандык, жана Binance Academy бул жаратуулардан келип чыккан жоготууга жооптуу эмес. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин колдонуу шарттарын,тобокелдик эскертүүлөрүн жана Binance Academy шарттарын караңыз.

Binance сиздин ЖИни колдонууңуз боюнча кеңеш бере албайт жана бербейт, анткени бул толугу менен сиздин өзүңүздүн чечимиңизде жана тобокелчилигиңизде. Биз сизге өз алдынча изилдөөнү сунуштайбыз жана бардык тиешелүү шарттарды, анын ичинде биздин ЖИ саясатын сактоону эскертебиз.