Негизги өзгөчөлүктөрү
Binance көндүмдөрү ЖИ агенттерге ачык Binance базар маалыматтарын алуу жана Web3/токен анализин жөнөкөй табигый тилдеги сурамдар менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Көптөгөн суроолор үчүн API ачкычы талап кылынбайт.
Эсеп функцияларын жана спот соода кылууну иштетүү үчүн Binance API ачкычтарын кошуу зарыл. Баштоо үчүн сынама блокчейн тармагын колдонуп, андан кийин негизги тармакка өтүү сунушталат.
Негизги тармакта соода кылуу күчөтүлгөн коопсуздукту талап кылат: IP чектөөлөрүн коюу, минималдуу уруксаттарды колдонуу (чыгарып алууларга уруксат жок), жана мүмкүн болсо чектелген каражаттары бар суб-эсеп ачкычтарын колдонуу.
Ички коопсуздук функциялары (ачкычты жашыруу жана соода кылуунун алдында "ТАСТЫКТОО" баскычын талап кылуу) тобокелдикти азайтууга жардам берет. Бирок сиз дагы да болсо хост түзмөгүңүздү коргоп, API ачкычтарды үзгүлтүксүз алмаштырып турушуңуз керек.
Киришүү
Binance көндүмдөрү бул Web3/соода кылуу көндүмдөр топтому болуп саналат жана ал OpenClaw, Claude Code, Codex жана Gemini CLI сыяктуу автономдуу AI агенттер үчүн түзүлгөн.
Туура аткаруу чөйрөсүнүн конфигурациясын колдонуу менен бул көндүмдөр сиздин ЖИ агентке төмөнкүлөрдү аткарууга мүмкүндүк берет:
Binance'тын чыныгы убакыттагы базар маалыматтары тууралуу үйрөнүү
Блокчейн/токен анализин жүргүзүү
Токендин коопсуздугун текшерүү
Спот эсеби/соода кылуу аракеттерин аткаруу (API ачкычтары менен).
Бул колдонмо эки бөлүктөн турат:
1-бөлүм: көндүмдөрдү орнотуу жана ачык булактуу базар маалыматтарын изилдөө (API ачкычы талап кылынбайт).
2-бөлүм: эсеп/соода кылуу аракеттерине API маалыматтарын кошуу (API ачкычы талап кылынат).
1-бөлүм: көндүмдөрдү орнотуу жана ачык булактан алынган базар маалыматтарын колдонуу (API ачкычы талап кылынбайт)
1. Binance көндүмдөрү функциясын кантип орнотуу керек
Binance көндүмдөрү функциясын орнотуу абдан жөнөкөй. Эгер сиз AI агентти командалык сап (CLI) же чат терминал аркылуу колдонуп жатсаңыз, төмөнкү сурам менен агентке көрсөтмө бериңиз:
Install Binance Skills for me. Please run the command: npx skills add binance/binance-skills-hubАгент расмий көндүм топтомдорун жүктөп алат жана аларды өзүнүн иштөө эс тутумуна кошот.
Же аны төмөнкүдөйтүз эле терминалдан иштетсеңиз болот.
npx skills add binance/binance-skills-hubКөрсөтмөлөрдү аткарыңыз жана сизге жаккан орнотуу ыкмаңызды тандаңыз.
Эскертүү: көндүмдөрдү орноткондон кийин ЖИ агентти кайра иштетүү сунушталат. Кайра иштетүүдөн кийин да, ЖИ агент жаңы орнотулган жөндөмдөргө жетүү үчүн бир аз убакыт талап кылынат.
Ошондой эле, агентке “Сенде кандай жөндөмдөр бар?” деген суроону берүү менен жеткиликтүү көндүмдөрдү көрө аласыз.
2. Баштоо: коомчулукка ачык акыркы чекиттер мисалдары
Орнотуу бүтөөрү менен, сиз ЖИ агентке табигый тилде суроо берип, татаал базар маалыматын ала аласыз. Базар маалыматтары үчүн Binance коомчулукка ачык акыркы чекиттер жетиштүү (API ачкычтарынын кереги жок).
Промпт мисалдары:
Акыркы 24 саатта Binanc'та эң чоң өсүшк көрсөткөн 3 USDT соода жупун тап.
Бүгүнкү эң популярдуу токендерди жана смарт-акча агымдарын көрсөт.
BSC же Solana тармактарында [токен/келишим] үчүн токен коопсуздук аудитин жүргүз.
BTC'нин чыныгы убакыттагы базар маалыматтарын ал жана акыркы R сызыгы жүрүм-турумун кыскача баянда.
OpenClaw колдонуучулары үчүн маанилүү эскертүү
Эгерде сиз OpenClaw колдонуп жатсаңыз жана агент көндүмдөр орнотулгандарына карабастан спот/ачык суроолорду аткара албай жатканын айтса, курал профилин текшериңиз:
openclaw config get tools.profile Эгерде "жазылууда" деген билдирүү алсаңыз, анда иштөө чөйрөсүн аткаруу же тармактык куралдар көрсөтмө негизиндеги көндүмдөр үчүн жетишсиз болушу мүмкүн. Муну оңдоо үчүн, иштөө чөйрөсү куралдарын колдонууга уруксат берген профилге өтүңүз (же атайын соода кылуу агентин колдонсоңуз болот).
Сунуштайбыз: негизги билдирүү агентин чектеп, базар операциялары үчүн өзүнчө соода кылуу/сынама агентин колдонуңуз. Агенттин курал профилин алмаштыруу үчүн төмөнкү буйруктарды колдонуңуз:
openclaw config set tools.profile coding openclaw gateway restart Мындан тышкары, төмөнкү промпт мисалдарын да колдонуп көрө аласыз:
Базар рейтинги: "бүгүнкү криптовалюта базар рейтингдерин сурап бил. Эң популярдуу токендерди жана смарт-акча кирүүлөрүн көрсөт."
Токен коопсуздук аудити: "[Токендин аты/келишимдин дарегин киргизиңиз] үчүн токен аудитин жүргүзө аласыңбы? BSC же Solana тармактарында кандайдыр бир алдамчылык же зыяндуу келишим функциялары бар-жогун текшерип бер."
Тезникалык анализ: "BTC'ни издеп, реалдуу убакыттагы базар маалыматтарын ал. Акыркы R сызыгы шам диаграммасынын графиктери боюнча кыскача маалымат түз."
2-бөлүк: API ачкычтарын конфигурациялоо жана практикалык соода кылуу
Ачык булактуу маалыматтар абдан пайдалуу болсо да, ЖИ агенттин чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн аутентификация зарыл. Эгер AI'дан так маалыматтарды текшерүүнү кааласаңыз, API ачкычтарын конфигурациялоо керек. Бул AI агентке төмөнкүдөй тапшырмаларды аткарууга мүмкүндүк берет:
Сиздин эсеп балансыңызды текшерүү
Жеке буйрутма тарыхын суроо
Спот буйрутмаларды жайгаштыруу/жокко чыгаруу
1. Binance API ачкычтарын алуу
Сынама блокчейн тармагы (жаңы баштагандар үчүн сунушталат)
AI'дын базар API'лери менен иштөөсүн үйрөнүп жатсаңыз, Binance сынама блокчейн тармагынан баштоо сунушталат. Леверидждүү соода кылуу жана автоматташтырылган операциялар, эгер AI сурамды туура эмес түшүнсө, эсептеги каражаттарды тез чыгарып салышы мүмкүн.
Binance спот сынама блокчейн тармагына өтуңүз.
GitHub эсебин колдонуу менен кириңиз.
Сизге автоматтык түрдө API ачкычы жана купуя ачкычы берилет.
Эскертүү: сынама блокчейн тармагы сизге симуляцияланган виртуалдык каражаттарды берет. Мында чыныгы активдер катышпайт, бул аны сынап көрүү үчүн мыкты кылат.
Негизги тармак (жандуу соода кылуу үчүн)
Агенттин жүрүм-туруму сизди канааттандырган учурда, негизги тармакка өтүү сунушталат.
Binance эсебиңизге кириңиз.
Профиль → API башкарууга өтүңүз.
API түзүү баскычын басып "системаны генерациялоону" тандаңыз.
Маанилүү кадам: API ачкычыңыз үчүн "спот жана маржа соода кылуу" функциясын иштетүү үчүн, биринчи IP чектөөлөрүн конфигурациялоо керек. Binance, соода кылууну которуудан мурун, жок дегенде бир ишенимдүү IP даректи ак тизмеге кошууну талап кылат.
Коопсуздук ырастоосун аяктагандан кийин, API ачкычыңызды жана купуя ачкычыңызды көчүрүңүз.
Мыкты парктикалар: API боттору үчүн эч качан негизги эсепти колдонбоңуз. Анын ордуна суб-эсеп түзүп, андан API ачкычтарын чыгарсаңыз болот. Бул суб-эсепке чектелген баланс кошуңуз жана агенттин соода кылуу ачкычтары үчүн чыгымдарды иштетпеңиз. Бул AI мүмкүнчүлүктөрүн чектейт жана негизги портфелге каалабаган таасирлерди алдын алат.
2. API ачкычтарын сиздин агентте конфигурациялоо
Ачкычтарыңызды түзгөндөн кийин, аларды ЖИ агентке бере аласыз.
I want to configure my Binance API. Here are my mainnet keys. API Key: [Your Key] Secret Key: [Your Secret]ЖИ бул маалымкаттарды талдап, жергиликтүү TOOLS.md же ага барабар конфигурациялык файлда сактайт. Сиз бир нече эсепти бир учурда жөндөй аласыз (мисалы: стратегияларды сыноо үчүн бир сынама блокчейн тармагы эсебин жана жандуу аткаруу үчүн бир негизги тармак эсебин сактоо).
Ички ачкычтын коопсуздугу
Сиздин каражаттарды коргоо үчүн, расмий Binance спот көндүмү катуу "Агенттке ишенбөө принциби" коопсуздук чараларын камтыйт:
Жашыруу: API ачкычынын биринчи 5 жана акыркы 4 символу гана көрсөтүлөт (мисалы, su1Qc...8akf). Купуя ачкыч дайыма жашырылган болот, анын акыркы 4 символу гана көрүнөт (мисалы, *...aws1).
Адам көзөмөлүндөгү процесс: негизги тармактагы кандайдыр бир сооданы аткаруудан мурун, AI токтоп, сизден "ТАСТЫКТОО" деп жазууну талап кылат.
Жергиликтүү сактоо: ачкычтар толугу менен сиздин жергиликтүү түзмөгүңүздө сакталат жана AI'дын өздүк булут серверлерине же башка сырткы базаларга эч качан жүктөлбөйт.
3. Соода кылуу мисалдары
Ачкычтарыңызды жөндөп бүткөндөн кийин, ЖИ агентиңиз сиздин жеке соода борборуңуз катары иштей алат. Көлөм анализин аткаруу буйруктары менен бириктирип көрүңүз:
Баланстарды текшерүү: "Binance спот капчыктагы балансымды текшерип бер. Канча USDT жеткиликтүү экен?"
Спот соодасын жайгаштыруу: "0,1 BNB'ни базар баасында сатып ал."
Буйрутмаларды башкаруу: "акыркы 24 сааттагы буйрутмаларымдын тарыхын текшерип, жалпы PnL тууралуу кыскача маалымат бер."
OCO буйрутмасын жайгаштыруу: "BNB позициясы үчүн 20% тейк-профит жана 20% стоп-лосс кирүү баасы менен OCO буйругун жайгаштыр."
Көп берилүүчү суроолор (FAQ)
Суроо: эгер мен сурамда ката кетирип, акча жоготуп алсам эмне болот?
Жооп: дайыма биринчи сынама блокчейн тармагын колдонуңуз! Сынама блокчейн тармагы симуляцияланган каражаттарды камсыз кылат, бул сизге каржы тобокелдиги жок эркин машыгууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, AI'га эч качан жоготууга даяр болбогон каражаттарга жеткиликтүүлүк бербеңиз. AI моделдер кээде жаңылыш чечмелеп же базар түзүмүн туура эмес түшүндүрүшү мүмкүн.
Суроо: менин API ачкычтарым ЖИ аркылуу ачыкка чыгып кетиши мүмкүнбү?
Жооп: API ачкычтар сиздин түзмөгүңүздүн файлдарында локалдуу сакталат. Бирок, системанын коопсуздугу үчүн сиз жоопкерчиликтүүсүз. Тобокелдикти азайтуу үчүн төмөнкү эрежелерди аткарыңыз:
IP чектөөлөрүн иштетиңиз: API сурамдарына үйүңүздүн же сервериңиздин туруктуу IP дарегинен гана кирүүгө уруксат бериңиз.
Уруксаттарды чектеңиз: API ачкычты түзүүдө "чыгарып алууну иштетүүнү" эч качан тандабаңыз. AI үчүн соода кылуу уруксаты гана жетиштүү.
Ачкычтарды үзгүлтүксүз жаңылаңыз: ар бир 30 күндөн баштап 90 күнгө чейин эски ачкычтарды өчүрүп, жаңыларын түзүңүз.
Хостту коргоңуз:ЖИ агент иштеп жаткан түзмөктө зыяндуу программалар жок экенин текшериңиз, анткени маалымат уурдоочу программалар локалдуу сакталган API ачкычтарын уурдоого аракет кылат.
Жыйынтыктыктоочу ой-пикирлер
Binance AI агент көндүмдөрү ачык маалыматтардан баштап, андан кийин аутентификацияланган аракеттерге өтүп, AI жардамчыны практикалык криптовалюта изилдөө жана соода кылуу жардамчысына айлантат. Биринчи сынама блокчейн тармагында сынап, API уруксаттарын коопсуз жөндөп, автоматташтырууну этияттык менен колдонуу сунушталат.
Кошумча окуу материалдары
Жоопкерчиликтен баш тартуу: бул материал сизге кандай болсо ошондой негизде, жалпы маалымат жана окуу максатында гана сунушталат, эч кандай түрдөгү көрсөтүлгөн кепилдик же өкүлчүлүк менен камсыздалган эмес. Аны каржылык, юридикалык же башка кесиптик кеңеш катары түшүнбөңүз жана белгилүү бир өнүмдү же кызматты сатып алууну сунуштоо максатында эмес. Сиз тиешелүү кесиптик кеңешчилерден өз алдынча кеңеш алышыңыз керек. Эгер макала үчүнчү тараптын автору тарабынан берилсе, анда айтылган пикирлер ошол авторго таандык болуп, Binance Academy'нин көз карашын сөзсүз чагылдырбайт. Санарип активдердин баалары туруксуз болушу мүмкүн. Сиздин инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн жана салынган сумманы кайтарып ала албай калышыңыз ыктымал. Инвестициялык чечимдер үчүн жоопкерчилик толугу менен сизге таандык, жана Binance Academy бул жаратуулардан келип чыккан жоготууга жооптуу эмес. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин колдонуу шарттарын, тобокелдик эскертүүлөрүн жана Binance Academy шарттарын караңыз.