Binance Futures платформасында алтын жана күмүш менен кантип соода кылуу керек

Binance Futures платформасында алтын жана күмүш менен кантип соода кылуу керек

Орто
Жаңыртылган Feb 10, 2026
7m

Дисклеймер: бул материал жалпы маалымат үчүн жана окуу максатында гана берилет жана эч кандай түрдө кепилдик же көрсөтмө катары каралбашы керек. Ал каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары кабыл алынбашы керек жана белгилүү бир өнүмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында жазылган эмес. Бул макалада аталган өнүмдөр сиздин аймакта жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн.

Негизги өзгөчөлүктөр

  • Binance Futures криптовалюталардан тышкары салттуу активдерди да кошту. Сиз алтын жана күмүштү XAUUSDT жана XAGUSDT тикерлеринин алдында соода кыла аласыз.

  • Бул келишимдер салттуу товардык базарларга салыштырмалуу уникалдуу артыкчылыктарды сунуштайт, анын ичинде 24/7 соода кылуу мүмкүнчүлүгү жана базарга кирүү үчүн төмөн капиталдык талаптар бар.

  • Ошондой эле сиз левериджди колдонуп, колуңуздагы каражаттан көбүрөөк сумма менен соода кыла аласыз. Бул жогорку киреше алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаса да, ошол эле учурда жоготуулардын көбөйүшүнө да алып келет. Ошондуктан тобокелдиктерди туура башкаруу маанилүү.

  • "Каржылоо көрсөткүчтөрү" деп аталган функция баанын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган жана белгилүү шарттар аткарылганда соодагерлер ачык позицияны сактаганы үчүн киреше ала алышат.

Негизги өзгөчөлүктөр

Киришүү

Мурда алтын жана күмүш сыяктуу баалуу металлдар менен соода кылуу негизинен ири каржы уюмдарынын алкагында ишке ашырылып келген. Ал көп учурда жогорку баштапкы капиталды талап кылган жана соода кылуу сааттары чектелген салттуу фьючерс базарларынын татаал механизмдерин талап кылчу. Учурда TradFi активдеринин криптовалюта биржаларына активдүү интеграцияланышы бул активдерди ар кандай деңгээлдеги соодагерлер үчүн жеткиликтүү кылып жатат.

Binance Futures учурда алтын (XAU) жана күмүш (XAG) үчүн келишимдерди сунуштап жатат, бул колдонуучуларга криптовалюта экосистемасына мүнөздүү ийкемдүүлүк жана технологияларды колдонуу менен бул салттуу баалуулук сактоочу активдер менен соода кылууга мүмкүнчүлүк берет. Бул макалада аталган келишимдердин иштөө механизми, алардын салттуу каржы (TradFi) системасына салыштырмалуу артыкчылыктары жана айрым тобокелдиктер каралат.

Binance'та алтын жана күмүш фьючерстери деген эмне?

Binance'та алтын жана күмүш USDT менен маржаланган мөөнөтсүз фьючерс келишимдери катары сунушталат. Бул баа алтын же күмүштүн чыныгы наркына жараша өзгөрүп турат, ал эми төлөмдөр USDT стейблкоиндери менен жүргүзүлөөрүн билдирет.

  • Алтын фьючерс: тикер XAUUSDT

  • Күмүш фьючерс: тикер XAGUSDT

Соодагерлердин акырында металлды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун камсыздаган физикалык эсептешүүдөн айырмаланып, бул келишимдер накталай эсептешүүнүн негизинде жүргүзүлөт. Бул соодагерлерге металлдарды сактоо, камсыздандыруу жана логистикалык процесстер менен алектенбестен, баанын кыймылына гана багытталган соода кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Башкача айтканда, сиз Binance'та бул келишимдер менен соода кылганда, физикалык алтын же күмүш куймаларын сатып албайсыз. Анын ордуна, металлдын чыныгы баасын чагылдырган санариптик келишимдер менен соода кыласыз.

Концепциясы жөнөкөй: эгер баа жогорулайт деп ойлосоңуз, сиз сатып аласыз (узун). Эгер баа төмөндөйт деп ойлосоңуз, сатасыз (кыска). Бардык киреше жана чыгашалар USDT менен эсептелет.

Криптовалюта биржасында металлдар менен соода кылуунун артыкчылыктары

Товар менен соода кылуунун санариптештирилиши фьючерс соода кылуунун "эски ыкмасына" салыштырмалуу бир катар жакшыртууларды сунуштайт.

1. 24/7 базар жеткиликтүүлүгү

Салттуу товар базарларында белгиленген ачуу жана жабуу убакыттары бар, дем алыш күндөрү эсепке алынбайт. Эгердн негизги саясий же экономикалык жаңылык ишемби күнү болсо, салттуу соодагерлер дүйшөмбү күнү эртең мененкиге чейин күтүүгө туура келет. Binance'таа болсо базар жылына 365 күн бою ачык. Жаңылык жекшемби күнү саат 3:00дө чыкса да, сиз дароо жооп берип, соода кыла аласыз.

2. Кирүү үчүн азыраак чектөөлөр

Салттуу базарларда алтын фьючерсинин бир келишими өтө кымбат. Көбүнчө сооданы ачуу үчүн миңдеген доллар талап кылынат. Binance фьючерс менен унциянын чакан бөлүктөрүн соода кылууга мүмкүн болгондуктан, чакан капитал менен баштоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.

3. Леверидж

Фьючерс келищимдери соодагерлерге аз капитал (маржа) менен чоң позицияларды башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Леверидж активге жана базар шарттарына жараша өзгөрөт, бирок ал капиталды эффективдүү пайдаланууга жардам берет. Мисалы, 10x леверидж колдонсо, соодагер болжол менен $1 000 маржа менен $10 000 суммалык алтын келишимин башкара алат.

Каржылоо көрсөткүчтөрү деген эмне

Криптовалюта фьючерстери боюнча жаңы колдонуучулар үчүн каржылоо көрсөткүчү түшүнүгү башында татаал көрүнүшү мүмкүн, бирок чындыгында бул абдан жөнөкөй. Фьючерс келишимдеринин мөөнөтү эч качан бүтпөйт (сиз аларды каалаганча кармап тура аласыз), ошондуктан система келишимдин баасын алтындын реалдуу баасына жакын сактоонун жолун табууга муктаж.

  • Каржылоо төлөмү: бул соодагерлер (сатып алуучулар жана саткандар) арасында бир нече саат сайын алмашылуучу төлөм. Эске салсак, бул биржага төлөнүүчү акы эмес.

  • Мүмкүнчүлүк: Эгерде каржылоо көрсөткүчү оң болсо, узун позициялар кыска позицияларга төлөшөт. Эгер терс болсо, тескерисинче, кыска позициялар узун позицияларга төлөшөт. Айрым базар тенденцияларда позицияны кармоо (мисалы, жогорку өсүш сезими бар учурда кыска позиция) соодагерге бул каржылоо акыдан пассивдүү киреше алып келиши мүмкүн.

Тобокелдикти башкаруу

Бул активдерди соода кылуу мурдагыга караганда жеңилирээк, бирок ошол эле учурда акчаңызды тез жоготуу тобокелдиги да жогору дегенди билдирет.

Леверидж тобокелдиги: леверидж көбөйткүч экени эсиңизде болсун. Эгер сиз жогорку левериджди колдонсоңуз, чакан баа төмөндөшү да сиздин бүт эсепти жок кыла алат. Мисалы: Эгер сиз 20x левериджди колдонсоңуз жана алтындын баасы болгону 5% төмөндөсө, сиз акчаңыздын 100% жоготушуңуз мүмкүн. Бул мажбурдуу ликвидация деп аталат.»

Базардагы баанын өзгөрүшү: алтын адатта туруктуу "коопсуз" актив деп эсептелсе да, криптовалюта дериватив базарлары өзгөрмөлүү болушу мүмкүн.

Кантип коопсуздукту сактоого болот

Коопсуздукту сактоо үчүн соодагерлер көп учурда тобокелдикти башкаруу стратегияларын колдонушат, анын ичинде:

  • Мүмкүн болгон жоготууларды чектөө үчүн стратегикалык стоп-лосс буйрутмаларын коюу.

  • Эсептин узак мөөнөттө иштешин камсыз кылуу үчүн позиция өлчөмүн башкаруу.

  • Ашыкча левериджден алыс болуу

Алтын жана күмүштү Binance фьючерсте (Web) кантип соода кылуу керек

1. Өзүңүздүн Binance эсебиңизге кириңиз, [фьючерс] өтмөгүн тандап, андан кийин [USD(S)-M фьючерс] бөлүмүнө өтүңүз.

Эскертүү: бул өнүм кээ бир аймактарда жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн.

Binance Futures криптовалюталардан тышкары салттуу активдерди да кошту. Сиз алтын жана күмүштү XAUUSDT жана XAGUSDT тикерлеринин алдында соода кыла аласыз.

2. Андан кийин, ылдый жагындагы менюну ачып, XAUUSDT (алтын үчүн) же XAGUSDT (күмүш үчүн) тандаңыз.

Бул келишимдер салттуу товардык базарларга салыштырмалуу уникалдуу артыкчылыктарды сунуштайт, анын ичинде 24/7 соода кылуу мүмкүнчүлүгү жана базарга кирүү үчүн төмөн капиталдык талаптар бар.

Бул жана башка келишимдерди [TradFi] бөлүмүндө да таба аласыз.

Ошондой эле сиз левериджди колдонуп, колуңуздагы каражаттан көбүрөөк сумма менен соода кыла аласыз. Бул жогорку киреше алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаса да, ошол эле учурда жоготуулардын көбөйүшүнө да алып келет. Ошондуктан тобокелдиктерди туура башкаруу маанилүү.

3. Төмөнкү оң жакта сиз өзүңүздүн фбючерс балансыңызды текшере аласыз. Эгер баланс нөл болсо, каражат кошуу үчүн [которуу], [криптовалюта сатып алуу] же [своп] функцияларын колдоно аласыз.

Эгер сиз Binance Futures платформасын биринчи жолу колдонуп жатсаңз, сизге биринчи фьючерс эсебин ачуу талап кылынат.

<figure data-block-id=Binance Academy courses banner" naturalWidth="682" naturalHeight="736" fitContent adaptive="0">

Ошондой эле баштоодон мурун сизден фьючерс тестин өтүү талап кылынышы мүмкүн.

Binance Academy курстарынын жарнамасы

4. Даяр болгондо, сиз буйрутма панели аркылуу фьючерс келишимдерин сатып же сатуу үчүн колдоно аласыз.

Киришүү

5. Эгер жогорку оң жактагы [кросс] баскычын бассаңыз же тийсеңиз, сиз кросс режиминен обочолонгон режимине өтө аласыз.

Кросс-маржа режими маржа жана ликвидация деңгээлин эсептегенде, сиздин фьючерс эсебиндеги бардык активдерди жана бардык фьючерс позицияларын эске алат. Бул ачык позициялар ар башка активдерде болсо да, бири-бирине таасир тийгизиши мүмкүн дегенди юилдирет. Мисалы, сиздин алтын позицияңыз күмүш позициясындагы жоготууларды жабуу үчүн ликвидацияланышы мүмкүн, алар ар башка соода жуптарында болсо да.

Обочолонгон маржа режими сизге ар бир позициядагы тобокелдикти белгиленген конкреттүү активге чектөө менен башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Бул сиздин обочолонгон позицияга башка ачык позициялардын өзгөрүүлөрү таасир тийгизбейт дегенди билдирет.

Толугураак маалымат алуу үчүн төмөнкү макаланы караңыз: Криптовалюта мене соода кылууда обочолонгон маржа жана кросс-маржа деген эмне?.

Мурда алтын жана күмүш сыяктуу баалуу металлдар менен соода кылуу негизинен ири каржы уюмдарынын алкагында ишке ашырылып келген. Ал көп учурда жогорку баштапкы капиталды талап кылган жана соода кылуу сааттары чектелген салттуу фьючерс базарларынын татаал механизмдерин талап кылчу. Учурда TradFi активдеринин криптовалюта биржаларына активдүү интеграцияланышы бул активдерди ар кандай деңгээлдеги соодагерлер үчүн жеткиликтүү кылып жатат.

6. Экраныңыздын төмөн жагында сиз позицияларды, ачык буйрутмаларды, буйрутма тарыхын жана башка көптөгөн нерселерди текшере аласыз.

Binance Futures учурда алтын (XAU) жана күмүш (XAG) үчүн келишимдерди сунуштап жатат, бул колдонуучуларга криптовалюта экосистемасына мүнөздүү ийкемдүүлүк жана технологияларды колдонуу менен бул салттуу баалуулук сактоочу активдер менен соода кылууга мүмкүнчүлүк берет. Бул макалада аталган келишимдердин иштөө механизми, алардын салттуу каржы (TradFi) системасына салыштырмалуу артыкчылыктары жана айрым тобокелдиктер каралат.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, сураныч, көп берилүүчү суроолорду караңыз: салттуу активдердеги мөөнөтсүз фьючерстер.

Жыйынтыктоочу пикирлер

Binance фьючерсте XAUUSDT жана XAGUSDT активдердин жуптугун ишке киргизүү салттуу каржы жана криптовалюта чөйрөнүн ортосундагы ажырымды жабууда. Капитал жана соода кылуу сааттары менен байланышкан жалпы тоскоолдуктар жок болгондуктан, Binance фьючерс баалуу металлдарга ээ болуунун ыңгайлуу жолун сунуштайт. Бирок, тобокелдиктерди эске алууну унутпаңыз жана фьючерс соода кылууну баштаардан мурун өнүмдүн иштөө принциптерин толук түшүнгөнүңүзгө текшериңиз.

Кошумча окуу материалдары

Дисклеймер: бул материал сизге "болгондой" негизде, жалпы маалымат жана окуу максатында гана сунушталат, эч кандай түрдөгү көрсөтүлгөн кепилдик же өкүлчүлүк менен камсыздалган эмес. Аны каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары түшүнбөңүз жана белгилүү бир өнүмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында эмес. Сиз тиешелүү кесиптик кеңешчилерден өз алдынча кеңеш алышыңыз керек. Эгер макала үчүнчү тараптын автору тарабынан берилсе, анда айтылган пикирлер ошол авторго таандык болуп, Binance Academy'нин көз карашын сөзсүз чагылдырбайт. Сураныч, толук маалымат үчүн биздин толук жоопкерчиликтен баш тартуу баракчасын караңыз. Санарип активдердин баалары туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн жана салынган сумманы кайтарып ала албай калышыңыз ыктымал. Инвестициялык чечимдер үчүн жоопкерчилик толугу менен сизге таандык, жана Binance Academy бул жаратуулардан келип чыккан жоготууга жооптуу эмес. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин колдонуу шарттарын, тобокелдик эскертүүлөрүн жана

Binance Academy шарттарынкараңыз.